АЙДАЙ

Жаңы сериал

Менин атым Айдай. Кичинекей кезимде балдар “Айдай - cары майдай” дешип чачымдан тартып, мазакташчу. Кызык, ошол кезде сары кыз болсом керек да. Ал сөзгө ызаланып, кечинде атама арызданып ыйлачумун. Атам ого бетер чычалатып “менин сары кызыма дагы ким тийди? Ыйлаба, көпөлөгүм, эртең чоңойгондо ушундай сулуу кыз болосуң, мобу жиниңе тийип жаткан балдардын бири да жаныңа жолой албай калышат. Апаң экөөбүз сени падышанын уулуна беребиз” деп чачымдан сылап, бешенемден шуу дегизе жыттаар эле. Ушул эле жетиштүү болчу. Күнү бою тамагымды бууган ыза унутулуп, атамдын кучагында магдырап уйкуга кетер элем. Билбейм, биздин Кыргызстан республика эмес, падышалык болсо, мени чын эле ханзаадага беришер беле?.. Биздин аймакта чыныгы падыша болбогон соң мени учурдун “ханзаадасына” карматып тынышты. Өкүнүчтүүсү, алтыным апакем ал күндөрдү көргөн жок. Ошонусу деле ырас болгондур. Өзөгүмдү өрттөгөн ыйга апакем чыдамак эмес...

ххх

Башталгыч класста окуп жаткам. Бир күнү мектептен келе жатып, биздин корообуздан озондогон жагымсыз үнүн жаңыртып “Тез жардам” чыкканын көрүп калдым.
– Апа...
Оозума келгени ушул болду. Чымын-куюн боло чуркап жетип келсем, босогону сүйөнө өңү бозоруп коңшубуз Гүлүм апа туруптур. Мени көрө сала анын эриндери диртилдеп кетти.
– Келе гой, кызым. Сербейген кебетең менен. Машинени көрүп эси чыгып кеткен тура. Апаң кичине ноокастап, атаң ооруканага алып кетти. Сен биздикинде отура тур.
– Барбайм эч жакка! Апам кана, атаа?..
Өзүмө ээ боло албай болкулдап ыйлап кирдим.
– Кантет, чоң эле кыз? Апаң сага кичинекей бөбөк алып келет. Ошого да ыйлайт бекен? Апаң “менин Айдайым акылдуу кыз. Биз келгиче сеникинде тура турсун. Сабагын даярдап, курсагын жакшы тойгузсун” деди. Апаңдын тилин албайсыңбы?
– Ики, алам.
– Ошол да. Жүр, жүрө гой. Уйларды саай турган маал болуп калды.
Апакем... Анын жүзүн ошол боюнча көргөн жокмун. Жаш болсом да анын боюнда бар экенин, жакында биздин үйгө кичинекей наристе келерин жакшы билчүмүн. Кээде ээн жерге барып алып, “бөбөк келсе апам да, атам да мени эмес, аны жакшы көрүп кетишет” деп кадимкидей өпкөлөп ыйлачумун. Наристе көөдөнүмдү кыскан ал коркунучту атамдарга билгизген эмесмин. Ал коркунуч, көрсө, тагдыр мага дайындаган сыноолордун чети гана тура.
Ошентип, үйүбүзгө апам да, жаңы бөбөгүбүз да кайтып келген жок. Атамдын ый аралаш үзүл-кесил сөздөрү эсимде сакталып калган экен. Кийин эстеп, апам илдетине карабай бала төрөйм деп, ошондон каза тапканын түшүндүм. Бирок атамдан өмүрү ал тууралуу сурап көргөн эмесмин. Дегеле апамдын өлүмү экөөбүздү эки аралга таштап, ата-балалык жакындыгыбызды суутуп таштады, сыягы.
– Айдай! Айдай, кызым...
Таң эрте уйкудан ойгоно албай жатсам, таенемдин үнү кулагыма жаңырды.
– Кагылып кетем го, ушул кара көздөн. Көпөлөгүм менин. Тура гой, кызым. Бүгүн коноктор келет. Даярдануу керек.
Коноктор келет дегенди укканда денем муздак жылан тийгендей “дирт” этип жыйрыла түштү. “Таенем үйгө көп келчү эмес эле, эмне болду?” дейм да. Көрсө, аны атам чакырткан экен. Билинбей атам экөөбүздүн жетимсиреп калганыбызга төрт жыл болуптур. Урук-тууган асылып жүрүп, аны акыры үйлөнүүгө макул кылышкан экен. “Атаң тиги Шарип акенин шаардагы кызын алмай болду. Ал да турмуш көрүп, ажырашып кетип, көптөн бери жалгыз жашап жүрөт. Жалгыздык Жаратканга гана тиешелүү мүнөз, балам. Атаңды түшүн. Сени жалгыз өстүрүп кыйналды. Жөлөк-таяк болгонго аял киши керек жанына. Сен да чоңоюп келе жатасың. Сага да аял-эненин тарбиясы керек”.
Кечинде таенем чачымды өрүп отуруп, ушул узун кепти баштаган. Башын сала жер тиктеген атам да, көзүмдөн мончок-мончок жаш кеткен мен да анын кебин бөлбөй уктук. Ачыгын айтпасам да, дилимде ушундай болорун сезип жүргөм. Кайсы бир күнү алтыным апакемдин ордун башка бирөө ээлей турганын туюп жүргөм.
Ажар (атамдын жаңы аялына сиз деп кайрылганым менен, дилимде сен деп атынан атачумун) жаман деле аял көрүнбөдү. Жомок, мультфильм, китептердеги каардуу, ажаан өгөй энелерди элестетип эсим чыккан эле.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aminali
2010-09-25 22:47:09
Jakwi okwoit,ayagina 4ikki4a kytyp jattip esibiz ooit ko.
0
Bishkekchanin
2010-09-27 03:05:46
Кечиресиздер, туугандар!!!

Айтып койгулачы, автору ким бул чыгарманын?
0
kansuluu
2010-09-28 15:38:39
Мага да жагып жатат, жакшы окшойт.
0
temirlan
2010-09-28 22:23:17
4-5 ele suilom jasup koiboi koop ele jasunusdarchuuu SURANAM!!!
0
meerimkameerim
2010-09-29 15:32:40
Жакшы башталыптыр! Аягы кандай болду экен? Кызык!
0
altysha.kg
2013-06-23 16:00:52
аябай кызык экен аягы кан дай бол ду экен?
0
Elmira
2010-10-11 13:35:12
sonun 4igara eken bawtaliwi ele okuy turayli4i kanday bolot ekek ,
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан