“Tesla” өз унааларынын программаларын тынымсыз жаңылап турат. 2020.36 деп аталган программалык камсыздоо электромобилдерди жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кеңейтет. Бул кызмат айдоочуларга ылдамдыкты сактоого, эрежеге баш ийип, эч кандай айып пул төлөбөөгө жардам берет. Айдоочу жолдо өзүн ишенимдүү сезе алат дешет адистер.
Негизги өзгөрүүсү – бул ылдамдыктын чектөө белгилерин таанып биле алганында. Башкача айтканда, автопилот ылдамдык режимин трассага орнотулган жол белгилери аркылуу биле алат. Кызыгы, “Tesla” буга чейин автопилоттун максималдуу жол берилген ылдамдыкты кантип билип алары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган эмес. Анткен менен колдонуучулар буга GPS жардам берет деп божомолдоп келишкен.
Дагы бир функциясы жол чыракта токтоп турганда жардам берет. Анда жашыл күйгөндө аудио билдирүү айдоочуга унааны айдаш керектиги тууралуу кабарлайт.
Жумабай Акимов