МАНАСЧЫ ЖАНА АКЫНДАР АК ӨРГӨӨЛҮҮ БОЛУШТУ

Кыргыз Эл артисти Табылды Актанов, манасчы Азиз Биймырза уулу жана акындар Эсенбек Кийизбаев, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу Ысык-Көл жээгинен ак өргөөлүү болушту.

– Бул бизге күтүүсүз белек болду. Мындай чоң сыйлыкка ээ болом деп күткөн эмесмин. Менден улуу канчалаган манасчылар бар. "Айкөл-Аян" коомдук фонду тарабынан манасчы, акындарга Тоң районунун Кажы-Сай айылынан батир белек кылышты. Улуу муундан Кыргыз Эл артисти Табылды Актановду 70 жылдык юбилейи менен куттуктап ага 70 баш боз үй жана 3 бөлмөлүү батир белек кылышты. Ошондой маданиятка кошкон салымы үчүн төкмө акындар Эсенбек Кийизбаевге, Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна, жаш манасчылардан мага 2 бөлмөлүү батир беришти. Үйдүн документтерин тууралап колубузга тапшырышты,- дейт манасчы Азиз Биймырза уулу.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tymar
2020-08-31 11:48:16
Кут болсун. Тенирим колдосун сиздерди.
-3
Sa89ai
2020-08-31 22:57:10
Tymar,чокун
+1
Sa89ai
2020-08-31 22:56:24
Жагымсыздар
0
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан