КӨРӨРМАНДЫ ЧЫҢАЛУУДА КАРМАГАН “ЖАМАНДЫК ГҮЛҮ”

Мм... Чипсы, семичке камдап алып, кандай сериал көрсөм деп отуруп калдыңызбы? Анда сизге сонун сериал сунуштайбыз. Сонун дегенде кандай? Эгер бири-бирин эзилише карап, романтикалык мамиледеги кыз-жигиттин мамилесин чагылдырган сериал көрөм десеңиз, биз сөз кыла турган дорама сиз үчүн эмес. Эгер детектив, триллер жанрындагы тасмаларга жакын болсоңуз, анда катарыбызга кош келиңиз. Учурда Түштүк Кореяда жогорку рейтингге жетип, аны менен катар көпчүлүктүн талкуусунда турган дорама «Жамандык гүлү» («Цветок зла») деп аталат.

Аталышы: «Жамандык гүлү»

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Тартылган жылы – 2020-жыл

Канча серия? – 16

Жанры – мелодрама, триллер, детектив

Башкы ролдордо – Ли Жун Ки, Мун Чэ Вон

Режиссёру – Ким Чоль Гю («Моюнга алуу», «Аэропортко бараткан жолдо» жана башка сериалдарды тарткан)

Сценаристи – Ю Чон Хи («Кийимсиз өрт өчүргүч» ж.б.)

ТАБЫШМАКТУУ СЮЖЕТ

Бактылуу үй-бүлө. Сериалдын алгачкы мүнөттөрүнөн ошондой ой жаралат. Үй-бүлө кожоюну Пак Хи Сон (Ли Жун Ки) темир устачылык менен алектенген, аялына камкор, кызына мээримдүү, абройлуу адам. Ал жумушуна да жетишет, кызын бакчага алып барып, алып келет. Аялы жумуштан келгиче үй жумуштарын жасап, кызын багып отурат. Бир карасаң, айымдар кыялданган идеалдуу мырза.

Пак Хи Сондун аялы Ха Жи Вон (Мун Чэ Вон) детектив, полициянын оор кылмыштар бөлүмүндө иштейт. Жумушун так аткарган, чыныгы детективге тиешелүү көрөгөчтүк, баамчыл сапаттарга ээ. Кандай ишке аралашпасын, чындыкка жеткиче жаны тынбайт. Үйүнө барса ширин кызы, «эс алып ал, чарчадың» деген күйөөсү тосуп алат. Бир күнү ал оор кылмыштын бетин ачууга аракет кылып жүрүп, киши өлтүрүүгө күйөөсүнүн катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин билип калат. Камкор, сүйүктүү адамы чынында киши өлтүргүчпү? 14 жылдан бери чогуу жашаган адамдын ким экенин билбейби? Алдыда чындыкка жетүү максаты турат.

ПАК ХИ СОН + ХА ЖИ ВОН

– Сендей мыкаачы, жаман адамды детектив аял кантип сүйүп калды?

– Ха Жи Вон мен үчүн окулуп бүткөн китеп сыяктуу. Аны жаттап бүткөм. Менден эмнени каалаганын билем,- деп мыскыл жылмайган Пак Хи Сонду көргөндө башындагы идеалдуу мырза деген оюң күбүлүп түшөт. Анын күзгүнү карап алып адам бактылуу болгондо жүзү кандай өзгөрөрүн, эмоцияларды жаттап жатканын көрүп «бул жинди экен» деген ойго келесиң. Эмоциялардын өзгөрүшүн актёр Ли Жун Ки жогорку деңгээлде ачып берген.

Көрөрман Пак Хи Сонду бир карап «маньяк» десе, кийинки эпизоддо «ой, күнөөлүү эмес турбайбы» деген ойго жетеленет. Мындай кубалашкан ойлор адамды ээрчитип, акыры эмне болот деген кызыгуу жаратат.

Ал эми детектив айымдын ролуна келсек. Ха Жи Вон жумушунда жоопкерчиликтүү кызматкер. Бирок анын алдында жөнөкөй кылмышкер эмес, күйөөсү турат. Ал же детектив, же аял катары бир чечимге келиши керек. Жаман менен жакшылык, ишеним менен саткынчылык, сүйүү менен жек көрүү, кабыл алуу же кечирүү сезимдерин чагылдыруу Ха Жи Вондун моюнунда. Сиз анын ордунда болсоңуз эмне кылат элеңиз?

КАЙРАДАН БИРИГИШТИ

Ли Жун Ки менен Мун Чэ Вон буга чейин 2017-жылы «Кылмышкердей ой жүгүртүү» сериалына тартылышкан. Анда экөөнүн ортосундагы «химияга» тойбой калгандар болду эле. Ли Жун Ки сериал бүткөндөн кийин «Мун Чэ Вон менен кайрадан иштешким келет» деп маек берген. Анын ою 3 жылдан кийин ишке ашып, «Жамандык гүлү» дорамасында үй-бүлөнүн ролун аткарышууда.

Ли Жун Ки «Жамандык гүлү» дорамасы тууралуу:

– Сценарийди окуп жатканда эле бул «Жамандык гүлү» эмес, «Сүйүүнүн жана чындыктын гүлү» экен деген ойго келгем. Көп жылдан бери куруп, бекемдеп алган нерселериң калп болуп чыкса, ар бирибиздин эле таман алдыбыз урап түшсө керек. Анан да сериалда чындык менен сүйүүнүн алдында адамзаты алсыз экени чагылдырылат.

Мун Чэ Вон сериал тууралуу:

– А мен сериалды «Куткаруучу гүл» деп атамакмын. Бир адам сүйүктүүсүн эч нерсеге карабай сактап калгысы келди. Анын чечими туурабы, туура эмеспи ар бир көрөрманга суроо болсун.

«ЖАМАНДЫК БИР КҮНҮ КӨМҮЛӨТ, ОШОНДО ГҮЛ ӨСҮП ЧЫГАТ»

Сериалдан оор балалык, зомбулук, үй-бүлөдөгү ар бир көз ирмем баланын келечегине, аң-сезимине таасир берерин көрө алабыз. Көпчүлүк тасмалардын баш жагын көрүп эле акыры эмне болуп бүтөрүн билип коёсуң. «Жамандык гүлүндө» болсо сюжет чоюлуп бир орунда тапталып туруу деген жок. Динамика, окуялардын курч өнүгүшү, эң негизгиси табышмактуулук сакталат.

Мындай тасма жаратууда сценаристтин ролу маанилүү. «Жамандык гүлү» сериалынын сценаристи Ю Чон Хи:
– Негизи көптөн бери аял-күйөөнүн мамилеси жөнүндө сценарий жазсам деп жүргөм. Күйөөсү ыплас иштерин аялынан жашырат. Аялы болсо өмүр бою аны сүйүп жүрүп өтөт. Бирок бир күнү анын кылмышы ачылып калса эмне болот деп ойлонуп отуруп, киши өлтүргүч жана детективдин үй-бүлөсү тууралуу жазайын дедим. Француз акыны Шарль Бодлердин «Жамандык гүлү» ырлар жыйнагында адам ишенген нерсеси калпка айланганда хаос, коркуу сезимдери, эки жүздүүлүк келип чыгары жөнүндө жазылган. Ошол китептен таасирлендим, башкы каарманды да ошол принципте жараттым. Негизгиси, жамандык бир күнү көмүлөт, ошондо гүл өсүп чыгат деген идеяны бергим келди,- дейт.

«ПАК ХИ СОН АК ДА, КАРА ДА ЭМЕС»

Режиссёр Ким Чоль Гю:
– Баш каармандын үйүн көрдүңөр да. Пак Хи Сон ошол үйүнө окшош. Үйүнүн экинчи кабатында ал жөнөкөй үй-бүлөнүн кожоюну катары жашайт. Биринчи кабатында эмоциясы жок темир устага айланат. Ал эми жер төлөсүнө түшкөндө мыкаачылыктын учкундарын көрө аласыз. Аны ак же кара, же кызыл деп так айта албайсың. Бир жеринде ал курмандык, бир жеринде мыкаачы, бир жеринде жөнөкөй адам.

Сериалдагы ар бир каармандын образынан сабак алсак болот. Биздин эмгек көпчүлүккө жагып жатканына кубанычтабыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ilgis1991
2020-09-17 12:34:45
Маалымат үчүн рахмат. Бирок [moderated]тан издеш керекпи же башка сайттанбы? Анан орусча кинонун атын жазып койгулачы сураныч!
0
Baha.A
2020-09-19 17:29:43
ilgis1991,"Цветок зла"деп жазылып турат
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан