(Башы өткөн сандарда)
Базаны көздөй чакан жол кетиптир, Керим «ушул жол менен бара берсең дал өзүнөн чыгасың» деп жолго салды. Бир чакырымдай жүргөндө токойдун ортосунда, бир гектардай тегиз жерде экен. Аталышын чоң кылып «Тарзан» деп жазып, Тарзандын, маймылдардын дарактардын башында отурган сүрөттөрүн тартып коюптур. Бийик өскөн карагайларга биринен-бирине аркандан жасалган асма көпүрөлөр байланып, бир карагайдан экинчи карагайга ошол аркан көпүрө аркылуу өтүп, айтор, альпинист болом дегендерге кызыктуу жер экен.
Мүшөктөрдү көтөрүнүп алып келдим, кооз жер экен, базаны эки тарабынан токойлуу тоо курчап турат. Мейманкана аркылуу эле келбесе, бул жерге келе турган башка жол жок окшойт. Жөө, аскага тырмышып эле ашып түшпөсөң. Жанынан чоң суу агып өтөт экен, бир жерин тосуп, көлгө айлантып коюптур. Сууга түшсөң болчудай, айтор, эс алганы келгендерге жыргал эле жашоо.
Базаны тазалап бүтүп, саат бештерде көлгө түшүп алып мейманканага барсам, Керим мени көрүп жаныма келди.
– Жанымда болуп тур, азыр Акимыч келет, акчаны, жасачу иштериңди сүйлөшүп аласың,- деп калды. Керим Бишкектен экен, жети жылдан бери бул жерге келип, сезондо беш-алты ай иштеп кетет экен. Керимден башкасы Ысык-Көлдүн Чок-Тал деген айылынан болорун билдим, “башка жактыктарды жумушка албайт” дейт Керим.
Аны-муну сүйлөшүп отурсак, эки Жип келип токтоп, биринен Акимыч, экинчисинен дагы бир адам түшүп, экөө мейманкананын артында, өзүнчө төрт бөлмөлүү үйдү көздөй басышты. Кеңсеси экен, бир аздан кийин Акимыч мага чалып «кирчи» деди. Ашыкча эч нерсе жок, бөлмөнүн төр жагына «Т» формасында стол коюлуптур, үч отургуч, төрт кишилик диван, дубалга Ысык-Көлдүн сүрөтү илиниптир. Столдо компьютер.
Төрдө Акимыч отурат, диванда бою узун, чачы желкесине түшкөн, кара тору, олбурлуу, жашы отуздардагы, спорттук кийим кийген адам отурат. Кыргыз эмес, кебетесине караганда түрк окшойт. Кирип барсам Акимыч ордунан туруп:
– Кел, Дастан, жайланышып алдыңбы?- деп, шеригине мени тааныштырып калды.
– Мен айткан бала ушул. Спортсмен, мушкер. Таанышып алгыла.
Акимыч аны иним деп тааныштырды.
Ордунан туруп келип:
– Муслим,- деп мени баштан-аяк сынап карап колун сунду, өзүнө ишенген көз караш.
– Дастан.
– Отур, отургула. Дастан, баягыда сүйлөшкөндөй эле, айлыгың бүгүндөн эле жазыла баштайт. Тартынбай тамактанып, эмне керек болсо ачык эле айтып, кенен жүрө бер. Меймандар үч күндөн кийин келишет. Керимге айтсаң, тоого алпара турган аркандарды көрсөтсүн. Өзүң карап, кемчилиги болсо айт, даярдап коёлу. Ага чейин эс ала бер, база кандай, таза эле бекен?
– Таза эле, тазалап койдум.
– Жакшы кылыпсың, эми түшүнөсүң да, бул жакка туристтер эс алалы деп келишет. Шарт түзүп беришибиз керек. Макул эми, бара бер анда, кемчиликтер болсо тизмесин түзүп кой, эртең Чолпон-Атага барып алып келебиз.
Ал күн ушинтип өттү. Эртеси керектүү нерселерди жазып алып Чолпон-Атага барып, бир чоң кампадан баарын алып келдик.
Үч күндөн кийин кечке маал отуздан ашык чет өлкөлүктөр келишти, немистер, чехиялыктар, англичандар. Жарымы анын эртеси келишти. Айрымдары он күн, башкалары он беш күн, айтор, ар кимиси ар кандай убакыт эс алып кетишип, ордуларына башкалары келет экен.
Бир жактан аттарды таап келишти, күндө көлгө түшүшөт, ат минип алып сейилдешет, күндө кечинде дискотека. Мейманканада иштегендерде тыным жок.
Мен да күндө эртең менен, кечинде таштандыларды терип бир жерге чогултам. Ар төрт күндө чоң машине келет, салып берем.
Көбүнчө аялдарды, жаш балдарды ээрчитип алып базага барып кантип бийикке чыкканды, жиптерди кармап бир дарактан экинчи даракка өткөндү үйрөтөм, кечинде бир сыйра аркандарын текшерип, тазалайм. Башка убакта бошмун, сууга түшөм, уктайм. Бул жактагы жашоо жага баштады.
Чет жер, суу таза дешет окшойт, Чолпон-Атадан да келген кардарлар көп.
Кээде жакынкы айылда жашаган бир атчан адам келип туристтерди ээрчитип алып, тоого чыгып келебиз. Мен да аскага чыга турган шаймандарымды атка артып алып кошулуп жүрөм. Азырынча туристтердин ичинен “аскага чыгат элем” дегени боло элек.
Ар эки-үч күндө автобус менен туристтерди көлгө алып барып, беш-алты саат сууга түшүшөт, мен да алар менен кошо жүрөм. Кечинде ресторанга туристтерден башка, жергиликтүү жашоочулар да толуп калышат.
Баягы Гули негедир мага өчөштү да калды, жолуккан жерден жаман карап өтөт, бир ишти туура эмес кылып койсом сөзсүз «тырыштырат». Бара-бара көңүл деле бурбай калдым, бирок баары бир “ишимден дагы эмне кынтык табар экен?” деп турам. Бир жолу мейманкананын бурчунан бурула берсем, эшиктин алдында турган экен, дагы бир нерсе дебесин деп артка бурула берсем, артымдан ушул жерде иштеген эки кыз келаткан экен. Менин дароо бурулганымды көрүп таң кала карап өтүп кетишкен, Гулини көрүп түшүнүштү окшойт, шыңкылдап күлүп калышты. Ичимден сөгүнүп алдым, теңелбейин деп жатсам туура эмес түшүнүшөт окшойт. Эми эмне, кыздар менен акыйнек айтышышым керекпи?
Арадан бир топ күн өттү, бир күнү Акимыч чалыптыр.
– Эртең Арал деген жерге барабыз, бир аскага чыгып түшүп көрүшүң керек, экзамен деп эсептеп коё бер. Шаймандарыңды алып ал,- деди.
Эртеси Муслим да келиптир, жакын эле жердеги бир аскага чыгам го дегем. Үч ат даярдалыптыр, үчөөбүз аттарды минип алып тоо аралап жөнөдүк. Эки тарабы бийик жалама асканын ортосу менен суу аккан капчыгай бар экен. Бир сааттан ашык жол жүрүп, аябай кооз жерге жеттик. Бет алдыбыздан шаркыратма көрүндү, бийиктиги кырк метрден ашык го, жалама аскадан түшүп, суу түшкөн жери өзүнчө чакан көл болуп калыптыр.
Шаркыратманын жанындагы асканын боорунда аппак так бар экен, бир нерсе урунган окшойт. Мындай из бир нерсенин соккусунан эле калат. Асканын бети тегиз эмес, ичкери көздөй ийилгенсип турат экен. Көнбөгөн адам түшө албайт мындай жерден, аскага жармашып түшүшүң керек.
Шаркыратманын айланасы коюу токой, бир четинде эл сыйынган мазар бар экен. Очок, казандар турат, жакын арадагы дарактарга ар кандай чүпүрөктөр байланган. Акимыч асканы көрсөтүп:
– Чыга аласыңбы?- дейт. Тамашалап жатабы деп көзүнө карасам тамаша эместей.
– Чыга албайм, бирок менин милдетим аскада адам калып кетсе алып түшүш да. Ал үчүн сөзсүз эле ылдыйдан жогору чыгыш шарт эмес, жогорудан түшүп да куткарса болот,- дедим. Экөө бири-бирин карап калышты.
– Жогорудан түшө аласыңбы?- деди Акимыч.
– Түшсө болот.
– Түшүп көрбөйсүңбү?
– Макул, көрөлү.
Асканын башына, суу түшкөн жердин үстү тарабына чыктык.
Бул жер Арал дегендей эле жер экен, айлана-тегереги бүт бийик, токойлуу тоолор менен курчалып, бир тарабынан гана капчыгай аркылуу жол кетиптир. Чоң суу ошол капчыгай аркылуу агып чыгат экен.
Пансионаттан бул жерди бир тоо бөлүп турат экен, эгер айланып жүрбөй тоону ашып өтсөң тез эле жетсең болчудай.
Бул жакка адамдар көп деле келе бербесе керек. Мал айдап келейин десе опурталдуу, малдары тар көпүрөлөрдөн сууга түшүп кетиши мүмкүн. Чөп чаба турган деле тегиз жер жоктой...
(Уландысы кийинки санда)