"LG`нин" ЖАҢЫ МУЗДАТКЫЧТАРЫ АЗЫКТАРДЫ ТААНЫП-БИЛҮҮ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨЛӨНӨТ

"LG" компаниясы “IFA 2020” көргөзмөсүндө жаңы муздаткычтар менен тааныштырат. Бул жылы көргөзмө коноктордун катышуусу менен өткөрүлбөйт. Бирок "LG" компаниясы иш-чарасынан баш тартпастан, турмуш-тиричилик техникасынын жаңы моделдерин виртуалдуу демонстрациялоону пландап жатат. Алардын арасында заманбап муздаткычтардын InstaView сериясы да бар.

Маалыматка таянсак, LG InstaView Door-in-Door муздаткычы – бул UVnano функциясы менен айырмаланган модель. Атайын ультрафиолет светодиоддоруна ээ болгон түзүлүшү бар. Бул түзүлүш 99,99 пайыз вирус жана бактерияларды жок кыла алат.

Кийинки модель – LG InstaView ThinQ. Акылдуу муздаткыч ага салынган жана алынган азыктарды таанып-билүү менен өзгөчөлөнүп турат. Муздаткыч ичине салынган тамак-ашты, жашылча-жемиштерди жогорку технологиялык камера жана жасалма интеллект аркылуу биле алат.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
yomaHA
2020-09-07 22:48:11
Кыргыздарга келсе мээси айланат го муздаткычтын кымыз,бозо,жармаларды тааныбай. Чучук, сары май,куйруктарды такыр эле тааныбаса керек.
+1
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан