"КАВАСАКИ СИНДРОМУНА ДАЯР ТУРУШУБУЗ КЕРЕК". Дарыгерлер учурда балдар ооруп жаткан дарт тууралуу эскертишет

Учурда дүйнө жүзүндө балдардын Кавасаки синдромуна кабылуусу көбөйүп жатат. Бул дартты коронавирус инфекциясы чакырат деп божомолдонууда. 2020-жылдын 24-августуна карата Казакстанда коронавирус менен коштолгон Кавасаки синдромуна 16 бала чалдыкты. Адистер "Кыргыз өлкөсү да даяр турушу керек" деп жатышат. Макалада аталган синдромдун коркунучу, илдетти кантип айыктырып, кантип анын алдын алууга болору тууралуу айтып беребиз.

КАВАСАКИ СИНДРОМУ

Кавасаки синдрому – курч кармоочу, калтырап-титирөө менен коштолчу, негизинен 2 айдан 5 жашка чейинки балдарда кездешчү оору. Айрым маалыматтарда бул дарт менен жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта 14 жашка чейинки балдар ооруйт деп айтылат. Спорт менен активдүү машыккан, кара жумушту көп жасаган өспүрүмдөрдө синдром жүрөк оорусу катары кездешет деген окумуштуулар да бар. Кавасаки синдромун 1967-жылы япониялык педиатр Томисаку Кавасаки ачкан. Ошондон улам оору анын фамилиясын алып жүрөт. Синдром Азия өлкөлөрүндө көбүрөөк катталат. Болжол менен 100 000 баланын 100ү ооруйт. Бирок коронавирус пандемиясынан улам февраль-август аралыгында АКШнын 17 штатында жалпы 100дөй бала, Улуу Британияда 100 чамалуу, Францияда 17, Казакстанда 16 (24-августка карата) бала катталды. Мындан тышкары Швейцария, Италия, Армения, Испанияда да катталганы анык болгону менен, так саны белгисиз.

Окумуштуулар Кавасаки синдрому коронавирус менен ооруган балдардын баарын эмес, айрымдарын гана тооруйт дешет.

Бул синдром жүрөктүн коронардык (таажы сымал) жана башка кан тамырларын жабыркатып, аларда уюган канды пайда кылып, натыйжада кан тамырлардын жарылып кетүүсү менен сүрөттөлөт.


Камчыбек Узакбаев, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору: "КЫРГЫЗСТАНДА КАВАСАКИ СИНДРОМУ КАТТАЛА ЭЛЕК, БИРОК ДАЯР ТУРУУ КЕРЕК"

– Кавасаки синдрому азырынча Кыргызстанда каттала элек. Ал эми ЖМКларда чанда кездешчү аталган синдром менен Европада, АКШда балдар көп ооруй баштаганы айтылып, жазылууда. Кавасаки синдрому коронавирус инфекциясынын фонунда жаралат дешет адистер. Андыктан биз дүйнөдө катталып жаткан бул синдром тууралуу маалыматтар менен күндө таанышып жатабыз. Биз бул синдромго каршы даяр турушубуз кажет. Эне жана баланы коргоо борборунда атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ аталган синдромду дарылоо боюнча протокол түзүүдө. Аталган синдром коркунучтуу жана айыктыруу бир топ кыйын. Оору инфарктка жана пневмонияга да жеткириши ыктымал.

Данияр Аматов, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар кардиологу: "БАШКЫ БЕЛГИСИ – ТИЛДИН МАЛИНАНЫН ӨҢҮНӨ ОКШОП КАЛЫШЫ"

– Кавасаки синдрому балдар коронавирус менен ооругандан 2-3 аптадан соң пайда болот. Аталган синдром этап менен өнүгөт. Дарт калтырап-титирөө, дене табынын 39 градус жана андан жогору көтөрүлүшү менен коштолот. Бул абал 5 күндөй созулат. Дене табын түшүрүүчү дары бербесе, дене табы түшпөйт. Бала шалдырайт, айрымдарынын ичи ооруйт. Оору башталгандан 1-2 күндөн кийин көздөр кызарып, конъюнктивит оорусу жаралат. 5 күндүн ичинде денеге, көбүнчө кол-бутка кызарган темгилдер, бүдүрчөлөр чыгат. Бул бүдүрчөлөр чатта да пайда болушу ыктымал. Кезек ээктин, ооз көңдөйүнүн ичинин кызарып, эриндин жарылышына, тилдин малинанын өңүндөй түскө ээ болушуна келет. Алакандын, тамандын калыңдап шишиши үчүнчү, бешинчи күнгө туура келет. Тырмактын тегерегине, алакандын, тамандын, чаттын бүдүрчөлөр чыккан жерлериндеги тери онунчу күн дегенде кургап, шуудурап, сыйрылып түшө баштайт. Ооруган балдардын көбүнүн моюнундагы бездери сезгенип, шишийт.

Кавасаки синдрому оорусу негизинен 2-12 аптага, кээде андан да узакка созулушу мүмкүн. Ооругандардын 90 пайызында жүрөктүн ишемиялык ооруларынын белгилери билинет.

Ооруган балдардын болжол менен 33 пайызында чоң муундарында артрит же артралгия оорусунун белгилери байкалат. Синдромдун башка белгилерине уретрит (заара чыгуучу каналдын сезгениши), асептикалык менингит, гепатит, отит, ич өтүү, кусуу, өт баштыкчасынын жана жогорку дем алуу жолдорунун сезгениши кирет.

Жүрөктүн жабыркоосу оорунун башталганына 1-4 апта болгондо күтүлөт. Кичине балдарда кургак учукка каршы БЦЖ вакцинасы сайылган жер кызарып калат.

Кавасаки синдромунда эң олуттуу кесепет – бул жүрөктүн жабыркашы. Жүрөктө шуулдоо жаралат, кагышы бузулат. Сезгенүү жүрүп, перикардит (жүрөктү каптаган кабыкчанын сезгениши), миокардит (жүрөк булчуңунун сезгениши) жана жүрөк клапанынын сезгениши күтүлөт. Булардан эң коркунучтуусу – коронардык артерияда кандын уюп, кан тамырдын жарылып кетиши.

ДИАГНОСТИКА, АНАЛИЗ

Диагностика үчүн бейтап баланы текшерүү, электрокардиография жана эхокардиография жүргүзүү сунушталат.

Анализ үчүн кандын, зааранын анализи, тамактын кырындысы, өпкөнүн рентгенографиясы жана башкалар керектелет.

Текшерүү жана кеңеш берүүнү балдар кардиологу жүргүзөт.

“ДАРЫЛООДО АСПИРИН КОЛДОНУЛАТ”

– Дарылоону алгачкы 10 күн ичинде жүргүзүп жетишүү керек. Болбосо оору өтүшүп кетет. Дарылоодо жогорку дозадагы иммуноглобулин жана аспирин колдонулат.

Көп балдарда дарылоо башталгандан 24 саат ичинде абалы жакшыра баштайт.

Айрым балдар калтырап-титирөөдөн бир нече күн жапа чегет. Мындай учурда иммуноглобулинди саюу кайталанат.

Венага иммуноглобулин алган балдарда вирустук вакцинага иммунитеттик жооп кечирээк, жайыраак жүрүп калат. Ошондуктан кызамык (корь), тепме (паротит), кызылчага (краснуха) карата эмдөө Кавасаки синдрому менен ооруп айыккандан кийин 11 айдан соң гана жүргүзүлөт.

КОРОНАВИРУС МЕНЕН КАВАСАКИ СИНДРОМУНУН БАЙЛАНЫШЫ

– Коронавирус инфекциясы менен Кавасаки синдромунун кандай байланышы бар экендиги али изилдене элек. Айрым врачтар, илимпоздор учурда коронавирусту коштоп балдарды оорутуп жаткан синдром Кавасаки синдрому эмес, ага окшош башка сезгентүүчү оору деп да жоромол кылышууда. Анткени учурда жүрүп жаткан илдет Кавасаки синдромуна караганда жүрөккө башкача таасир этип жатканы айтылат. Айрым окумуштуулар коронавирус менен ооругандан кийин иммундук системдин илдетке карата гиперреакциясы Кавасаки синдрому катары кабыл алынып жатат дешүүдө. Анткени кандай инфекция болбосун артында сезгентүүчү реакцияны жаратат. Демек, коронавирус айрым балдарда Кавасаки синдрому сыяктуу сезгенүү процессин чакырат. Айтор, коронавирус менен Кавасаки синдромунун байланышы тууралуу так маалымат жок, бирок түрдүү пикирлер бар. Окумуштуулар коронавирус менен ооруган балдардын аз бөлүгү гана Кавасаки синдромуна кабыларын айтышат.

Канымжан Усупбеков
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Hanzada.sabih
2020-08-31 10:56:24
Озубуз эле шайлоодон сон чачканга ниетибиз бар дебейсинерби андан коро!
0
SalihaQueen
2020-08-31 21:38:35
Кудай сактасын!
+3
Aruuke2013-
2020-09-02 06:20:26
Алдын ала эле айтып атышкан балдар ооруйт экен деп бул жөн жерден эмес
0
kana-ara-fi
2020-09-03 10:14:50
бей куноо наристелерди жон эле койгулачы эми... (((Кудайым озун сактай кор
+1
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан