СУПЕР - ФОРУМЧУЛАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУ

Редакциябыз www.super.kg сайтындагы форумдун катышуучуларына кайталангыс сюрприз тартуу­лоо максатын көздөп, 13-май жекшемби күнү саат 14:00дө Бишкектеги “Алатоо” кинотеатрынын алдына жолугушууга чакырган. Максатыбыз форумда активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучуларыбызды бири-бири менен жакындан тааныштырып (форумда күн сайын баарлашканы менен көпчүлүгү бирин-бири таанышпайт), ыңгайы келсе достоштуруп, ынтымактуу компания да уюштуруп берүү эле. Суперфорумчулар жолугушуп эле тим болбостон, учурда популярдуу болуп жаткан “Арман” көркөм фильминин жаратуучулары «Супер-Инфодон» эч нерсебизди аябайбыз!»- деп тартуу кылган бул тасманы көрүүгө да мүмкүнчүлүк алышты.


Редакциядан бекитилген журналисттер форумдагы жарыяда көрсөтүл­гөндөй, саат 14:00дө “Алатоо” кинотеатрынын алдына бардык.
Алгач коомайлана “форумдансыңбы?..” деп акырын сурап чогула баштаган жаштар бат эле бири-бири менен таанышып, форумдагы аттарын атап, андагы болгон күлкүлүү учурларды эстеп, жыргап күлө башташты. Tynchtykbek, erlan, Akademik, mbt, jeika, uri, Chol­pon_b, Stervella, Aia, desert_rose, azura, din_ara_86, Geni, 140409 сыяктуу (форумдагы аттары) биздин коноктордун саны 20га чукул болду. Көбүнчөсү студенттер жана окуу жайын жаңы аяктаган жаштар. Супер-форумчулар форумда өзүнчө кичинекей мамлекет курушуп, аны башкарыш үчүн “тандем” түзүшүп, “президент”, “премьер-министр”, “каржы министри”, “тышкы иштер министри” деген кызматтарды өз ара бөлүшкөнгө чейин жетишишкен экен. Көрсө, форумчулардын жүрөгүн “титиреткен” “президент” кыргыздын эле кара торусунан келген Tynchtykbek аттуу баласы экен. Ал курч сөздөрү менен форумга жаңыдан аралаша баштагандардын шаштысын алган өзүнүн тандемдеши, “премьер-министр” Boyla кечиримдүү себептер менен келбей калгандыгын түшүндүрүп өттү.
Таанышып алган соң аңгемелеше “Арман” көркөм фильмин көрүү үчүн “Россия” кинотеатрын көздөй жөнөдүк. Ак үйдүн алдына келип, митингдер жө­нүндө сөз болуп кеткенде араң эсине келди белем, “каржы министри” Akademik ар бирибизге өзүнүн сүрөтү менен басып чыгарган “100 доллардан” айлык акы таратты. Ошентип, “100 долларлуу” болуп, кудуңдаган бойдон кино көргөнү «Россия» кинотеатрынын жанына келдик.
– Урматтуу “форумчулар”, жүзаарчыңарды даярдап алгыла, баарыңардын жашыңарды аарчып отурууга жетишпейм!- деп тамашалаган “тышкы иштер министри” erlanдын кебине жыргап күлүп, киного кирген жаштар тасманын аягына чыккычакты чын эле көздөрүн жаштап, айрымдары кичинекей Армандын тагдырынан улам шолоктоп ыйлап да чыгышты.
Кинодон соң эски тааныштардай жакындай түшкөн форумчулар менен маегибиз калың бактын арасындагы жайкы кафеде уланып, форумдун «президенти» Tynchtykbekти маекке тарт­тык:
Tynchtykbek, сен кантип форумдун «президенти» болуп калдың?
– Форумда кадимкидей шайлоо болду, шайлоодон көп добуш алып өтүп кеттим.
– А сага каршы оппозиция чыккан жокпу?
– Алгач Chyngyz_han деген бирөө чыкты эле, биз менен тиреше бергенден тажады окшойт, форумга көп катышпай, бара-бара такыр жоголуп кетти.
– Өзүң кайдан болосуң, кайда окуйсуң?
– Мен түштүктөн болом, Бишкектеги Манас университетинде окуймун.
– Форумга бир күндө канча жолу киресиң?
– Бир күндө 3 жолу, көбүнчө сабак бүткөндөн кийин саат 2ден баштап кирем. Биздин окуу жайда интернет бекер.
– Boyla экөөң кандайча тандем түзүп калдыңар?
– Менин форумга киргениме да Boyla себеп болгон. Экөөбүз таанышпыз. Кызыктуу болсун үчүн форумда мамлекет түзүү идеясын да экөөбүз ойлоп тапканбыз. Идея биздики болгонунан улам башкаларга “президент”, “премьерликти” бербей, тандем түзүп алганбыз.
Ошентип, жаштар форумга кандайча катышып калгандарын айтып киришти. Баарынан да Azura аттуу айымдын форумга катталып калганы кызык экен. Көрсө, аны сайтыбызда “жылдын суперлерин” тандоо жүргөндө “жылдын мыкты телеалпаруучусу” номинациясы үчүн өзүнө добуш бердирүү максатында белгилүү телеалпаруучу Нурзат Токтосунова суранып, сайтка киргизип, катталышына түрткү болгон тура. Андан сырткары, бул жолгушууда “Алиги жөнүндө” бөлүмүнүн модератору jeikaга тийишкендер көп болду. Тема өзү айтып тургандай эле кызыктуу талаш-тартыш дал ушул бөлүмдө болот. Бул теманын активисти деп модератор uriни белгилеп өттү. Ал эми erlan: Info мени “баняга” көп жиберет («баня» - англисче «ban», тартип бузгандарга форумга, сайтка кирүүгө тыюу салуу, бөгөт коюу дегенди түшүндүрөт)»,- деп арызданса, “жеңеси” Azura “президент” Tynchtykbekкe опозицияда экендигин билдирди. Ошондой эле mbt форумда мурда көп сөгүнгөн сөздөрдү жазгандыгы үчүн жер карап, бир аз кызарып отурса, Cholpon_b мурда кыргызча жакшы билбей, кыргызчаны дал ушул форумдан үйрөнгөндүгүн айтты. Биз конокторубуздун алгачкы жолугушуу, кино, форум, гезит жөнүндөгү ойлорун да уктук.
– “Суперди” биз жалпы үйбүлөбүз менен окуйбуз,- дейт erlan,- Эгер бешинчи күнү гезиттин жаңы санын алып барбай калсам, апам үйгө киргизбей кайра кууйт.
– “Кумирге кат” рубрикасына мен Мирбек Атабековго арналган узун катымды жөнөтүүгө батынбай жүргөм. Эми силер менен тааныш болуп калбадыкпы, суранам, катымды өзүнө окутуп койгулачы,- деп өтүндү Stervella.
– “Арман” деген атты бекеринен коюшпаптыр. Ыйдан кудай сактасын дечи, ошентсе да мынчалык жүрөктү титиретип ыйлаткан кыргыз фильмин жакынкы жылдары көрө элек элем. Айрым жерлеринен гана мүчүлүштөрдү байкадым. Фрунзе дешип, Ош шаарынын көчөлө­рүндө тартылган жерлери бар экен, билинип калыптыр. Эрикпей эле Бишкекке келип тартышса болмок экен,- дейт Geni.
– Анысы го макул, бирок, кайсы эненин жүрөгү чыдап, жанагыдай роль аткарууга кичинекей баласын берди экен?- өзүн desert rose деп тааныштырган бул айым Geniнин кебин коштоду.
– Форум кызыктуу. Убакыт, мүмкүн­чүлүк пайда боло калганда эле кирип достор менен баарлашууга шашылабыз. Бирок, газетадагы бардык материалдар сайтка толугу менен киргизилбегени өкүнүчтүү. Көп кызыктуу маалыматтарды гезиттен окуп, бирок, кийин сайттан издеп таппай калабыз. Эгер мүм­күн­чүлүк болсо, веб-баракчаларды кө­бөйтсөңөр сонун болмок,- деп сунуш киргизди Aia.
Ал эми Geni жүрөктөгү сырын төгүп:
– Ачык айтуудан көп­чүлүгүбүз тартынабыз, чынын айтканда, “Алиги жөнүндө” бөлүмүнөн далай пайдалуу кеңештерди алабыз. Оош-кыйыштуу тагдырларын, арыз-армандарын “Жүрөк сырына” төгүп, кеп-кеңеш алган замандаштарыбыз да гезитке, форумга ыраазы болушса керек,- деп чыкты.
Ошондой эле Din_ara_86: «Мен үйбүлөлүү болгондугумдан улам өзүм жаш болсом да, минтип достор менен жолугушуп, баарлашып, көңүл ачууга мүм­күн­чүлүгүм боло бербейт. Андыктан, минтип форумдагы достор менен бирге кино көрүп, чай ичип, таанышып, табышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген “Супер-Инфо” гезитинин жамаатына чоң ыраазычылык айткандан башка сөзүм жок»,- деп ыраазычылык билдирди.
Ал эми jeika: “Бул жолугушуу аябай жакты, буюрса, эмки жолугушууну форумчулар өзүбүз уюштуруп, силерди, редакция журналисттерин конокко чакырабыз. Бүгүн келбей калгандардын баарын, атүгүл Нарын, Ош, Жалалабат, Ысыккөлдөн форумга кирип жүргөндөрдү да чогултууга аракет кылабыз”,- деп демилге көтөрүп чыкты. Тал чыбыктай буралган бул татынакай кыздардан бөлүнгүлөрү келбей турган жигиттерге мындай сунуш майдай эле жакты өңдөнөт, анын сунушун баары колдоп кетишти. Биз болсок алгач башкалаабыздагы форумчуларды чогулткан мындай жолугушуулардын бара-бара масштабы кеңейе берээрин, форумга ары кызыктуу, ары пайдалуу бөлүмдөр, темалар киргизилээрин, жакынкы күндөрдө өзүнчө чат да кошулаарын, аларды кызыктуу кылууга форумчулар да салым кошуулары керектигин айтып өттүк.
Ошентип, кайталангыс, көпкө чейин эсте калаарлык жолугушуу уюштуруп берген «Супер-Инфого» рахматын айткан жаштар эки-үчтөн ээрчишип жолго түшүштү. Алардын кубанычка, ыраазычылыкка толгон көздөрүн көрүүнүн өзү биз үчүн да чоң бакыт болду.

Даярдагандар Замира Рахманбердиева, Айбек Нурадилов, Турусбек Аттокуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан