БАТКЕНДЕ 78 ЖАШТАГЫ КАРЫЯНЫ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАН 10 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Баткен шаарында 50 жаштагы киши менен 78 жаштагы карыянын ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин өлтүрүп койгон. Жакында эле райондук сот аталган кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, 50 жаштагы жаран 10 жылга эркинен ажыратылды.

“БЫЧАК МЕНЕН ЖҮРӨК ТУШКА САЙЫП ЖИБЕРГЕН”

Жогорку Соттун маалыматына ылайык, окуя 2019-жылдын август айында Баткен шаарында болгон. 3-август күнү болжол менен саат 14:00 чамасында 50 жаштагы Нарынбай (айыпталуучу Н.Анын аты өзгөртүлдү) дүкөндөн ичимдик ичип алып, мас абалында дүкөндүн жанында турган 79 жаштагы Ташкул (жабырлануучу Т.Снын аты өзгөртүлдү) менен урушуп кетет. Нарынбай Ташкулду уруп жерге жыгып, үйүнө качып кирип кеткен. Андан соң ал үйүнөн чыгып көчөдө баратып жолдон Ташкул менен Талантты (аты өзгөртүлдү) жолуктуруп калат. Үчөө жолдун ортосунда мушташа кетишет. Аларды жолдон өткөндөр ажыратып коюшкан.

Бул окуядан кийин Нарынбай экөөнү оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, үйүнө кирип кетет. Ташкул менен Талант артынан барышып, үйдүн короосунда да мушташ уланат. Ташкул арматура менен Нарынбайды башка 2-3 ирет уруп жиберет. Нарынбай үйгө кирип, ашкана бычагын алып чыгат да, Ташкулга карата шилтеп, жүрөк тушуна сайып салган. Андан соң Нарынбай Талантка карата да бычак шилтейт. Таланттын сол колуна бычак тийип, колу кесилип кеткенде ал үйдүн короосунан качып чыгат. Нарынбай Ташкулдун жансыз денесин үйдүн короосунан сыртка алып чыгып, тротуарга жаткырып коюп, кайра үйгө кирип дарбазасын бекитип алган. Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун көкүрөгүнө сайылган учтуу буюмдан алган жаракатынан улам каза тапканын аныктаган. Баткен райондук соту аталган иш боюнча ушул жылдын 24-август күнү өкүм чыгарды. Сот тарабынан Н.А. күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды.

“МЕНИН АЙЫБЫМ ЖОК, АРГАСЫЗДАН КОРГОНДУМ”

Соттук отурумда айыпталуучу Н.А.
төмөнкүчө көрсөтмө берген:

– 2019-жылдын 3-августунда көчөгө чыгып дүкөндөн 100 грамм ичкем. Бир топ убакыттан кийин дагы 100 грамм арак ичкем. Ал жерден Ташкулга жолугуп калдым. Ал кишини мурун тааныбайт элем, “арак куюп бер” деди. Мен куюп берген жокмун. Айтыша кеттик. Бирок мен ызы-чуудан качып үйгө кетип калгам. Арыктан суу алып эшиктин алдына чачтым. Дүкөн менен үйүмдүн аралыгы 150 метрдей эле. Ал жерден дагы бир киши жолугуп, ал дагы "арак куюп бер" деди, мен баш тарттым. Ташкул дагы ошол жерде жүргөн экен. Алар ар кандай жаман сөздөрдү айтып, мага асыла беришти. Ташкулдун колунда таш бар экен, мени уруп жибербесин деп түртүп салып өтүп кеткем. Артымдан калбай ээрчип ызы-чуу сала беришти, мен алардан качып жүрдүм.

Экөө үйгө артымдан ээрчип келишип, Талант сөгүп-сагып, колундагы темир менен мени башка 3-4 жолу уруп жиберди. Башым жарылып, кан агып, башым айланды. Бети-башым кан болуп, аларды жакшы көрбөй калдым. Башымды кармап аккан канды токтотууга аракет кылдым. Ага да болбогондо дубалга таянып эптеп машинанын жанына барып, алым кетип отуруп калдым. Ошол убакытта Ташкул Талантка “эмне кылып койдуң, милиция эми экөөбүздү камайт” деп айтышып мушташа кетишкен. Ошол жерден Талант Ташкулду уруп, короодон качып чыгып кетти. Экөө тең мас абалында эле.

Мен бир аз өзүмө келип карасам, Ташкул дубалдын пайдубалына жөлөнүп онтоп отурган экен. Аны сүйрөп короонун сыртына алып чыгып, тротуарга жаткырып койдум. Ал ошол убакта тирүү болчу, эч жеринде кан жок эле. Мен үйгө эч ким кирбесин деп дарбазаны кулптап алгам. Себеби Ташкул менен Талант артымдан тынымсыз ээрчишип ызы-чуу сала беришкен эле. Дагы ошондой болбосун деп дарбазаны бекитип алгам. Кийин милиция келип мени кармап, ооруканага алып барып башыңды тиктиребиз дегенде мен макул болгон жокмун.

Тергөөдө далил буюм катары маки табылыптыр. Андай бычак менин үйүмдө болгон эмес. Мен үйдө эмне бар, эмне жок экенин жакшы билем. Анткени аялым менен ажырашып кетип, үйдө балам экөөбүз эле жашайбыз. Таланттын колунда баштык бар эле. Ичинде эмне бар экенин көргөн эмесмин. Менин бул жерде айыбым жок, аргасыздан коргондум. Мени актооңузду өтүнөм.

“ТАЯКЕМДИН КӨКҮРӨГҮНӨН АГЫП ЖАТКАН КАНДЫ КОЛУМ МЕНЕН ТОКТОТУУГА АРАКЕТ КЫЛДЫМ”

Сот отурумунда Т.Э.
күбө катары төмөнкүчө көрсөтмө берген:

– 2019-жылдын 3-август күнү саат 12:30 чамаларында Баткен шаарындагы дүкөндөрдүн биринен 100 грамм арак ичип сыртка чыксам, Ташкул таякем жерде кулап жатыптыр. Жанына барып “ким урду?” деп сурасам Нарынбайды көрсөттү. Ал киши биздин жаныбыздан өтүп чоң жолду карай басты эле, алдынан тосуп чыктык. “Таякемди эмне себептен урасың?” десем дагы урду, ал кулап түштү. Мени дагы ура баштаганда ары-бери өткөндөр ажыратып койгон.

Нарынбай сөгүнүп ылдый басканда артынан ээрчип барсам, үйүнө кирип кетти. Артынан мен кирдим, таякем да келе жаткан. Мен Нарынбай аке менен сүйлөшүп турганда таякем колундагы арматура менен аны 1 жолу уруп жиберди. Анан Нарынбай аке үйүнө барып колуна бычак алып чыгып, таякемди көкүрөккө бир жолу сайып жиберди, таякем жерге жыгылды. Мага да бычак шилтегенде мен колум менен тостум. Бычак сол колумдун үстүнө тийди. Мен сыртка качып чыктым. Коркуп нес болуп көчөдө ары-бери бастым. Дүкөнгө барып телефон сурасам, алар бербей коюшту.

Нарынбай аке таякемди короодон сүйрөп чыгып тротуарга жаткырып коюп, кирип кетти. Барып карасам, көкүрөгүнөн кан агып жатыптыр. Көкүрөгүн колум менен басып канды токтотууга аракет кылдым. Анан “Тез жардам”, милиция кызматкерлери келишти. Мени милиция кызматкерлери алып кетишти.

“АГАҢА БЫЧАК САЙЫП ӨЛТҮРҮПТҮР ДЕП ЧАЛЫШТЫ”

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү К.Н. төмөнкүчө көрсөтмө берген:

– Окуя болгон күнү саат 14:10дордо бир таанышыбыз чалып, “Ташкулду бычак сайып өлтүрүптүр” деди. Мен өлүкканага келдим. Ал жерде соттук-медициналык эксперт агама кароо жүргүздү. Мен, 2 тергөөчү болуп 4 адам катыштык. Агамдын ичине кан уюп калыптыр, жүрөк тушуна бычак сайылганын жана бир колу бычак менен кесилгенин көрдүм. Окуя болгон жерди көргөн жокмун. Айыпталуучу тиешелүү жазасын алсын.

“МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИНИН КОЛУНДАГЫ МАКИДЕ КАН ЖОК БОЛЧУ”

Айыпталуучунун агасы М.А. мындайча көрсөтмө берди:

– 2019-жылдын 3-август күнү түшкү саат 2лер чамасында эшиктен бир адам "Нарынбайдын үйүндө адам өлтүрүлдү" деп кыйкырып өтүп кетти. Ким экендигин көргөн жокмун. Саат 15:00 чамасында Нарынбайдын үйүнө бардым. Инимдин үйүнүн короосунун алдын милиция кызматкерлери өздөрүнүн шаймандары менен тосуп, иштеп жатышкан экен. Ошол жердеги элден эмне болгондугун сурадым. Нарынбайды милиция кызматкерлери алып кеткен экен. Мени милиция кызматкерлери үйгө алып киришти. Инимдин үйүнө кароо жүргүзүүгө күбө болосуң дешти, макул болдум. Ошол жерде бир милиция кызматкери бүктөмө бычакты колуна айлантып ойноп турган. Ал бычак кан эмес болчу, бычактын түсү эсимде жок. Иним жубайы менен ажырашып, эки баласы менен жашайт. Бир баласы Москвада, бир баласы өзү менен бирге. Нарынбай спирт ичимдигин ичпейт.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан