(Башы өткөн сандарда)
Искендер үйгө кирип туруп калды. Балдар жок экен. Аяна далысын салып көчөнү тиктеп турган экен. Жүрөгү ооруп кетти. Бир нерсе болгонун сезди.
– Эмне болду?
– Аа, сен келдиңби, балдар машыгуудан келе элек.
– Сен жакшысыңбы?
– Жакшымын.
– Үнүң жакшы эмес.
Аяна ийинин куушуруп койду. “Сага эмне?” дегендей таарынычты сезди Искендер. Бет маңдайына отурду. Жашоосуна кайтып келгенден бери көздөрүнө биринчи жолу карап жатат. Бул көздөрдөн өрттөн качкандай коркчу эле. Каректериндеги махабаттын ысык отуна чыдай албачудай коркчу. Мындай ысык сезимдин илебинен коркуп кетчү. Бирок бул жолу ал өрт сезимди көрө албады. Болсо да мурункудай жалындабай, тээ ары жакта көмүлүп, учкундары гана калгандай эле. Ушу көз ирмемде өзүн укмуштай күнөөлүү сезди.
– Балдар бир саатта келет,- деди Аяна.
– Сен балдарга эле келди деп ойлойсуңбу? Же мени балдарым эле кызыктырат деп... Антип ойлосоң жаңылышасың. Ооба, мен коркокмун, бирок акылсыз эмесмин. Мен бардык аракетиңди, балдарга, мага болгон сүйүүңдү көрүп турам. Жашоодо сага оор болгонун да билем. Сен менден миң эсе кыйын экениңди билем. Мен коркокмун, сенин көзүңдөгү мага болгон сезимди жоготуп алуудан, менден көңүлүңдүн калып калышынан корком. Мен сени...
– Тыс-с, сүйлөбө. Эч нерсе дебе.
– Сүйлөбөй эки жыл сүйрөлүп жүрдүм. Бул түзүлгөн абал өзүнөн-өзү жок болуп кетет деп күттүм, бирок...
– Мага эч нерсе айтуунун кереги жок. Искендер, сен аялыңды сүйөсүң. Ооба, мага да сезимдериң бар, бирок ал сүйүү эмес. Суктануу, таң калуу, жактыруу, кумар да болушу мүмкүн. Бирок сүйүү эмес. Мен муну эрте түшүнсөм, ушунча нерсе болбосо керек эле. Эмне кылайын, ушундай болду. Мындан ары экөөбүз тең бири-бирибизге залал келтирбей жашашты үйрөнүшүбүз керек. Эң негизгиси сен балдарың тууралуу айтышың керек. Чоңоюп келе жатышат. Мен ээ боло албай калдым. Алар сени менен жаап-жашырынбай жашаганга акылары бар.
– Сени башка да нерсе тынчсыздандырып жатат.
– Өх, Искендер, бир билсең..
Аяна апасы тууралуу айтып берди. Сүйлөп жатып бир адамга гана ушунча ачыларына таң калып жатты. Коркууларын, тереңде жаткан ички туйгуларын токтоно албай баяндап берди. Ичинен “эмнеге мен башкаларга ушул адамга төгүлүп-чачылгандай жан дүйнөмдү ача албайм? Бул мезгил менен да өлчөнө турган нерсе эмес. Мен буга бир көргөндө ишендим. Атама болгон сагынууларымды да айтып бергем” деп таң калды.
– Жүрү, мен апаңды издешкенге, аны табууга жардам берем.
– Азырбы?
– Азыр.
Искендер биринчи жолу коркконду унутту. Өзүнө дүйнөсүн ачкан бир адамдын ишеничи үчүн баарын кылганга даяр эле.
ххх
Бактыгүл кыздарына жолуккандан кийин башка бир абалда калды. Бул эки кыз аргасыз аны өтмүшүнө көз чаптыртты. Өзгөчө Аяна. Дал өзүнө окшош болуп чоңоюптур. Өзүндөгү ошол өң, ошол келбет. Салимасы сары чийкил болуп атасына окшогон экен. Жылмайып алды. Көздөрүнөн жаштар агып жатты. Өзүнүн кайсы бир кезде эне болгонун, тогуз ай курсагында көтөрүп, эмизип, бакытка балкыганын эстеди. Көрсө, өмүрүнүн эң бактылуу учуру ошол болгон экен. Көзүн караган күйөөсү, эки кыздын энеси болгон учуру. Качан келди бул балакет? Жашоосун алып учурган, буркан-шаркан кылып кайнаткан бул сезим ага качан келди? Эмнеге эч нерсеге туруштук бере албай калды? Анткени ал буга чейин сүйүүнүн даамын татпаган эле.
Медайым болуп иштеп жүргөндө болгону 17 жашта болчу. Башкы врачтын көзүнө түшүп, тузагына илинип боюнда болуп калды. Көрсө, анын аялы бала төрөй албайт экен. Жаш кызды алдап-соолап жатып төрөтүп алышты. Өзүн болсо башка шаарга которуп жиберишти. Бул окуяны уккан атасы тез арада Аянанын атасына сүйлөшүп күйөөгө берип жиберди. Өзүнөн улуу, көзү мээримдүү, интеллигент адамга турмушка чыкты. Бул союз баарына керек болчу. Атасы аны жакшы адамга турмушка берип жибергенине кубанды, Бактыгүл да жабылуу аяк жабылуу бойдон калышына макул болду. Балким, жакшы жашап кетмек. Анткени ал Бактыгүлгө адамдай мамиле жасаган, чын дилинен сүйгөн дүйнөдө жалгыз эркек эле. Кадырын билбеди. Бүт айылга уят кылып, аз күнгө келген шаардык жигит менен качып кетти. Балким, бул тагдыр ага ушул үчүн жазылгандыр. Артындагы эки кызга да каратпаган албуут сезим эле. Бир да кабар албады. Анткени чамасы келбей калган. Кийин абалынан уялды. Азыр өздөрү издеп келгени, алардын көзүндөгү мээрим жанын жай алдырбай жатты. Кызынын сөздөрү угулуп жатты. Баарын унутуу керек! Колдору кайра бөтөлкөгө созулду. Ушул учурда эшик шарт ачылып, кимдир бирөөлөр кирип келишти. Бактыгүл тиктеп калды. Бою узун, сымбаттуу эркек экен. Артында Аяна туруптур.
– Мен сага келдим,- деди ал мукактана. – Сени кечире аламбы билбейм. Сени менен эне-кыз боло аламбы, аны да билбейм. Бирок...
– Мен эч кимге жүк болгум келбейт. Сен мени апа деп да айта албай жатасың. Өз жашооң менен жаша, жайыма кой, кызым.
– Коё албайт экем. Мен унутам дедим, бирок унута албадым. Сен мага жүк эмессиң. Мен жалгызмын, апа. Мен да кимдир бирөөнүн ийинине таянгым келет. Мурун болбодуң. Эми мага ийин бол. Сен таштап кеткенден бери жалгызмын. Мен сенсиз эч бактылуу боло албадым.
– Макул, мен анда буюмдарымды топтоюн.
– Жок, калсын, эч нерсеңди алба. Баарын жаңыдан баштайбыз.
Аял сыртка чыгып асманды тиктеп алды. Күн чайыттай ачык экен. Көп жылдан бери биринчи жолу айланага көз салып, табиятка суктанганы ушу. Өзүн адам сезгени ушул.
ххх
Аяна апасын алып келгени ого бетер иши көбөйдү. Аны мыкты адистерге көрсөтүү үчүн Искендер жардам берди. Ден соолугу калыбына акырындап келе баштады. Өңүнө чыгып, бетиндеги тырыктар да анча одоно көрүнбөй калды. Болгону көздөрү чарчаңкы болчу. Дүйнөдө бардык жаман деген нерсени көрүп, жакшыга көзү көнбөй жаткандай коркуу бар эле. Кайсы бир күнү кыздары андан баш тартып кетчүдөй сезими күчтүү болчу. Ошол үчүн жүрөгүн ача албай жатты. Жоготууга көнүп калган жүрөк кайра бирөөнү кабыл алуудан коркуп жаткан эле. Бирок неберелерин аябай жакшы көрдү. Адам менен Аланга гана жүрөгүн ачты. Бул эки тентекке мерез адамдын да ичи жылып кетер эле.
– Таене, сен буга чейин кайда жүрдүң?
– Адашып жүрбөдүмбү, силерди таба албай жаттым.
– А сен эмнеге көп дары ичесиң?
– Апаң ич деди. Мени бул... Мен ооруп жатканымды апаңар айтты беле?
– Жок, жөн эле сен таенебиз болоруңду айткан. Сен аябай үшүп, үйүң жок экенин айткан. Эми сен үшүбөйсүң. Биз жаныңдабыз. Чогуу жатсак да болот.
– Апаң уруксат бербейт го.
Тентектер оюна койбой төшөк салып, экөө эки жагына кучактап жатып алышты. Аяна иште эле. Эки небересин эки жагына кучактап жатып Бактыгүл тагдырга таң калды. Эртең сени эмне күтүп турарын эч ким билбейт тура. Кечээ эле көчөдө, көрүнгөн жерде жүргөн жаны азыр жайлуу, жылуу үйдө, эки небересинин кучагында жатат.
– Жараткан, мен чоң күнөө кылдым. Ушунчалык малындым. Жыгылдым, турдум. Бирок күнөөм менин жазам боюнча калсын. Ушу өмүрдө эки неберемдин жанынан айрый көрбө. Балдарымдын кылыктарына тойбодум, көрбөдүм деле. Бирок ушуларды көргөнүмө шүгүр. Күнөөлөрүмдү кечир!
Ушуларды жалынып суранып жатты. Эки ыйманы ысык периштенин жанында жатып, алар үчүн өзүн тазалоону суранды. Өзүн адам кылууну суранды...
(Уландысы кийинки санда)