АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Анан калса элди тумоо каптап, көзү ачыктар менен төл­гөчүлөр “бул жапайы адамы­ңарды жоготпосоңор, жакшылык көрбөйсүңөр” деп туруп алышты.
Адам-жапайы болсо бирөө­лөр алып келген тамакты тээп ыргытып, адамдарга айбат кылып, арсылдап итче үрүп, караңгы түндү как жара кыйкыра, ботосу өлгөн каймалдай боздоп, көпчүлүктүн үшүн алды.
Акыры тамак да жебей, суу да ичпей калды. Ошол чыкыроон күнү адам-жапайы ордунда алсыз жатты. Сырттан шыбырт угулса эле, умсуна башын көтөрүп карап коёт. Ооба, ал Отунчуну күтүп жаткан. Келип калабы деген үмүтү алсыз илинип тургандай.
Ошентип, шалдырап жатып көзү илинип кетти. Түшүндө Отунчу экөө кызгалдактуу талаада жүрүшүптүр. Отунчунун чачы абдан узун экен да, үстүнө кызыл көйнөк кийип, колуна кыпкызыл кызгалдактарды кармап алыптыр. Экөө бири-бирине ымдашып, көңүлдөрү көтөрүңкү. Анан бир убакта эле жанында келе жаткан Отунчуну куюн көтөрүп кетип, тээ алыс жакка алпарып таштайт. Бул болсо ага жетмекке чуркап, колун сунат. Анткен сайын Отунчу андан алыстайт. Ошентип, аракет кылып эми жетейин дегенде эле баягы куюн келип өзүн көтөрүп учат. Ошол боюнча аны сөлөкөттөр жүргөн жерге алпарып таштайт. Алар эмне болгон сөлөкөттөр экенин ажырата албай башы маң. Чочулап, ал жактан кетмекке бурула бергенде бир күчтүү кол муну кармап калат. Андан бошонуу үчүн жандалбас кылып жатып ойгонуп кетти.
Кара тер басып, суусап калыптыр. Бир жагынан суусап, бир жагынан Отунчунун элеси көз алдына тартыла берип, акыры адам-жапайы ордунан козголду. Жүрөгүндө Отунчуга болгон кусалык ашып-ташып бараткандай. Кыймылдагангабы, айтор, жаны сыздап, бүт денеси ооруп чыкты. Тиштенип ордунан туруп, эми сыртка кадам таштаганда өзү байланган байлоого көзү түштү. Жашоосундагы жаман нерселердин баарына ушул күнөөлүүдөй байлоону болгон күчүн жумшап үзгөнгө жетишти. Ошол кезде көзү караңгылап, айланасы туманданып кеткендей болду. Бир маалда өзүнө келе түштү да, шатыга карабай, жаңгак менен сыйгаланып жерге түштү. Көзүнө дароо Отунчунун уктачу жайы урунуп, ал жакка жөнөп, жетери менен кулады. Аңгыча кандайдыр бир туңгуюкка кулап бараткандай болуп жаны сыздап чыкты. Ушул сезим өлүм коркунучунан белги берип жаткандай мээси чыңалды. Көзүн ачса эле ошол коркунучтан аман кала тургандай жанталаша көзүн ачты. Мурдуна өзүнө тааныш жыт уруна берди. Караса, жакын жерде Отунчунун жоолугу жатыптыр. Эптеп жылып ага жетип, шуу жыттады эле күлүмсүрөгөн Отунчунун элеси келе калды. Ага колун суна бергенде анын элеси өзүнүн апасынын элеси менен алмашып кетти. Апасы буга колун сунду да, жетелеп жөнөдү. Экөө мунарыкка сиңип баратышты...
Ошентип, кечке жуук адам-жапайы жарык дүйнө менен коштошуп кете берди.

ххх

Отунчудан болсо дарек жок. Каттагандардын бирөөлөрү “төрөгөн соң бирөөлөр баласын уурдап кетиптир. Ошондон улам акылынан айнып калыптыр” дешсе, бирөөлөрү “антпей эле бирөөлөр баласын уурдамак болушканда, ымыркайын алып тоого качып кетиптир” дешти. Дагы бирөөлөр “мунун баары жалган, адамга да, жапайы кишиге да окшобогон чүрпөсүн жакшынакай эле багып жатат” дешти.
Эл кайсынысына ишенерин билбей кала берди.

ххх

Алматтардын жигиттери адам-жапайы менен мергенди корумдап көөмп, аман калган баланы айылына көтөрүп келишти. Алты үйдө калган сегиз киши узакка үнсүз отуруп, мергенди эскергендей болушту. Шам жагылып, бакшы бийледи. Бирөөлөр мергенди алматтардан башка бирөөгө үйлөнүп алганы үчүн жектешти. Дагы бирөөлөр түпкү энебиздин урпагына үйлөнүп туура кылды деди. Бир гана чачы, сакалы куудай карыя күтүлбөгөн сөзү менен баарынын оюн бузуп ийди:
– Даярдангыла, эл арасына кетебиз! Акыры минтип алматтар ада болду, кимде ким башка уруудан кыз алса, кыздар башка уруудагы жигитке күйөөгө чыкса туура тутабыз! Бул баланы болсо, журтубуздун ээси катары жети үйдүн ортосуна таштап кетебиз. Жашай турган күнү болсо, аны көрсүн. Жок, ичер суусу түгөнсө, акыры баарыбыз барар жерге эртерээк күнөөсүз кезинде кете берсин!..

Тойчубай Анаркулов

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Эмо
2011-07-30 22:29:55
Baaryn ele olturup koyupsuz go,jomokko okwop kalyptyr...
0
adelima
2011-09-02 21:18:50
окшобой калыптыр жапайы уламышынар. аягы да ушинтип бутобу?
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан