Кылмыштуулук жок, эли бактылуу ДАНИЯ

ДАНИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ
Борбор шаары –
Копенгаген
Аянты – 43 094 чарчы чакырым
Калкынын саны – 5 миллион 822 миң (2020)
Расмий тили – дан тили
Мамлекет башчысы – ханыша Маргрете II
Башкаруу формасы – Конституциялык монархия
Административдик жактан – 5 аймакка бөлүнөт
Акча бирдиги – Дания кронасы
БУУнун жана НАТОнун мүчөсү

Дүйнөдө кызыктар көп. Дания – бул өлкө туруксуз климаты, укмуштай табияты жана көпчүлүк бөбөктөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Lego оюнчуктары менен белгилүү. Даниялыктар нымдуу абага, туман менен жамгырга, жайдын салкындыгына жана кыштын жылуу болушуна көнүшкөн. Данияда кар жаап, бат эле эрип кетет.

ЭҢ БАЙЫРКЫ МОНАРХИЯЛАРДЫН БИРИ

Дания Ютландия жарым аралында жайгашкан Түндүк Европадагы мамлекет. Түштүгүнөн жалгыз Германия менен кургактык аркылуу чектешет. Даниялыктар дания (дан) тилинде сүйлөшөт. Алардын диндик ишеними – көпчүлүгү лютеран, калгандары протестант жана католик. Тарых барактарында даниялыктардын түпкү теги биздин заманга чейин 3 миң жылдыктын аягына барып такалат. Даниянын азыркы аймагына V-VI кылымда кимврлер, юттар, англдар, сакстар сыяктуу герман уруулары Скандинавия аралынан көчүп келишкен. Өлкө ошолордун атынан Данмарк же дандар жери деп аталган деген уламыштар бар. Данияны дээрлик 900 жылдан ашуун падыша башкарган. Учурдагы ханыша Маргрете II 80 жашта. Ал 1972-жылдан тартып өлкөнү башкарып келет.

КОПЕНГАГЕН – ВЕЛОСИПЕДЧИЛЕРДИН МЕКЕНИ

Копенгаген велосипед сүйүүчүлөрдүн шаары болуп эсептелет. Данияда он кишинин тогузу велосипед теберин билет белеңиз? Велосипед унаалардан 2 эсе көп. Акыркы эсеп боюнча, өлкөдө төрт миллиондон ашык велосипед, эки миллионго жетпеген унаа бар. Даниялыктар адатта балдарына велосипед тебүүнү 6 жашында же андан эртерээк, алар мектепке барардан мурун үйрөтүшөт. Балдарга жолдо жүрүү коопсуздугу жана велосипед тебүү эрежелери жөнүндө мектепте үйрөтүлөт.

Даниялыктардын унааларга караганда велосипедди көп колдонгондугунун бир себеби – ал жакта бензинге жана автоунаага болгон салыктын жогорулугу. Мындан тышкары алар сергек жашоо образын колдошорун айтышат.

КЫЛМЫШТУУЛУК ЖОК КООПСУЗ ӨЛКӨ

БУУнун Дүйнөлүк бактылуулук боюнча отчётунда Gallup World Survey изилдөө институту жана европалык-социологиялык изилдөөгө ылайык, Дания дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы орунда турат. Өлкөдө сөз эркиндиги толук корголгон.

Элдин арасында бири-бирине болгон ишеним күчтүү. Кылмыштуулук дээрлик жок, түрмөлөрү бош. “Уурдап кетет”, “тоноп кетет” деген сыяктуу кооптонуу болбогондуктан, үйлөрүн бекитпей, унааларын ачык калтырып эле кете беришет. Даниялыктардын 78 пайызы айланасындагыларга ишенишет. Бул дүйнөлүк рекорд. Мисалы, Копенгагендин тынч көчөлөрүндө энелери жок коляскада уктап жаткан ымыркайларды көп кездештирүүгө болот. Бул наристелердин апасы кафеде тамактанып отурган же спорт залда машыгып жаткан болот. Данияда балдарга физикалык жана эмоционалдык зомбулук көрсөтүү дээрлик жок. Эне эл алдында балага кыйкырып же бир нерсе үчүн аны уруп, жемелегенин кезиктире албайсың.

ЖУПУНУ ЖАНА ЖӨНӨКӨЙ...

Жөнөкөйлүк – бул Скандинавиянын жашоо образы. Алар өтө жупуну келишет. Даниялыктар акыркы үлгүдөгү телефон же унаа сатып алууга кызыгышпайт. Алар акыркы үлгүдөгү iPhone, кымбат баалуу унаа же бренд кийимдерсиз эле бактылуу. Данияда колдонулган үй буюмдарын, кийимдерди жана оюнчуктарды кайра саткан дүкөндөр көп. Колдонулган буюмдарды сатып алуу жана сатуу кадимкидей көрүнүш. Муну менен алар бир жагынан акчаны үнөмдөшсө, экинчи тарабынан башкаларга карата жөнөкөйлүктү жана теңдикти сакташат. Эң негизгиси, алар “эл көрсүн” же “эл эмне дейт?” деген түшүнүктөрдөн алыс.

Ханышанын үй-бүлөсүндөгү балдары деле кадимки мамлекеттик мектептерде окушат. Үй-бүлө мүчөлөрү башка даниялыктардай эле соода кылып, жергиликтүүлөр тамак ичкен жерлерден тамактанып, велосипед тээп жүрүшөт.

АРАЛДАР ӨЛКӨСҮ

Данияны биздин заманга чейин VIII-XI кылымдарда викингдер башкарып турган. Жоокер эл катары таанылган викингдер батыш тарабында Улуу Британия, Исландия, Гренландия, ал тургай Түндүк Америкага чейинки колонияларды түптөшкөн.

Даниянын курамына дүйнөнүн эң чоң аралы Гренландия жана Фарер аралдары кирет. Фарер аралдары – "кой аралдары" дегенди түшүндүрөт. Түндүк Чыгыш Атлантикадагы 18 арал ушундайча аталат. Аянты – 1400 чарчы чакырым, ал эми калкынын саны 50 миңге жакын кишини түзөт. Ар биринин өзүнүн кайталангыс жаратылышы, тарыхы жана сейрек кездешүүчү фарер тилинде сүйлөгөн тургундары бар. Андан сырткары болжол менен 406га жакын майда аралдар бар. Кээ бирлеринде 70тей киши жашаса, көпчүлүгүндө адам жашабайт.

ДАНИЯДАГЫ ӨЗГӨЧӨ ЖӨРӨЛГӨЛӨР

• Иттерге почта кызматкерлерине үрүүгө тыюу салынган. Анткени мамлекет иттердин тамак-ашына жетиштүү каражат бөлүп берет. Почточу үйгө келгенде нан же токоч берип сыйлап коёт. Эгер жумушуна тоскоолдук жаратса, дары берип уктатып койсо болот.

• Дагы бир көпчүлүктү таң калтырган салттардын бири – 18 жаштан 25 жашка чейинки бойдокторго бутунан башына чейин корица чачуу. Мындай жөрөлгөдөн кийин татымалдын жыты денеге сиңип, узак убакытка чейин сакталат. Эң кызыгы, анын жытынан улам жанына каалаган адам келип тааныша алат. Бул нерсе XVI кылымда түрдүү татымалдар менен соода-сатык жүргүзгөн эркектерден башталган. Себеби көпчүлүк соодагерлердин убактысы тар болгондуктан, экинчи түгөйүн табууга мүмкүндүк болбой, бойдок жүрүшкөн. Данияда азыркы күндө да бул салт сакталып калган. Айрыкча жаштар арасында өзгөчө популярдуулукка ээ. Алар бул ырым сүйүүдө ийгилик алып келет деп ишенишет.

• Эркек балдардын бой жеткенде киттерге аңчылык кылуусу. Жигиттер 17 жашка чыкканда аталары жана улуу агалары менен кит уулоого барышат. Муну менен алар кайраттуулукту жана тайманбастыкты көрсөтүшөт.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nina.alex
2020-09-14 13:21:46
Европа депеле суйлоп калат кээ бирлер. Мен ал жака барып элдери эн сонун адамдар экенине козум жетти. Кылмышты кобунчо мусулман олколордон ооп барган адамдар жасашат экен
+4
aruuzat88
2020-09-16 12:39:34
Чиркин ,кочуп кетким келди Данияга..
+2
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан