ВИТАМИНДҮҮ САЛАТТАР

БАНКАДАГЫ ШАКАРАП

Керектелүүчү азыктар:

(1 литрлик банка үчүн)

• Помидор – 600 грамм

• Сарымсак – 5 тишче

• Кумшекер – 2 аш кашык

• Туз – 1 аш кашык

• Уксус 9% – 1 аш кашык

• Лавр жалбырагы – 1 даана

• Пияз – 1 баш

• Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

• Тоголок кара мурч – 4-5 даана

• Петрушка – 10 тал

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Помидорду 5 миллиметр калыңдыкта тегерек, пиязды жарым тегерек формада, сарымсакты жука, петрушканы майда туурайбыз.

2. Бууланган банкага помидор, пияз, сарымсак, петрушка кылып кезектештирип ирети менен тизип толтуруп салабыз.

3. Мискейге 1 литр сууну куюп, кумшекерди, тузду салып кайнатабыз. Аягында уксусту куябыз да, маринадды банкага куябыз. Үстүнө 1 аш кашыктан өсүмдүк майын кошобуз.

4. Чоң мискейге банкаларды салып, сыртынан 10 мүнөт кайнатабыз. Банканын капкагын жаап, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

"ӨЗГӨЧӨМ” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

• Бадыраң – 2 килограмм

• Помидор – 4 килограмм

• Таттуу болгар калемпири – 5-6 даана

• Черри помидору – 1 килограмм

• Сарымсак – 1 баш

• Сабиз – 3 даана

• Ачуу калемпир – 1 даана

• Өсүмдүк майы – 1 стакан

• Уксус 6% – 1 стакан

• Ашкөк – 1 боо

• Кумшекер – 3 аш кашык

• Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз.

2. Помидорду эт туурагычтан өткөрүп, кумшекерди, татымына жараша туз салып, майды куюп, жай отто 10 мүнөт кайнатабыз.

3. Бул убакыт аралыгында бадыраң менен сабизди жука, тегерек формада туурайбыз. Болгар калемпирин болсо узунунан ичке же төрт чарчы түрүндө туурасаңыз болот.

4. Черри помидорлорун учтуу нерсе менен тешебиз. Бул анын ичине туз, татымалдардын сиңишин шарттайт.

5. Кайнап жаткан помидор массасына сабизди салып 10 мүнөт, андан кийин болгар калемпири менен черрини салып 5 мүнөт, кийин бадыраңды салып дагы 5 мүнөт кайнатабыз.

6. Эми сарымсак менен ачуу калемпирди эт туурагычтан өткөрүп, ашкөктү майда туурап салабыз да, уксусту куюп, 3 мүнөт отто кармайбыз.

7. Салатыбыз даяр! Бууланган банкаларга салып оозун бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.

БАЛ КОШУЛГАН БАКЛАЖАН САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

(1 литрлик 2 банка үчүн)

• Баклажан – 6-7 даана

• Помидор – 8-9 даана

• Сабиз – 5 даана

• Пияз – 4 баш

• Ашкөк – 1 тутам

• Сарымсак – 7-8 тишче

• Уксус 9% – 4 аш кашык

• Бал – 1 аш кашык

• Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажанды жууп, 1 сантиметр калыңдыкта, тегерек формада кесип алабыз. Кесимдерди табага тизип, үстүнө майдан куюп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 15-20 мүнөткө салабыз.

2. Аарчылган пиязды жарым шакекче түрүндө туурайбыз, ал эми сабизди майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз да, майга соолуганча кууруйбуз. Буга майда тууралган сарымсак менен ашкөктү кошобуз.

3. Помидорду эт туурагычтан өткөрүп, уксусту, балды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз да, жай отто кайнатабыз.

4. Бууланган банкаларга сабиз жана пияз куурмачын, баклажанды, 2-3 аш кашык помидор ширесин куюп кезектештирип тизип салабыз.

5. Мискейге банкаларды салып, сыртынан 40-45 мүнөт кайнатабыз да, капкагын бекитебиз.

”ПАРАМОНИХА” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

• Капуста – 1 баш

• Сабиз – 1 килограмм

• Пияз – 1 килограмм

• Болгар калемпири – 1 килограмм

• Помидор – 1 килограмм

• Ашкөк – 1 тутам

• Өсүмдүк майы – 200 миллилитр

• Уксус (9%) – 150 миллилитр

• Кумшекер – 100 грамм

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз.

2. Капуста менен сабизди сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Болгар калемпирин таякча, пияз менен помидорду жарым шакекче түрүндө туурайбыз.

3. Тууралган жашылчаларды чоң сыр идишке салып, туз, кумшекер, мурч, өсүмдүк майын, уксус, майда тууралган ашкөктү кошуп жакшылап аралаштырабыз да, бууланган банкаларга ныктап салабыз.

4. Банкаларды мискейге салып, сыртынан 40 мүнөт кайнатып, оозун темир капкак менен бекитебиз. Кышкы салатыбыз даяр!

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан