ООГАНСТАНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНЕН 190 КИШИ НАБЫТ БОЛДУ

Ооганстандагы суу ташкынынан улам акыркы 10 күндүн ичинде 190 адам өмүрүнөн айрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланды.

Ооганстандын Парван, Каписа, Пенчшир, Вардак, Нангархар, Пактие, Хост, Нуристан, Кунар, Лахман, Бамян жана Газни аймактарында болгон суу ташкыны 190 адамдын өмүрүн алып, 172 киши жаракат алган. Суу ташкынынан 4 миң үй-бүлө жабыркап, 3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлгөн. Селдин кесепетинен 1055 үй жапа чеккен. Маалыматка ылайык, Парван аймагы эң көп жоготууларга учураган. Бул аймакта ушул кезге чейин көптөгөн адамдар дайынсыз болуп жатат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан