БОЗ САЛКЫН

Батыштын “боевиктери” менен орустун обу жок сериалдарынан тажап бүтсөңүз, маанисиз кинолордун чөлүндө накта кыргыздын сөзүнө, өңүнө зар болуп турсаңыз, жардамга көлдөн соккон боз салкын келатат. Ал – “Ой Арт” продюсерлик компаниясы тартуулаган мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы эмгеги “Боз салкын”.

Режиссёру жана сценарийин жазган – Эрнест Абдыжапаров
Фильмдин директору – Канат Сартов
Продюсери – Алтынай Койчуманова
Башкы ролдордо: Асема Токтобекова, Тынчтык Абылкасымов, Съездбек Искеналиев
Ролдордо: Асылбек Өзүбеков, Марат Жантелиев, Айнура Тургунбаева, Камчыбек Сарыбаев, Сайра Момунбаева ж.б.

Фильмдин кыскача мазмуну

Жанры лирикалык комедия деп аныкталган фильмдеги окуя кино тартуу борборуна айланып бара жаткан кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Мурат шаарда өскөн сүйлөшкөн кызы Асеманы эс алууга айылга алып кетет. Ошол убакта чабандын баласы Сагын айылдашы Анарага үйлөнмөкчү болуп, айылдын жарымы кызды ала качууга даярданып жаткан кез болот. Түзүлгөн план боюнча туулган күнгө арналган кечеден кийин Анараны жолдо машина күтүп турат. Бирок, бардык жаштар келген кечеде Асема Муратты башка кыз менен көрүп калып, кечеден качып чыгат. Шаарга кетүү үчүн машина издеп, кокусунан Анараны күткөн машинага түшүп алат да, аны Сагындын үйүнө алып качышат. “Мен Анара эмесмин” фразасын Асема миң жолу кайталаса да, жоолук салып, көшөгөгө отургузуп коюшат. Турмушун элетте элестете албаган Асема жаратылыштын сулуулугу менен тагдырдын буйругуна багынып, чабандес Сагындын жубайы болуп, керемет жайлоодо ордун табат.

Тасманын жаратуучулары сүйлөшөт

Асема ТОКТОБЕКОВА (Асема):
“Киного тартылам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок, “Боз салкынга” тартылуу сунушу түш­көн­дө көп ойлонгон жокмун. Азыр ЖОЖ­­до окуйм, келечектеги дипломатмын. Алгач ата-энем кино жөнүндө укканда албетте, каршы болушкан. Бирок, режиссёр аларды бат эле көндүрүп ал­ды. Бул менин би­ринчи ролум болсо да, кыйынчылык тарткан жокмун. Тескерисинче, аткарган каарманымдын образы менен кыялым төп келишкендиктен, өзүмдү кадимкидей эле алып жүрдүм. Балким, ушул себептен атымды да Асема бойдон калтырышты. Фильмге тартылгандан кийин бир аз өзгөргөнүмдү, чоңоюп, эс тартканымды сездим”.

Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ (Мурат):
“Мен Мураттын ролун Эрнест агайдын жардамы менен аткара алдым деп ойлойм. Режиссёрдун ар бир сөзүнө көңүл бурганым үчүн фильмге тартылуу оор болгон жок. Өзүм үчүн да таңкалыштуу нерсе – бул машина айдаганым. Эч качан рулга отуруп көрбөгөн жаным 3 (!) күндүн ичинде көчө чаңдатып катуу айдаганды үйрөндүм”.

Тынчтыкбек АБЫЛКАСЫМОВ (Сагын):
“Кино – бул менин дүйнөм! Актёр болуп роль аткарамбы, режиссёр боломбу, атүгүл жөн гана жардамчынын кызматын аткарыш керек болсо да, мен үчүн баары бир. Негизгиси, тасма тартуу процессинде аралашып жүрүүм керек. Ошондуктанбы, гонорар мен үчүн маанилүү эмес. “Боз салкында” өткөргөн убакыттын ичинде мен чоң тажрыйба топтоого жетиштим. Ал эми Сагын жөнүндө айтсам, анын образын сценарийдеги жазылганга окшоштурайын деп жараткан жокмун. Болгону, кандай бассам, ошондой басып, ат үстүндө кандай отурсам, ошондой отуруп, өзүмдү эркин алып жүрдүм”.

Алтынай КОЙЧУМАНОВА:
“Толук метраждуу фильмди биринчи жолу жетектеп жатам. “Боз салкынды” дүй­нөлүк стандартка жооп бере ала тургандай кылып, максималдуу сапаттуу тартууга аракеттендик. Тасма акыркы техника түрү менен тартылып, бюджети орто эсеп менен 200 миң долларды түздү. Март айынын башында «Канн» фестивалына заявка берген элек. 800 фильмдин ичинен биз да татыктуу көңүл бурууга ээ болдук. Фестивалдын уюштуруучуларынын айтуусунда, биздин “Боз салкын” абдан жеңил, жасалмасыз, позитивдүү көркөм фильм болуптур. Ошондуктан, биздин көрүү­чүлөргө да жагат деп кепилдик бере алам”.

Канат САРТОВ:
“Фильм 5-июндан 10-июлга чейин тартылды. Баштапкы даярдоо иш-чаралар жана монтажды кошуп эсептегенде 2,5 ай ичинде даяр болду. Өзүмдүн директор болуп эмгектенгениме 23 жыл толду. Менин негизги милдетим – алыс болсо жеткирүү, ачка болсо тойгузуу, жок болсо табуу. Бирок, жалпысынан чоң маселе чыккан жок. Анткени, идея, сюжет дайыма режиссёрдун мээсинде. Режиссёр мыкты болгон үчүн, тартуучу топ кыйналган жок”.

Эрнест АБДЫЖАПАРОВ:
“Фильмдин идеясы тээ 1998-жылы эле жаралган. Бир жолу түшүмдө минген аттары алмашып кеткен эки атчанды көргөн элем. Ошол нерсе мээме сиңип калып, кийин баш-аягын улап отуруп “Боз салкынды” жазып чыктым. Эмнегедир аны тартууга шарт түз­үлбөй жатты. Ортодо “Айыл өкмө­түн” жаратканга жетиштим. Ошентип, ошол идеямдын багы арадан дээрлик 10 жыл өткөндөн кийин эми минтип кино болуп ачылып отурат. Фильм жаштардын эмгеги жана энергиясы менен тартылды. Эстрада жылдызы Съездбек, кино бөлүмүндө окуган Тынчтык, таланттуу Асема “Боз салкындын” көркүн ачып беришти”.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан