КЫШТЫ ЫСЫК КЫЛГАН АЧУУ САЛАТТАР

Кыштын ызгаардуу суугунда ачуу салаттар дене бойду жылыткандан сырткары анча-мынча микробдордон да коргой алат. Ошондой эле салаттын мындай түрлөрү каалаган тамакка гарнир, кошулма, татымал да болуп бере алат. Көпчүлүктүн суроосу менен кышты ысык кылган ачуу салаттардын рецепттери.

БАДЫРАҢ САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Бадыраң – 4 килограмм

Кумшекер – 1 стакан

Өсүмдүк майы – 1 стакан

Сарымсак – 1 баш

Мурч – 2 аш кашык

Калемпир – 1 аш кашык

Уксус (9%) – 1 стакан

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраңды таза жууп, тегерек же кыйма түрүндө туурайбыз.

2. Сарымсакты аарчып, майда туурайбыз.

3. Сыр идишке тууралган бадыраңды, сарымсакты салып, туз, мурч, калемпир, уксус, өсүмдүк майын кошуп жакшылып аралаштырабыз. Андан соң идиштин бетин жаап, 2 саатка тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта бадыраңдын ширеси бөлүнүп чыгат.

4. Алдын ала бууланган банкаларга бадыраңды ныктап салып, үстүнө ширесин бөлүштүрүп куябыз.

5. Мискейдин астына кол аарчыны төшөп, үстүнө банкаларды тизебиз. Банканын оозун темир капкак менен жаап коюуну унутпаңыз. Эми банкаларды көмбөгөндөй кылып муздак сууну куюп, жай отто 15-20 мүнөт кайнатабыз. Банкаларды акырын чыгарып, капкагын бекиткич менен бекитип, көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз.

БАКЛАЖАН САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 3 килограмм

Кызыл болгар калемпири – 2 килограмм

Сарымсак – 1 баш

Уксус (9%) – 1,5 стакан

Өсүмдүк майы – 3 стакан

Ачуу калемпир – 4-5 даана

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажандын сабагын кесип салып, таякча түрүндө туурайбыз.

2. 1 литр муздак сууга 2 аш кашык туз кошуп аралаштырабыз да, буга тууралган баклажанды салып 30 мүнөткө чылап коёбуз.

3. Болгар калемпири, ачуу калемпир жана сарымсакты тазалап, эт туурагычтан өткөрүп алабыз. Даяр болгон массаны мискейге куюп, уксус, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз кошуп жай отто 15 мүнөт кайнатабыз.

4. Туздуу суудан баклажанды сүзүп алып, суусун сарыктырып, кайнап жаткан соуска салып, 15 мүнөт жай отто демдеп бышырабыз. Салат даяр!

5. Салатты алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Банкаларды көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коюуну унутпаңыз.

ГҮЛДҮҮ КАПУСТАДАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Гүлдүү капуста – 1 килограмм

Кызыл болгар калемпири – 1 даана

Сары болгар калемпири – 1 даана

Пияз – 1 баш

Калемпир – 0,5 чай кашык

Мурч – 0,5 чай кашык

Сарымсак – 5-6 тишче

Кумшекер – 2 аш кашык

Туз – 1 аш кашык

Кориандр – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Уксус (9%) – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Гүлдүү капустаны сабактарынан ажыратып алып, кайнак сууга 3 мүнөткө малып алабыз.

2. Болгар калемпирлерин, сарымсакты жана пиязды тазалап, аарчып, жууп алабыз. Пияз менен сарымсакты майда, болгар калемпирлерин төрт чарчы формада туурайбыз.

3. Жашылчалардын баарын бир идишке салып жакшылап аралаштырабыз да, алдын ала бууланган банкаларга ныктап салабыз.

4. 1 литр сууга тузду, кумшекерди, уксусту, өсүмдүк майын жана кориандрды салып, жай отто 2 мүнөт кайнатып маринад даярдайбыз.

5. Кайнап жаткан маринадды жашылчалар салынган банкага куюп, оозун темир капкак менен жаап, мискейге салып сыртынан 15 мүнөт кайнатабыз.

6. Эми банкаларды мискейден алып чыгып, оозун бекитип, көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз.

ЧАТНИ

Керектелүүчү азыктар:

Сабиз – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Чили калемпири – 1 даана

Имбирь тамыры – 2 сантиметр

Кумшекер – 200 грамм

Алма уксусу – 250 миллилитр

Кориандр – 1 чай кашык

Тмин уругу – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын аарчып, жууйбуз. Сабизди, болгар, чили калемпирлерин, пиязды эт туурагычтан өткөрөбүз. Ал эми имбирдин тамырын сүргүчтөн өткөрөбүз.

2. Тууралган жашылчаларды казанга салып, кумшекер менен алма уксусун кошобуз. Казанды жай отко коюп, 5-7 мүнөт демдейбиз. Андан соң татымына жараша туз, мурч, татымалдарды кошуп, ширеси соолуп, коюулангыча кайнатабыз. Даяр болгон чатнини бууланган банкаларга салып, оозун бекитебиз.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан