КИТЕП ОКУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖОЛДОРУ

“Китеп окусам андагы маалыматтарды эртеси эле унутуп коём”. Учурда мындай сөздү көпчүлүк жаштардан угабыз. Төмөндө өзүңүзгө жаккан китепти тандоо, китептен окуганыңызды эсиңизде сактап калуу үчүн маалымат беребиз.

  • Китептин сизге керектүү экенин аныктоо үчүн анын алгачкы 50 бетин окуу жетиштүү.
  • Китепти окуп баштаганга чейин аны менен толук таанышып алыңыз: автору, китептин мазмуну менен таанышыңыз. Муну менен сиз китепти окуу максатыңызды, кайсы учурларга басым жасашыңыз керектигин аныктай аласыз.
  • Китепти колуңузга калем кармап алып, сизге керектүү маалыматтардын астын чийип, белгилеп окуганыңыз туура. Бул сизге керектүү маалыматтардын эсиңизде сакталышына жардам берет. Астын чийип алган жерлерин кайталап окуп коюу ашык болбойт.
  • Бир сааттан кем эмес жана бир күндө 30 барактан аз эмес окууга аракет кылыңыз. Бул эс-тутумуңуздун жакшырышына алып келет.
  • Ар кимдин өзүнө жаккан жанры бар. Бирок бир жанрды кайталап окуй берүү, мисалы, дайыма детектив романдарды окуй берсеңиз, ушул эмоция менен гана жашап каласыз да, кийин шаңдуу китептер да сизге кубаныч сезимин тартуулай албай калат. Андыктан жанрларды аралаштырып окуу сунушталат.
  • Китеп окуганда эсиңизде калган цитаталарды, ойлорду, китеп тууралуу ойлоруңузду дептериңизге жазып туруңуз. Кааласаңыз, социалдык тармактардан бөлүшүп туруңуз. Муну менен сиз ал цитаталарды, ойлорду көпкө эсиңизге сактай аласыз. Ошол эле учурда жаңы идеялар келиши мүмкүн.

Жолдубек Качкынбаев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Assalomuallekum
2020-09-04 19:34:33
Буйруса жакында китеп окуй баштайм Курандан,башка темада ж,б жөнүндө буйруса
+1
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан