Дүйнөдөгү эң көп каражат сарпталган клипти поп музыканын падышасы Майкл Жексон тарттырган. Клиптин бюджетин көргөн адамдар Майклды “акылдан азган го” деп ойлошкон. Ырчылардын акчасын аябай тарттырган клиптери сиздердин назарыңыздарда.
№5 "Larger Than Life"
(“Жашоодон да жогору”)
Аткаруучулар – “Backstreet Boys” тобу
Кеткен каражат – 2,1 миллион доллар
Чыккан жылы – 1999-жыл
Жигиттердин тобунун ичинен эң ийгиликтүү чыккан “Backstreet Boys” 1999-жылы 66 миллион доллар киреше тапкан. Ошондуктан кымбат клипти тартууга алардын мүмкүнчүлүгү кеңири эле. Чыгаша тизмесинен режиссёрдун гонорары күнүнө 150 миң доллар түзгөнүн жана баасы 600 миң долларлык атайын эффекттердин колдонулганын окууга болот. Айтмакчы, режиссёр клипти тартуу үчүн төрт күн короткон.
№4 "What's It Gonna Be?"
(“Эмне болгону жатат?”)
Аткаруучулар – Баста Раймс жана Жанет Жексон
Кеткен каражат – 2,4 миллион доллар
Чыккан жылы – 1999-жыл
Клип түрдүү компьютердик графиканын колдонулганы менен айырмаланат. Сынчылар аны тамашалай “Терминатор” тасмасынан кем калышпайт” дешкен. Тоодой акча корогон анимациялардан сырткары Бастанын айнектен жасалган кийимине 40 миң доллар жумшалган.
№3 "Heartbreaker"
(“Жүрөктү жаралантуучу”)
Аткаруучулар – Мария Кэри жана Jay-Z
Кеткен каражат – 2,5 миллион доллар
Чыккан жылы – 1999-жыл
Бул каражатка толук метраждуу тасма да тартса болчудай, бирок кыска клипке кеткен чыгым өзүн актабай калгандай. Анткени клипти көрүп, "чыгашанын өлчөмү апыртылганбы?" деген ойго кабыласың. Мисалы, режиссёрлор клипте тартылган кинотеатрдын ижарасына 100 миң доллар, итти үйрөткөн адиске 6 миң доллар төлөнгөнүн белгилешкен.
№2 "Victory"
(“Жеңиш”)
Аткаруучу – Пафф Дэдди
Кеткен каражат – 2,7 миллион доллар
Чыккан жылы – 1998-жыл
Бул клипти карап отуруп, ойго келгендин баары иш жүзүнө ашырылганына күбө болосуң. Тик учактар, артынан куумай жана жардыруулар... Жасалма учак жасап, аны кайра жардыруу үчүн 55 миң доллар кетсе, клипте ойногон каскадёрлордун имараттан имаратка бир жолу секиргенине 5 миң доллардан берилген.
№1 "Scream"
(“Кыйкырык”)
Аткаруучу – Майкл Жексон жана Жанет Жексон
Кеткен каражат – 7 миллион доллар
Чыккан жылы – 1995-жыл
7 миллион доллар оңой акча эмес. Анан да бул чокуну бүгүнкү күнгө чейин ашып өткөн адам боло элек. Дүйнөдөгү эң кымбат клип үчүн акчалар эмнеге жумшалган? Клиптеги компьютердик программада жасалган космостук кемеге 65 миң доллар, чоң видеоэкранга 80 миң доллар, ал эми жарык берүүгө 175 миң доллар төлөнгөн. Кызыктуусу, белгилүү “The Who” тобунан мураска калган гитарасын 53 миң долларга сатып алышып, аны клипте сценарий боюнча талкалашкан. Клиптин тартылышы 11 күнгө созулуп, күн сайын ага орточо 636 миң доллар сарпталып турган.
Эльвира Караева
star@super.kg