КЫРГЫЗСТАНДЫК УЮМДАР COVID-19 ИЛДЕТИ МЕНЕН КҮРӨШКӨ КАНДАЙ САЛЫМ КОШУП ЖАТАТ?

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жайылышы төмөндөгөнүнө байланыштуу өлкөдөгү эпидемияга каршы жасалган иш-чараларга анализ жүргүзүүгө мезгил жетти.

Кыргызстан пандемияга каршы чет өлкөлөрдөгү оң тажрыйбаларга карабастан, вирустун келишине даяр болгон жок. Буга себеп жооптуу органдардын тийиштүү деңгээлде иш жасабаганы болду.

Кыргызстанда эпидемиянын оор абалда өткөнүн төмөнкү статистика тастыктайт: 2020-жылдын 2-сентябрына карата өлкөдө COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 44 036 адамды түздү, бул жалпы ооругандардын 0,2 пайызын түзөт. Тилекке каршы, 1060 адамдын өлүмү 2,60 пайызды, оорудан толугу менен айыккандардын саны 38 895 учур же 81,59 пайызды түзөт. Статистиканын жыйынтыгы боюнча, дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 60-орунда. Жыйынтыктардын негизинде өкмөт жетекчилери туура иш-аракет жүргүзүшөт деген үмүттөбүз.

Кыргызстандагы врачтар медициналык жана каржылык жардамга муктаж, өлкөдө медициналык каражаттар, дары-дармектер, дарылоочу жайлар, медициналык кызматкерлер жетишпейт.

Бул оор кырдаалда айрым өлкөлөр жардам берүүсү менен айырмаланып турганы ачык-айкын көрүнүп турат. Мисалы, Борбор Азиядагы COVID-19 пандемиясы учурунда мигранттарга жардам берүү үчүн USAID тарабынан "Борбор Азиядагы коопсуз миграция" долбооруна
2 миллион доллар бөлүнгөн. Кыргыз тараптан долбоорго "Инсан Лейлек" коомдук фондунун директору Гүлнара Дербишева катышты. Кагаз жүзүндө бул долбоор кызыктуу жана пайдалуу көрүнөт. Бирок иш жүзүндө анын ишине күмөн жаралууда. АКШ тараптан бөлүнгөн акча чындап жардамга муктаж мигранттарга жеттиби деген суроо туулат. Борбор Азиядагы диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир нече онлайн конференциялар өткөрүлдү. Анда мигранттарга түздөн-түз жардам берүү сунуштары айтылбай, маселенин маңызына ылайыксыз докладдар окулду.

Бул конференциянын уюштуруучулары да берилген суроолорго жеткиликтүү жооп беришкен жок. Бул долбоорго Орусияда иштеген Кыргыз мигранттары да акча которушкан. Бөлүнгөн 2 миллион доллар онлайн конференцияларга жана интернет желесинде үгүттөө түрүндөгү макалаларга сарпталса, акча конкреттүү кайсы иштерге жумшалды деген суроо пайда болуп жатат.

Мигранттардын атынан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан