ЖЫЛУУ ПОЛДУН ЗАМАНБАП ТҮРЛӨРҮ

Үй жылытуучу башка системдерге караганда үйгө жылуу пол орнотууда электр энергиясы аз чыгымдалат. Эрте-кеч от жагып күйпөлөктөп, күл чыгарбайсың. Убактың да үнөмдөлөт. Эмесе, жылуу полдун заманбап жана буга чейин колдонулуп келген түрлөрү тууралуу сөз кылабыз.

ИНФРАКЫЗЫЛ ПЛЁНКА ЖЫЛУУ ПОЛУ ЖАНА ТАЯКЧА ТӨШӨЛМӨ

Жаныбек Кулумбетов, KyrSEFF (Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо) программасынын Бишкек шаарындагы инженери.

Инфракызыл жылуу полу

– Бул жаңы муундагы электрдик жылытуу системи. Белгилүү болгондой, адамдын организми инфракызыл жылуулукту алып жүрөт жана 6-20 микрометрге чейинки толкунду чыгарып турат. Ал эми инфракызыл жылуу пол инфракызыл толкунду 5-20 микрометрге чейин чыгарат. Ошондуктан адамга жагымдуу жана ден соолукка пайдалуу.

Инфракызыл жылуу пол – бул сырткы физикалык таасирлерден сактоочу катмар менен изоляцияланган графит тилкелерден турган жылытуучу элементтери бар ичке термоплёнка. Бул ламинат, паркет, линолеум, ковролиндин астына төшөлөт. Violet, Caleo Gold жана башка аталыштарда чыгарылат. Кургак түрдө, бир нече саатта орнотууга болот. Зым түрүндөгү жылуу полго салыштырмалуу электр энергиясын 20 пайыз аз сарптайт. Орноткондон кийин эле иштетүүгө болот. Полдун деңгээлин 3-4 миллиметрге жогорулатат.

Кесилүүчү Violet инфракызыл плёнкасы 130 Ватт/чарчы метрге жана 210 Ватт/чарчы метрге болуп 2 түрдүү чыгарылат. Узундугу 1 метр, туурасы 0,5 метр болот. Кубаттуулугу азы жакшы жылууланган имаратты жылытуу үчүн колдонулса, кубаты жогорусу негизги жана кошумча жылытуучу катары пайдаланылат.

Таякча түрүндөгү төшөлмө

– Таякча (стержен) түрүндөгү Unimat ичке жана ийилчек инфракызыл карбон элементтеринен турат. Калыбына келчү функциясы бар. Эмеректердин астына төшөсө үзүлүп же өчүп калбайт. Толук жылытуучу жана кошумча жылытуучу пол катары плитка, керамограниттин астына орнотулат. Жылытуучу кабелге салыштырмалуу электр энергиясына болгон чыгым 60 пайызга аз. Кубаттуулугу – 116 Ватт. Жылытуу аянты – 0,83 чарчы метр.

Полдун деңгээлин 12 миллиметрге чейин көтөрөт. Атайын терморегулятор керектелет. Стяжканын бетине жылуулукту чагылдыруучу материал жаткызылып, анан орнотулат.

Мисалы, балдар бөлмөсүнүн аянты 12 чарчы метр дейли. Анын 5 чарчы метринде эмеректер турат. Демек, жылуу полдун аянты 7 чарчы метр болуусу керек.

Таякча түрүндөгү төшөлмөнү (термомат) кыскартууга жана узартууга болбойт.

CALEO плёнка полун жана UNIMAT таякча полун орнотуу

Үйдүн аянты 40 чарчы метр болсо, анын 10 чарчы метрин санузел жана кире бериш ээлейт дейли. Ошондо 30 чарчы метр жашоочу жана 10 чарчы метр кошумча бөлмөлөрдү жылуулоо керек. Залга жана уктоочу бөлмөгө Caleo плёнка жылуу полу, ал эми санузел менен кире беришке Unimat таякча төшөйбүз. Жылуу пол үчүн керектүү материалдар жана ага кетүүчү чыгымдарды эсептеп көрөлү.



ЭЛЕКТР КАБЕЛДИК ЖЫЛУУ ПОЛ ЖАНА СУУ МЕНЕН ЖЫЛЫТУУЧУ ЖЫЛУУ ПОЛ

Нурланбек Ирисов, KyrSEFF программасынын Ош шаарындагы өкүлү:

– Электрдик кабелдик жылуу пол жана суу менен жылытуучу жылуу пол бир топ жылдан бери колдонулуп келе жатат.

Электрдик кабелдик жылуу пол – мында кабель аркылуу электр тогу өтүп, жылуулук бөлүп чыгарат. Электр тогуна туташтырылат. Жылуулукту көбөйтүп же азайтып туруу үчүн терморегулятор орнотулат.

Суу менен жылытуучу жылуу пол ичке желим түтүк аркылуу өткөн ысык суу менен полду жылытуу. Бул жылуулук системине туташтырылат. Биз 20 чарчы метрлик бөлмөгө аталган 2 түрдүү жылуу полду минимум жана максимум чыгым кетирүү менен орнотууну эсептеп көрөлү.




Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан