Репортаж
Сулуу, сүрдүү жана сырдуу кыздар. Сулуулугу – алардын табият тартуулаган келбети, сүрдүүлүгү – алардын кийими, сырдуулугу – кыска-нуска сүйлөп, оңой менен ачыла бербеген сапаты. Бул баш калаабыздагы жол эрежесин сактаган МАИчи кыздарга тиешелүү. МАИ учурда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы деп аталат. Бирок биз көпчүлүккө маалым болгон МАИ деген аталышта берүүнү туура көрдүк.
“ЖУМУШУМДАН ЧАРЧОО ЧОҢ ЫРАХАТ ТАРТУУЛАЙТ”
Бул кесипти аркалагандарды таң эрте сайраган булбул менен тең ойгонот десек болот. Дегенибиз, МАИнин кыздары 07:00дө иш ордунда болуп калышты. Демек, андан да эрте турушат. Кыздар взводунун командири Дамира Турсуниязова келгендерди белгилеп, аларды бул күндүн планы менен тааныштырды.
Тапшырма алышкан соң экиден болуп өз ордуларына таркап кетишти. Биз болсо командирдин машинасына отуруп, Жукеев Пудовкин-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде турган Нурзат аттуу адаш кыздарды көздөй жол тарттык. Жолдо командир менен маектештик.
– Дамира айым, иш күнүңүз кандай башталды?
– Жакшы. Башка күндөн өзгөчөлөнүп, журналисттердин күбөсүндө наряд өткөрдүк.
– Катарда тизилип 10 кыз турду. Ушунча эле иштейби же дагы барбы?
– Жок. Бизде баш-аягы18 кыз иштейт. Учурда алардын экөө декреттик эс алууда. "Жылмакай график" деп коёт, өз ара бөлүшүп, эки күндөн эс алабыз. Келбей калгандары – дем алышта жана ден соолугуна байланыштуу ишке чыга албагандар.
– Бардык эле каалоочу кыздарды бул ишке ала бербесеңиздер керек...
– Албетте. Башкы талап – билим. Дагы башка талаптар бар. Мисалы, бою 180 сантиметрден жогору болуш керек. Спорт менен машыккан, рулду башкарууну билген жана башка. Чындыгында жумуш оор. Көпчүлүк айткандай, айымдарга тиешелүү кесип эмес. Бирок бизде эркектерден кем эмес, тескерисинче, ашыкча иштеген кыздар катарыбызда.
– Жумуш эмнеси менен оор?
– Оор деп жалпылап айттым окшойт. Бир мен үчүн оорчулук деле сезилбейт. Ар бир адам өзүнүн жумушун сүйсө, сыйласа, анын оорчулугун, кыйынчылыгын сезбейт окшобойбу. Ишенсеңиз, ошол оор жумушту аркалоо мага чоң ырахат тартуулайт.
– Командир болгон соң жоопкерчилик да чоң болсо керек...
– Ооба, жоопкерчилик чоң. Кыздар менден үлгү алышат. Мен ал үчүн өзүмдү татыктуу алып жүрүшүм керек. Жүрүм-турумум, алар менен иштеше билгендигим, баары сабак болуш керек. Булардын баары менин үй-бүлөмдөй. Пайда болгон маселени бирге чечебиз. Кыздардын жүрүм-турумуна мен жооп берем. Ал эми алар менин ишеничимди актай билишет.
– Кыздардын сырткы келбети кандай болушу шарт?
– Кийимди таза, үтүктөп кийүү. Чач тыкан таралып, түйүлгөн болуусу шарт. Ашыкча аксессуар тагынбоосу керек. Ошондой эле тырмакты орсойтуп өстүрүүгө да болбойт.
Аңгыча болжогон жерге да жетип келдик. Кыздар кызуу ишке киришкен экен. Нурзат Арзымованы жол жээгине чакырып, кепке тарттык.
– Нурзат, дайыма адашың менен бирге турасыңбы?
– Жок. Ар күнү иш ордубуз жана шеригибиз алмашып турат.
– Жумушуңдун эмнесинен ырахат аласың?
– Жол эрежесин бузган айдоочулар өтө көп. Мына ошолорду тартипке чакырып, болсо айып жазып жазалоодон ырахат алам.
– Бул балалыгыңдан бери самаган кесибиңби?
– Анжелина Жоли сыяктуу актриса болуп, тасмада роль жаратып жылдыз болууну самачумун. Бирок убакыттын өтүшү менен кыялым өзгөрдү. Эми погондо жылдыздардын көбөйүүсүн тилек кылам.
"Кыялыңыз орундалсын" деп биз маегибизди эми Нурзат Разакова менен уланттык.
– Нурзат, МАИнин кызматкери болуу айымдарга тиешелүү эмес кесип делинет, сенин оюң...
– Негизи, бул кесипке аралашкан кыздардын мүнөзү өзгөрөт. Созулуу, чоюлуу деген жок. Башкача айтканда, эркектерден эч айырмаң жок болуп калат. Бирок ар бир адам өзүнүн кесибин өзү тандайт. "Бул айымдардын, бул мырзалардын кесиби" деп бөлүнгөнү менен, оор кесип болсо да сүйүп, мыкты өздөштүрүп кетүүгө неге болбосун?
Кыздарды көпкө кармабай, кийинки иш ордунда турган биздин формачан сулуулар менен таанышканы жол тарттык. Унаада маегибизди командир Дамира менен уланттык.
– Айдоочулар ар кандай болушат. Арасында сылыгы да, орою да бар. Сөгүп кеткендер да болсо керек. Андай учурларда кантесиздер?
– Туура айтасыңар, айдоочулар ар кандай. Бирок биз баарына чыдайбыз. Чыдайбыз дегенде кандай? Бизге бекеринен психологияны окутпаса керек. Машинадан түшкөн айдоочунун жүзүн карап эле эмне деп айтарын билебиз. Башкача айтканда, психолог болуп бүттүк. Агрессивдүү айдоочулар жини менен сүйлөп алышса, биз эмоцияга алдырбай, айтор, жолун таап, чыр-чатаксыз чечүүгө аракеттенебиз. Эркек башы менен маселесин айткандарды жаман көрөм. Ар кимде чечилбеген маселе бар да. Анан "ай, байке, меникин айтсам, бул жерде турбай каласыз" деп токтотом. Бирөөнүн көйгөйү кимге кызык, туурабы?
– Ооруканага жакынын шашылыш түрдө алып бара жаткандарды да кармап, документин текшерип тура бересиздерби?
– Жок, эми баарыбыз адамбыз да. Анчалык таш боор эмеспиз. Түшүнүүгө болот. Адамдын чын эле туталанып турганын жүзүнөн көрөсүң. "Экинчи мындай кылбаңыз, жол кырсыгына кабылышыңыз мүмкүн" деп түшүндүрүп, анан коё беребиз.
– “Чоң кыз” деп жымыңдап тийишкен айдоочуларга кандай жооп узатасыздар?
– Каардуу үн менен документин сураганда кайпалактап калышат. Андайлар күнүнө ондоп кезигет. “Дай повод”, болду кетти. Бизди көбүнчө "аябай сүрдүүсүңөр" дешет. Мүмкүн. Бул – жумушубуздун талабы. Бирок ошол эле учурда жылмая сүйлөгөндү да билебиз.
Кызуу сүйлөшүп келе жатып Абдырахманов-Кулатов көчөсүнө келгенибизди байкабай калган экенбиз. Ал жерде турган МАИнин кыздары эрежени бузган айдоочу менен алышып жатышкан көрүнөт. Сырттан байкасак, унаасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн токтотулган экен. Командир барып: “Алдыңкы терезеге чапталган күңүрт клеёнканы азыр сыйры же мен сыйрып берем”,- деп каардуу үнү менен айтты. Айдоочу бир топко чейин макул болбоду. Бирок акырында сыйрыды. МАИ кызматкерлери айып жазылган кагазды колуна карматып, төлөп келүүгө жөнөтүштү. Ошол жерде кыздар менен таанышууга үлгүрдүк.
– Гүлназ, күндө ушундай ызы-чууга кабыласыңарбы?
– Ооба, биз мындайларга көнүп калганбыз.
– Жумушуңдун эмнеси жагат жана эмнеси жакпайт?
– Ушундай атайын форма кийгениме сыймыктанам. Форма үчүн ушул кесипти тандагам десем болот. Ал эми жакпаган жерин таба албадым. Бул, мүмкүн, ишимди ушунчалык сүйгөндүгүмөн улам болсо керек.
– Учурда эмнени абдан самап жүрөсүз?
– Биринчиден, жакшылап уктоону (күлүп). Уйкум канбай жүрөт. Анан машиналуу болууну. Toyota Corolla үлгүсүндөгү машина аябай жагат. Бирок андай кыялга жетүү мен үчүн азырынча жомоктой туюлат.
– Калия, саат 16:00гө чейин иштейт экенсиңер. Андан кийинки убактыңарды эмнеге жумшайсыңар?
– Ар күнү ар кандай. Көбүнчө машыгуу залына барабыз. Биз дайыма формада болушубуз керек да. Бассейнге да барып турабыз.
Абдрахманов-Москва көчөсүндө турган кыздар менен да таанышууга шашылып, бул жердеги кыздарга ийгилик каалап, командир менен машинада маегибизди уланттык.
– Кыздар кайсы жерде эс алышат? Жарандык кийим менен кайсы жайлардан кезиктирүүгө болот?
– Айтпайм (күлүп). Эл катары майрамдарда чогулуп кафеге барабыз. Бирок көп учурда таанып, тынчыбызды алышат. Шаардын ызы-чуусунан, түтүн жыттанган абасынан ушунчалык тажайсың. Ошондо чогулуп тоого барабыз.
– Кыздардын көбү бойдок экен. Бүлөлүү болгондо бул ишти алып баруу оорчулукту туудурса керек?
– Жок, мен үчүн эч кандай оорчулук туудурган эмес. 14 жылдан бери жолдошум экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп эле жашап келебиз. Башында кызганыч сезим болчу. Азыр ишеним күчтүү. Ортобузда эки балабыз бар. Улуусу 6-класста окуп калды.
Айтылуу жерге жеткен соң унаадан түшүп, иштеп жаткан кыздарды кепке тарттык.
– Жаңы эле бир машина сигнал берип өттү. Мындай учур күндө эле болсо керек. Сурайын дегеним, сүрдүү, ошол эле учурда сулуу МАИчи кыздар кандай жигиттерди жактырышат?
– Сигнал берип тийишип, ышкырып өткөндөргө көнүп деле калдык. Көңүл бурбайбыз. Ал эми жигиттер тууралуу айтсак, биздин боюбуз узун болгондуктанбы, бойлуу жигиттерди жактырабыз. Жеке мага органдагы жигиттер жага бербейт, себеби алардын сыры бизге жакшы маалым. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй, сыйлаганды билген, кыялкеч жигиттер жагат.
– Элнура, атактуулардын кимиси "колго" көп түшөт?
– Саясатчыларды атабай эле коёюн. Ал эми ырчылардан Сема, Ома, Анжелика, Зарина Хасанова деген ырчылар көп түшүшөт.
Командир Дамира айымдан дагы кайсы жерде кыздар турушарын сураганыбызда эки тилке калганын айтты. Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыздарга тез эле жетип бардык.
– Элмира, бош убактыңызда эмне менен алек болосуз?
– Атамдын жолун жолдоп бул кесипке ээ болдум. Анын ыр жазуу таланты мага да жугуп калды көрүнөт, ыр жазам. Атам китебин чыгарууну самап жүрүп көзү өтүп кетти. Эми мен анын ырларына өзүмдүкүн кошуп, китеп чыгарууга камынып жүрөм.
– Наргиза, Нургүл, ар кандай айдоочуну көрдүм. Учурдан пайдаланып, аларга эмне деп кайрылат элеңиздер?
– Ар бир адам өзүнүн коопсуздугун ойлосо. Унааны шашкалактабай айдаса (кыздар чогуу жооп беришти).
"Жогорку Кеңештин арт жагында жалгыз кызыбыз бар" деген командир бизди ошол жакка алып жөнөдү. Жолдо бара жатып: “Кыздардын жарымы ИИМдин академиясында сырттан окушат. Көбүнчөсүнүн экиден билими бар. Ар жумада дене тарбиядан экзамен тапшырып турушат”,- деп айтып берди. Аңгыча акыркы МАИчи кызга жеттик.
– Жылдыз, туулган күндөрдү чогуу белгилейсиңерби?
– Ар кандай. Бирок ортодо акча чогултмайыбыз бар. Баарыбыз азыр күмүш сөйкө белекке алып жатабыз, окшош кылып.
Жаңы сүйлөшүп баштаганда командир башчысына чакыруу келди. Биз коштошуп, Дамира айым менен жөнөдүк. Чакырган жерге жетип барсак, машина кагышкан экен. Биз жолтоо болбойлу деп коштошуп, ишке кайттык. Ал эми кыздар жол коопсуздугун күзөтүп калышты.
МАИчи КЫЗДАРДАН КЫЗЫКТУУ ОКУЯ
– Негизи, айдоочулук күбөлүгүн алдырбоо үчүн айдоочулар актёр эле болушат. Бир жолу ЗИЛ айдаган айдоочуну тоскон элек. Документин сурасак эле түшө калып төшүн каккылап, маймылдай болуп: "А-а-а, мен Ооган ардагеримин, а-а-а, мени жегиле",- дейт жүрөк түшүрө кыйкырып. Анда биздин кыз өзүндөй жооп берип: “А-а-а, документиңизди бериңиз”,- деди. Тиги коркуп кетип документти берди да: “У-у-у, мени жегиле, мен башымдан ок жегем, мени коё бергиле",- деп боорду эзген.
– Машинаны токтотсок, айдоочу түшөрү менен: "Тойго кечигип жатабыз. Карындаш, коё берчи?!"- дейт. Биз болбой, тиешелүү документин текшерип киргенибизде унаадан аялы чыгып: "Ай, “похоронго” баратабыз десең кыздар тез коё берет эле го",- десе болобу?..
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
МАИчи КЫЗДАРГА КЫЗЫГАСЫЗБЫ?
Бакыт,
43 жашта, мугалим:
– МАИчи кыздар Абдырахманов көчөсүндө турушат. Алардын турганы бир гана жол коопсуздугун сактабастан, көчөнүн көркүнө көрк кошот. Аларды алыстан көргөндө ылдамдыкты жайлатып калам. Маанай сонун болуп турганда сигналды бир басып өтүп кетем.
Тата Улан,
30 жашта, ырчы:
– Жок, кызыкпайм. Машинам жок болсо кантип кызыгам? Аларга ишим түшкөн эмес, көңүл деле бурбаптырмын. Эми бул алардын кесиби, аткарган иши да. Анан тааныштарымдан алар такыр пара албайт деп угуп, жакшы экен деп кубанып коём.
Мирлан Асеков,
25 жашта, спортчу:
– Албетте (күлүп), менимче, кызыкпаган мырза жок болсо керек. Кыздар форма кийип зыңкыйып көчөдө турушса, мага ушунчалык сулуу көрүнүшөт. Анан кантип кызыкпай коёсуң? Кийген формасы да аябай жарашат. Кыргызымдын ушундай кыздарын карап суктанып, сыймыктанып коём.
Азамат Эркинбаев,
27 жашта, ди-джей:
– Кызыкканда да аябай да. Арасында жылдыздуу кыз бар, аябай жагат. Бир жолу атайын колуна түшүп, телефон номерин сурасам бербей койгон. Ушул күнгө чейин ала албай келем. Кээде башка жакка бара жатсам да, атайын ошол кызды көрүү үчүн машинамды Абдырахманов көчөсү менен айдап өтөм.
Азат,
24 жашта, айдоочу:
– Суйкайган сулуу кыздар форма кийип алып көчөдө турушса, кантип кызыгып карабайсың? Аябай кызыгам. Досторум менен өтүп баратып сөзсүз ышкырып, кыйкырып, тийишип өтөбүз. Анан алардын сүрдүүлүгү аябай жагат. Бир караган көз карашы тим эле катарга тизип койчудай го...
Алибек,
30 жашта, айдоочу:
– Беш жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Жол эрежесин мыкты билгендиктенби, айтор, МАИчилерге түшпөйм деле. Бирок кээде МАИчи кыздын жолдо турганын көрүп, бул салтымды бузгум келип кетет. Шылтоо кылып таанышып, алар менен сүйлөшүү кандай болору кызыктырат.
Нургазы,
46 жашта, журналист:
– Билишимче, МАИчи кыздардын пайда болгонуна эки жылдын жүзү болду. Башында жаңылык эле, азыр болсо алардын турганы мени кызыктырбайт. Бара-бара баарына кадимки көрүнүштөй туюлса керек.
Бактыгүл Сокушова