(Башы өткөн санда)
Бир мени, бир Акимычты карап турду да, көзүмдөн бир нерсени байкап калбасын дедиби, жерди карап ойлонуп калды. Бир аздан кийин башын көтөрдү эле, көз карашы кайдыгер адамдай болуп калыптыр.
– Акимыч, сен чакырдыңбы?
– Ооба, мен чакырдым, меникине келди, туристтерди коштоп жүргөнгө бир адам керек да. Бир сезон иштейт менде. Билесиң го туристтер тоого чыгам деп калышы мүмкүн, ошолорду карап жүрбөсө болбойт. Бирөө-жарымы аскада калып кетсе алып түшүш керек да.
Тиги мени шылдыңдагансып карап:
– Алып түшө аласыңбы анан, өзүң да аскада ага кошулуп калып калбайсыңбы?
– Аскага чыгып, түшө албай калсаң мени чакырсаң, ошондо көрөсүң!- деп сенсиреп жооп бердим эле, жини келип кетти. Бирок билдирбеди, көк көзү гана акырая түштү:
– Макул, бара бер азырынча,- деди паспортумду берип жатып, – Көзүңдү чоң ачып жүр. Дагы жолугабыз али,- деп сүйлөнүп басып кетти.
Арыдан-бери тамактанып алып Акимыч мага "кеттик" деди, бир аз алыстаганыбызда:
– Ээ, буга көңүл бурба. Өзүн Ысык-Көлдүн кожоюну сезет. Рамис таз дейбиз, эми булардын кылар иши ушул, жүрү эми, биз да өзүбүздүн ишибизди кылалы,- деп бир нерсени эстеди окшойт, жини келип түкүрүнүп алды. Кафеден чыгып баратып артымды карасам Рамис таз мени карап туруптур. Карамактан карабайсыңбы дедим ичимден, мыйзамды бузбасам мага эмне кыла алмак элең?
– Менин азыр бул жерде иштерим бар, сени таксиге салып коёюн, жеткирип коёт. Балдарга айтып коём, тосуп алышат, барып жайланыша бер,- деп таксиге салып жиберди Акимыч.
Таксист да альпинист экенимди уккандан кийин сөзү көбөйүп, ар нерсени сурап келди. "Акимыч менен жакшы таанышсыңбы?" дейт.
Көлдү бойлоп кеткен чоң жолдон бурулуп, тоону аралап бир жол кирип кетет экен, тептегиз, асфальт, зымылдайт тим эле. Акимыч өзү салдырыптыр, менчик жолу экен.
Тоону аралап бир сааттай жүргөндө жолду тосуп дарбаза орнотулуптур, айланасы бүт калың токой. Таксист дарбазанын алдына токтоду да, мага "дарбазадан кирип, асфальт жол менен түз кете бер, көрөсүң" деп коюп кетип калды.
Мейманкана чоң капчыгайдын ортосунда жайгашыптыр, эки тарабы бийик тоолор менен курчалган. Токойдун ичиндеги жол менен бир аз басканымда алдымдан үстүндө "Бейиш" деген жазуусу бар, үч кабаттуу имарат чыкты. Алдында карагай, арчалар жыш тигилиптир. Тээ алысыраактан көл көрүнүп турат, жатат чалкып.
Көлгө келбегениме да он жылдан ашып кетиптир, ойлосом.
Мейманкананын алдында эки кыз шланга менен суу чачып, брусчаткаларды жууп, шыпырып, тазалап жүрөт. Чоң бассейн бар экен, али суу толтурушпаптыр, эки бала ичине түшүп алып тазалап жууп жатышат.
Мага көңүл деле бурушкан жок эч кимиси.
Мейманкананын алдына барып, эшигиндеги жазууларды окуп жатып байкабай калыптырмын, бирөө капталдан түрттү:
– Турчу мындай, аңкайбай!- дейт. Бурулуп карасам эки кыз турат. Мага сүйлөгөнү ак-саргыл, жүзү корей кыздарына окшош, бою узун, арыгыраак сулуу кыз экен, турат чекчейип. Жынсы шым, жеңи түрүлгөн көк кофта, белинде фартук. Столдорго салына турган дасторкон, сүлгүлөр окшойт, колуна көтөрүп алыптыр. Сулуулугуна арбалып, аңкайып туруп калган окшойм:
– Ой, жолдон кач дейм, эшикти ачып кой!- деп калды. Эшикти ачсам, – Жаңы короого келген койдой болуп кулактарын делдейтип, жолду тосуп туруп алыптыр,- деп орусча сүйлөнүп ичкери кирип кетишти. Жанындагы кыз каткырып күлүп калды. Ичимден тиги кызга жиним келип турсам, терезеден көргөн окшойт, эшик ачылып, бир бала чыга келди:
– Дастансыңбы?
– Ооба.
– Кел, кире бер,- деп эшикти ачык калтырып кирип кетти.
Эшиктери чоң, айнектен экен, сырттагыларга ичиндегилер көрүнбөйт.
Биринчи кабаты ресторан окшойт, бир бурчун бар кылып коюптур. Мындай жасалгаланган ресторан Бишкекте деле саналуу эле болсо керек. Мени чакырган бала, мен курактуу эле го, бармен экен, алдына стакан, фужер, ар кандай ичимдиктерди үйүп алыптыр. Аарчып, тазалап тизип жатат. Эки кыз столдорду тазалап, полдорду жууп, айтор, туристтердин келишине даярдык катуу.
– Сени келет деген эле Акимыч, кел бул жерге отуруп тур. Менин атым Керим, барды мен карайм, азыр он мүнөттө бошойм. Жашай турган жериңди көрсөтөм, буларды ичип отуруп тур,- деп алдыма бир стакан менен спрайт, газдалган суу коюп кетти.
– Тиги кызга көңүл бурба, өзүнүн мүнөзү ошондой. Баарыбызды эле ошентип кууруп турат. Бирок ак көңүл, жакшы кыз, аты Гули,- деп күлүп койду.
Залдын эки капталында эки чоң монитор илинип турат. Айтылуу Стив Уандердин ырынын клиби коюлуп туруптур.
Бир маалда Керим:
– Жүр, жашай турган жериңди көрсөтөйүн,- деп сыртка чыктык.
– Быйыл күн аябай эле ысык болот окшойт, кара, азыр эле ушундай ысыганын. Бизге жакшы да, туристтер көп болот, акча иштеп алабыз.
Имараттын артында токойду аралай кирип кеткен цементтелген кичине жол жатат.
Бактын ортосунда эки адамга ылайыкталып жыгачтан жасалган, үстү тунуке менен жабылган ондон ашык чакан үй турат. Жанынан арыктан суу агып өтөт экен. Четкисине барып, эшиктин үстүн сыйпалап жатып ачкычын таап эшигин ачты.
– Мына, ушул жерде жашайсың. Былтыртан бери ачыла элек, өзүң жууп-тазалап аласың. Түштөн кийин Мария апа келсе төшөк-жамынчы, сүлгү, керектүү нерселерди берет. Мейли, сен жайланыша бер, мен барайын. Кечке чейин кичине болсо да ишимди арбытайын. Саат бирлерде келем, тамактана турган жерди көрсөтөм,- деп кетип калды.
Эки керебет коюлуптур, ортодо чакан стол, кичинекей шкаф, бурчта дубалда телевизор илинип турат, болгону ушул. Бөлмөнүн бир чакан терезеси бар экен. Эми үч ай ушул жерде жашай турган болгондон кийин деп, арыктан суу алып келип бөлмөнү тазалай баштадым. Менден мурунку жашаган адам тамеки чеккен экен, жыты сиңип калыптыр. Ар бурчта тамекинин калдыктары жатат, желе басыптыр. Эшик-терезелерин ачып салып таптаза кылып жууп чыктым.
Жууп бүтүп, сыртта карагайдын түбүнө салкын жерге рюкзагымды жазданып жатып уктап калыптырмын.
Телефонум шыңгырап, ойгонуп кеттим, карасам Аман:
– Кандай, Дастан, келип алдыңбы? Кечинде барам, сүйлөшөбүз, мен тоодо, фермадамын, кечке барып калам,- деп шашып сүйлөп өчүрүп койду. Саатты карасам бирге он мүнөт калыптыр.
Тамактана турган жери кафенин ашканасы экен, он адамдык стол коюлуптур. Керим экөөбүз кирсек баары тамактанып отурушкан экен, бизге көңүл деле бурушкан жок. Мени бир сыйра карап коюшту. Бирөөсү күлкүлүү бир окуя айтып жаткан окшойт, күлүп отурушат. Тамакты кичине бир айнектен бир аял берет экен, жашы элүүлөрдө. Орто бойлуу, сулууча келген орус аял экен. Мария апасы ушул окшойт.
Керим экөөбүз бурчтагы чакан столго отуруп тамактандык. Ондон ашык адам иштейт экен, көптөн бери эле бирге иштешип бири-бирине көнүп калышкан окшойт, кенен отурушат.
Керим "бүгүн жайланыша бер, эртеңден баштасаң керек ишти" дегенинен, Мария ападан төшөктөрүмдү алып бөлмөмө барып жаттым. Күн канча ысыса да үйдүн ичи салкын экен, жыргап уктасаң болот.
Кечинде Аман келди, аны мен келерден эки күн мурун балдар жетишпей жатат деп Акимыч тоого фермага жөнөтүп жибериптир. “Айлыгым сүйлөшкөндөй эле кырк миң бойдон калды, эң көп айлык алган менмин” дейт. Акимычтын мал баккан фермасы бар экен, уй, бука, койлорду, тоокторду багып, Чолпон-Атадагы кафе, ресторандарды эт, жумуртка сыяктуу азыктар менен камсыз кылат экен. Ошол жакта эле калам дейт, ал жакта жыргал имиш, күндө чучук жеп, кымыз ичип жатыптыр. Бул жакка келе турган түрү жок, өзүң бил дедим.
Эртеси саат тогуздарда Керим чалды, барсам жаңы эле тамактанганы отурушкан экен.
– Тамактанып алалы, сага Акимыч бир иш дайындады. Өзү түштөн кийин келет экен, келгенде сүйлөшөбүз дейт.
Акимыч базаны тазаласын дептир. Колума эки чоң мүшөк, тырмоок карматышты...
(Уландысы кийинки санда)