КАСИЕТ

«Унут мени»

Алман дешчү аны. Өз аты Алмамбет. Келишимдүү, билимдүү жигит айылга мугалим болуп келгенде 35 жашта эле. Касиет экөөнүн таржымалы да ушул айылда башталган. Ал Касиеттин атасынын досу болчу.

– Кычыраган мыкты жигит экен, айылга эмнеге келиптир?

– Бир мандеми болбосо борбордон айылга эмнеге келсин?

– Үй-бүлөсү да жок бекен?

– Ажырашып кетсе керек же үйлөнбөгөн бекен?

Айылда ушундай күбүр-шыбыр кептер тарап жатты. Алар мандем деген нерсе Алмандын өтмүшү эле. Касиет 15 жашка эми кирген кези болчу. Көкүрөгү керилип, сымбатына кирип калган учур. Жарк этсе көздөрүнөн жалын бүрккөн башкача сулуу кыз эле. Кыз кыялындагы ханзаадасын күтүп жүргөндө алардын жашоосуна Алман кирди. Атасы менен тең экенине эч эле ынана албай жүрдү алгач. Шаарда жүргөнгөбү, алда канча жаш көрүнчү атасынан. Ата-энесинин күбүр-шыбырынан анын түрмөдө жалган жалаа менен отуруп келгенин угуп калганы бар.

– Алман, биздин жашоо ушундай жупуну, эми көнүп кетерсиң,- деп бапылдаган атасы.

– Жаныбек, койчу, ушинтип да сүйлөйсүңбү?

Эчен жыл өтсө да ошол коңур үн азыр да кулагында.

– Бул Касиет. Өзүң атын койгон кызым ушул. Бул аяш атаң. Мен рейсте болгондо сени төрөтканадан чыгарган ушул.

Алман бой жетип келе жаткан кызды тиктеди. Чыгармачыл адам эмеспи, кыздагы сейрек кездешчү сулуулукту дароо баалады.

– Касиет! Мен ойлогондон да сулуу кыз болуптурсуң,- деди жылмая.

Кыз дүйнөсүнүн табышмагын эркектер кайдан билсин? Ошол «сулуу кыз болуптурсуң» деген сөз төбөсүн көккө жеткирди. Эки адамдын тагдыры ушул жерде байланганын эч ким сезбеди.

ххх

Касиеттердин үйүнөн бир аз алысыраак жерде Алман жашачу. Караңгылык каптаган короодо демин ичине алган кыз агайынын терезесин акмалай берди. Тиги келин жаңы эле чыгып кеткен сыяктуу. Агайынын башталгыч класстын мугалими Зина эжей менен байланышы бар экенин билчү. Муну бүт айыл билчү. Бирок коом бул нерсеге эч качан эркекти күнөөлөбөйт эмеспи. Алманды сүттөй ак кылып, Зинаны жеткен бузуку кылып тыянак чыгарып коюшкан. Ал чыгып кетери менен болгон күчүн жыйып үйгө Касиет кирип келди.

– Касиет? Эмне болду?

– Эч нерсе.

– Атаң чакырып жатабы?

– Жок.

– Анан эмне болду?

Алман үрпөйө тиктеп калды кызды. Анын жалын бүрккөн көздөрүнөн бир нерсе окугансып, андан өзү да чочуп кеткендей кетенчиктей берди.

– Алман агай, мен...- кыз акырын шыбырады. Бирок үнү түндү жарып кеткендей сезилди. Жүрөгү кабынан ыргып кете тургандай түрсүлдөйт.

– Унчукпа...

– Мен...

– Касиет, чык.

– Зина эжей келсе болот, мен келсем болбойбу?- деп жиберди жанатан берки ызасы оозунан булт эте. Алмандын оозу эми даана ачылды. Шалак эте отуруп калды.

– Зина экөөбүз кандай кылсак өзүбүз билебиз. Ал чоң адам.

– Ал менден аз эле улуу. Мен сизди сүйөм! Келген күндөн тартып...

Көкүрөгүн жарып чыга тургандай бул сезим күчтүү болчу. Алман башына бирөө таш менен ургандай деңгиреди. Эң кыйын абалында кол созгон досунун кызы! Эч мүмкүн эмес эле. Башын чайкап жиберди.

– Бул сүйүү эмес. Бул балалык кумар, суктануу. Менде да болгон. Буларды эстеп кийин күлөсүң. Балким, уяласың.

– Жок!

– Менин алаканыма баткан кичине кыз болчусуң. Атыңды да өзүм койгом. Касиет, сен дүйнөдөгү эң таза, эң акылдуу, керемет жансың. А мен... Болбойт, мүмкүн эмес. Унут мени.

«Унут мени». Өчүргүч менен өчүрүп сала тургандай оңой айтты. Эч унута албады. Турмуш чайкаганда, урундурганда, эң оор күндөрүндө өчөшкөнсүп эң биринчи акылына Алман келчү.

«Досум, мен баарын билгем»

Касиетти мектепти бүтөрү менен сөйкө салып турмушка узатышты. Райондо аты чыккан байдын баласына ата-энеси жок дей албады. Кетерде атасынын эмес, Алмандын моюнуна асылып шолоктоп ыйлаганын эч ким этибар алган жок. «Аяш атасына жакын» деп тим болушту. Ыйдын артында эмне жатканын Алман эле билди.

– Бактылуу болушуң керек, Касиет, чырагым, ыйлабачы,- деген ошондо Алман. Өзүнүн көзүнөн жаштар ыргып кетчүдөй болуп турганын араң жашырган эле. Кызды колтуктап алып кетип бара жаткан жеңелерди көздөй умтулуп, бирок кыларга айласы жок ичтен өксүп кала берген. Ошол менен бүттүбү? Кайдан?.. Касиетсиз анык тозогу башталды. Өзүнүн кызы менен тең Касиетти сүйүп калганына бир чети ыза болсо, бир чети тагдырына таң калат. Өзү жол кырсыгына кабылганда аялы кызын алып, өзүн таштап кете бергенде да мынча жаны ачыган эмес. Ак жеринен караланып түрмөгө жатып чыкканда да жүрөгү мынча жанчылбаган. Борбордогу кадыр-баркын, ишин таштап алыскы айылга келгенде да мынча томсорбогон. Куду колундагы асыл буюмун бирөөгө алдырып жибергендей ичтен сызды. Бул кыз өзү менен кошо бүтүндөй дүйнөнүн өңүн өчүрүп кеткендей ааламы бопбоз. Зина да калды, башка да калды. Муну биринчи досу байкады.

– Алман, сен ооруп жүрөсүңбү?

– Жок, эмне болду?

– Күндөн күнгө сүйлөбөй эле баратасың.

– Жок, жакшы элемин, андан көрө Касиеттен кабар барбы?

– Аяшың күндө эле сүйлөшүп жатат, «жакшымын» дептир.

Телефонун сураганга оозу барбады. Ошол боюнча жарым жылдан кийин көрдү. Алыстан жоолук салынган келинди көргөндө эле болк этти жүрөгү. Жакын келгенде араң эсине келди. Канчадан бери бир көрсөм деп көксөгөнү чын, бирок ушу кебетесин көргөнчө көрбөй эле койсом эмне деп ичи ачышып кетти. Кыз кезинде жүзүнөн күлкүсү тыйылбаган, карегинен жалын бүрккөн кызды кимдир бирөө алып туруп сындырып койгондой эле. Ичинен бир нерсе кыйрап калгандай эле. Жүзү купкуу, көзүнүн алды көгөрүп жүрөт. Ичинде баласы да чоңоюп калган экен.

– Кандайсың?

– Кандай экенимди көрүп турасың го.

Касиет «сен» деди. Ызасы кайнап турганын сезип Алман кетенчиктей берди.

– Мен...- сөзүн эмне деп улашты билбей калды.

– Сен! Баарына сен күнөөлүүсүң. Сен коркок болбогонуңда, мени алып кеткениңде, сүйүүңдү коргогонго эркиң жеткенде булар болмок эмес. Эми көр жашоомду. Байлыгына көпкөн күйөөмдүн мени урганын, башка аялдардын төшөгүнөн келип мени кыйнап зордуктаганын, мунун баарын көрүп туруп көз жумган ата-энесин... Андан да жаманы – мунун баарын көрүп туруп «турмуш ушу» деген менин ата-энемдин кайдыгерлигин... Жалгыз кызын жалынга түртүп ийип жашап жатышкан ата-энемди көр. Көр ушунун баарын.

Алман эч нерсе дей албады. Чындыктын жүгү оор болчу. Касиеттин тагдырына чын эле баары күнөөлүү болчу. Ажырашып кетти. Баласын ата-энесине таштап, Москвага кетти. Аз өтпөй досу Жаныбек менен аялы жол кырсыгына кабылып каза болушту. Кабарды угуп ооруканага жетип барган Алманга досу акыркы сөзүн айтканга үлгүрдү.

– Сен акыркы күнгө чейин достуктун шертин бузган жоксуң. Ыраазымын сага. Касиет экөөңдүн сүйүүңдү аялым экөөбүз билчү элек. Бирок айлабыз жок болчу. Ошол үчүн биринчи колун сурап келген адамга берип салууну туура көрдүк. Атасы менен тең сага бере албайт элек. Касиет кетип калганда сенин абалыңды көрүп ого бетер жанчылдым. Анын тагдырын көрүп андан бетер жаным ачыды. Кызым кабарсыз кетти, бизге таарынычы бар.

– Досум, көп сүйлөп алыңды кетирбе.

– Алман, мен ажалдан кутулбай калдым. Жалгыз кызым бактылуу болсун дечү элем. Эми тагдырын өзү чечсин. Бир суранганым неберемди тиги иттерге бербе. Азатты өзүң чоңойт. Касиет менен Азат сага аманат.

«Сага келдим»

Алман Азаттын болпойгон жүзүн карап отуруп оор үшкүрдү. Мына, бир жылдан бери Азат экөө жалгыз. Эмне деген күндөрдү башынан өткөрдү, бирок эмгеги колуна тийип чоңойтуп алды. Мал тейлеп бүтүп, эми үйгө кире бере турган учурда бир караанды көзү чалды. Эмнегедир жүрөгү туйлай түштү. Көтөргөн чоң сумкасы бар жаш аял экенин байкады. Көзүн бардап алып Касиет экенин тааныды да, жаш балача жүгүрүп жөнөдү. Карга сүрдүгүп жыгылып-туруп жетип барганча аалам токтоп калгандай сезилди.

– Сенби? Келдиңби?

– Келдим. Сага келдим. Ата-энеме, сага, бүт ааламга таарынып кабарлашпай койдум эле, жакында эле ата-энемдин каза болгонун уктум. Сен атамдардын үйүндө экениңди угуп... Азатты, уулумду багып жатканыңды уктум.

– Мага келдиң! Касиетим!- деди көзүнө жаш айланган Алман. Жаш балача кучактай берди. Экөө тең карга жыгылды. Ыйлап жатышты. Бирөө жоготтум деп ойлогон бакыты кайтып келгенине, экинчиси таарынычтын айынан эчен азап-тозок күндөрдү өткөргөнүнө ыйлап жатты. Ошондой эле бул көз жаш бакыттын көз жашы болчу.

ххх

Жайлуу, ысык бөлмөдө келин төрөлө элек наристесине байпак токуп отурду. Эшик ачылып, 1-класста окуган уулуАзат менен күйөөсү Алман кирип келди.

– Келип калдыңарбы?

– Атамдын сабагы бүткөнчө күтүп отурдум. Үшүдүм, апа.

– Азыр тамак чыгарам. Силер колуңарды жуугула.

Алман менен Касиет бирин-бири ысык карап коюшту. Бул азап-тозоктон өтүп, бирин-бири тапкан ашыктардын көз карашы эле.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2020-09-18 08:22:45
Турмушта эмнелер гана болбойт. Бул өзү чыгарма болсо да, ушуга окшогон түркүн тагдырлар кездешет экен го.
+1
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан