СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Айнуранын ыйдан кызарган көздөрүнөн ызасы кайнап турганын сезип турду. Аянычтан боор толгоп, кучагына кыскысы келди. Антсе ого бетер актанып жаткандай көрүнөрүн ойлоп, өзүн кармады.
– Эмне кыл дейсиң эми?..
– Аның менен ишиңди бүтүрбөй туруп мага эмнеге үйлөндүң?
– Айнура, сага азыр капаланган жарабайт. Азыр сен менин сөзүмдү уга турган абалда эмессиң. Жатып укта, анан...
– Жок, сен мага азыр жооп бер. Эгерде жашай турган болсоң, жаша, болбосо, апамдын ичине баткан баласы тышына да батат. Жыйыштырып кетип калам. Бирок баламды көрөм деп ойлобо...
Рустам селдейе түштү. Али төрөлө элек балага аябай байланып, аталык мээрими ойгонуп калган эле. Азыр бирөө баласын колунан жулуп кетчүдөй жүрөк үшүткөн сезим аны апкаарытып жиберди. Айнурага аттап жетип, көздөрүнө тигиле калды.
– Болду, эми эч качан мындай кайталанбайт. Өзүң билесиң го, мен баарын жыйыштыргам. Аны менен эч качан жолукпайм. Биз бактылуу болобуз. Жакында балабыз төрөлөт. Көрөсүң го, бала төрөлөрү менен мен өзгөрөм. Жакшы күйөө, мыкты ата болом. Ишенсең мага, баары жакшы болот.
Рустам эч качан минтип үзүлүп түшүп мээрим төкпөгөн. Аял байкуштун карарып турган жүрөгү жибий түштү. Күйөөсүн кучактай калып, солкулдап ыйлап жиберди. Үмүткө алданган экөө кучакташып отура беришти.

ххх

Төрөт үйү. Каршы-терши басып, тынчсызданып турган Рустамды карап, Айша жылмайып алды.
Баласынан өтүп калдалаңдаган Иман да догдурлар менен утур-утур сүйлөшүп, жанын коёрго жер таппай жүрдү. Уулунун жанына басып келген Айша анын ийинине акырын колун койду.
– Коркпо, балам, баары жайында болот.
Ушул учурда медсестра палатадан чыга келди.
– Сүйүнчү, уулдуу болдуңуз!
– Оозуңа май!
Кубанган Айша медсестрага сүйүнчүсүн берип, ары жактан Иман кошулуп, бапырап эле жатып калышты. Дендароо болгон Рустам бир топто барып өзүнө келди.
– Уулдуу болдум! Уул!- өзүнчө күбүрөнүп алган ал ушул сөз менен бирге ата деген ысык сезим боюна тарап жатканын сезди.
Наристе жарык дүйнөгө келди. Чоң ата менен чоң эненин кубанычы экенин, ата менен эненин үмүтү экенин али билбей таттуу уйкунун кучагында. Рустам уктап жаткан бөпөнү колуна абайлап алды. Кичинекейдин өзүнө окшош жактарын издеп жатты. Чытылган кабагы, кашы, көзү өзүнө окшош эле. Жүрөгү ысып, баланы маңдайынан сылап алды. “Мен сенден баш тарта алмак эмесмин. Жаным кандай кыйналса да, кандай абалга туш келсем да сени таштай албасымды билгем. Уулум, эми баары жакшы болот” деп жатты өзүнө-өзү. Баласына бир нерселерди күбүрөп жатканын байкаган Айнура бактылуу жылмайып алды.
– Эмне деп сүйлөшүп жатасы­ңар?
– Уулум экөөбүз сырдашып жатабыз...
– Рустам, менин оюмча, эми баары артта калды. Мен убадама турдум. Каалаганыңдай уул төрөп бердим. Сен дагы айтканыңды аткар. Экинчи тигил аял менен байланышканыңды билсем, мени эч нерсе токтото албайт.
Рустам Айнуранын жанына келди да, чачынан акырын сылады.
– Мен өзүмө сөз бердим. Эми биздин бактыбызга эч ким тоскоол боло албайт. Мен сөзүмө турам.

ххх

Пианинодо ойноп отурган Айдана терезеге ойлуу тигиле токтоп калды. Быйылкы кыш ага узак да, көңүлсүз да сезилди. Ноталарды көңүлсүз барактаган ал эшиктин коңгуроосуна сүйүнүп кетти.
– Сен кайдан?
– Сага келдим.
Кубат Рустамдын жакын досу болчу. Көп күндөрдү чогуу өткөрүшчү. Айдананын көз алдына Кубат экөөнүн акыркы сүйлөшкөнү эсине түштү.
– Айдана, бүгүн маанайыңды бузгум келген эмес. Бирок...
– Суранам, бузбай эле койчу. Өмүрүмдө биринчи жолу туулган күнүмдө аябай бактылуу болуп, толкунданып турам.
– Рустам үчүнбү?
“Ооба” дегенсип башын ийкеген Айдана суу жээгине отура кетти.
– Ал сага татыктуу эмес!- деп жиберди жүрөгү кызганычтан өрттөнгөн Кубат. Айдана көзүн жума бактылуу жылмайып турду.
– Билем. Баары айтышат. Чын эле Рустам кайда, мен кайда? Сулуу, таланттуу, атактуу композитордун жалгыз уулу кантип эле байкуш, жетим, сулуу эмес Айдананы карап калсын. Чын айттымбы? Бирок жашоодо ушундай да болот тура. Эч кимиң тең көрбөсөң да, Рустам мени сүйөт.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asal
2010-09-25 18:07:25
канча калды экен
0
Tokmok
2010-09-29 02:34:05
koburookdon jazgylachy suranych......
0
elif
2010-10-02 05:44:21
kirgiz tilin onukturobuz dep dagi ele medsestra dep jurosunor,gazetaga basilip 5mln. elge taratkandan kiyin bir az abaylash kerek emes bele?
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан