Мөңгүлөрдүн жана айсбергдердин тез эришинен улам Жер шарын эң жаман климаттык апаат күтүп жатат. Дүйнө эли мындай тобокелчиликке даяр эмес. Бул тууралуу Улуу Британиянын Лидс университетинин жана Даниянын метеорологиялык институтунун илимпоздору билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Окумуштуулардын билдиришинче, акыркы 30 жылда дүйнөлүк океан 1,8 сантиметрге көтөрүлгөн. Ал эми жыл сайын дүйнөлүк океан 4 миллиметрге көтөрүлүүдө. Эгерде ушундай темп менен океандын деңгээли көтөрүлө берсе, жакынкы жылдары 10 миллиондогон адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн
Жумабай Акимов