"БОЮМДА БАР, ӨТҮМ ООРУП ЖАТАТ, ЭМНЕ КЫЛАМ?" Адистин кеңеши

Окурмандарды түйшөлткөн суроолорго жооп алып берүүнү улантабыз. Бул ирет өт, ичеги, ашказан ооруларынан жапа чеккендерге кеңеш беребиз. Суроолорго врач-гастроэнтеролог Болот Турусбеков жооп берет.

"БОЮМДА БАР, ӨТҮМ ООРУП ЖАТАТ, ЭМНЕ КЫЛАМ?"

– Боюмда болгонуна 23 апта болду. Жакында эле өтүмдөн приступ болуп, ооруканага жатып чыктым. Мага коюлган диагноз: курч кармаган калькулездүү холецестит. Мурун мындай оорум бар экенин билчү эмесмин. Боюмда бар болгону үчүн операциядан баш тарттым. Кош бойлуулук жакшы эле өтүп жатат. Эми сурайын дегеним, төрөгөнгө чейин аталган оорум кайра козголбоосу үчүн диета, жөө сейилдөөдөн тышкары эмне кылышым керек? Кокус приступ кайра кармаса, эмне кылышымды да билгим келет.

Нурзада, 35 жашта, Ош шаары

– Өт баштыкчасында таш болгондо ичтеги бала чоңойгон сайын приступ күчөшү мүмкүн. Ошондуктан үзбөй диета кармоо керек. Приступ кармабашы үчүн куурулган, ышталган, туздалган тамактарды, өзгөчө куурулган эт жана куурулган картошка, жумуртка, шишкебек, майлуу эт жебеш керек. Тамакты өз убагында ичүү зарыл. Кокус оорутуу башталып келе жатса, Но-шпа дарысынан 2 таблетка дароо ичүү керек. Анан дагы физикалык активдүүлүктү азайтуу сунушталат. Болбосо приступ кармай берет.

"ЭРОЗИЯЛУУ ЭЗОФАГИТ ДЕГЕН КАНДАЙ ООРУ?"

– Жолдошума врачтар эрозиялуу өнөкөт эзофагит, гастрит (ГЭР) деген диагноз коюшту. Эзофагит деген кандай оору жана эмнеден улам пайда болот? Кантип айыктырабыз?

Жылдыз, 59 жашта, Токмок шаары

– Кызыл өңгөчтөн ашказанга өткөн жерде клапан болот, ошол клапан иштебей калганда ашказандагы желген- ичилген нерселер артка, кызыл өңгөч жакка куюлат. Ашказандын маңызында туз кычкылы бар, ал кызыл өңгөчтү куйкалап, сезгентет. Дартты убагында дарылабаса эрозия жаралат, аны да дарылабаса жара келип чыгат. Жарадан улам кызыл өңгөч ичкерип, тамак өтпөй калышы ыктымал. Ал тургай ракка өтүп кеткен учурлар болот. Ошондуктан такай диета кармап, тамакты аздан бөлүп ичүү керек (бир күндө 5-6 маал). Врач сунуштаган дарыларды да ичип жүрүү кажет.

«ООЗУМА МЕТАЛЛДЫН ДААМЫ КЕЛЕ БЕРЕТ”

– Жарым жылдай болуп калды, оозума металлдыкындай даам келе берет. Угушумча, ичте мите курт же өт баштыкчасында таш бар болсо ушундай даамдын болушу мүмкүн экен. Ушул туурабы? Башка эмне себеби болушу мүмкүн? Дарылануу керекпи?

Айжамал, 36 жашта, Ноокен району

– Оозго металлдын даамы келе берсе, анын себебин так билүү үчүн гастроэнтерологго текшерилип, кандын анализин тапшырып, гастроскопиядан өтүү керек. Өттө таш бар же жогун билиш үчүн УЗИден өтүү эле жетиштүү. Өттө таш болгондо ооз кургап, оозго ачуу даам келет.

"ЛЯМБЛИОЗДУ КЛИЗМА МЕНЕН КЕТИРЕБИ?"

– Менин ичегимде лямблиоз бар экен. Тааныштарым "клизма жасап кетир" деп жатышат. Клизма жасатышым керекпи же ал зыянбы?

Дияра, 26 жашта, Жалал-Абад шаары

– Лямблиоз – бул ичтеги мите курт, бул ооруну клизма менен дарылабайт. Альбендазол деген дары бар, ошондон 5 күн 200 миллиграммдыгынан 2 таблеткадан бир маал ичсе мите курт өлөт, заң менен сыртка чыгат. Аталган дарынын 400 миллиграммдыгы да бар, эгер аны сатып алса, анда 5 күн бир маал бир таблеткадан ичүү керек. Лямблиоз бар же жок экенин адегенде анализ тапшырып, тактатуу зарыл.

"ӨНӨКӨТ КОЛИТТИ ЭМНЕ КЫЛЫП АЙЫКТЫРУУ КЕРЕК?"

– Мен өнөкөт колит (жоон ичегинин сезгениши) оорусунан жапа чегем. Муну биротоло айыктырса болобу? Оору эмнеден келип чыгат?

Зухра, 41 жашта, Бишкек шаары

– Азыркы кезде өнөкөт колит деген диагноз жок. Азыркы аталышы – дүүлүккөн жоон ичеги синдрому (синдром раздражённого кишечника). Диагнозду тактатуу үчүн жоон ичегилерди текшертүү зарыл. Ал үчүн рентген аркылуу ирригоскопия жасатып, анын жыйынтыгы менен гастроэнтерологго баруу сунушталат.

"ШИЛЕКЕЙИМ КӨП БӨЛҮНҮП ЧЫГАТ"

– Тамак ичкенден кийин ашказаным катуу ооруп чыгат. Эртең менен көңүлүм айланып, шилекейим токтобой чыга берет. Айтылгандар кайсы оорудан кабар берет? Кантип дарылаш керек?

Султан, 52 жашта, Таш-Көмүр шаары

– Адегенде текшерилип, диагнозду тактатуу керек. Ашказан ооруп, шилекей көп бөлүнүп чыгып жатса, гастрит же ашказандын жара оорусу болушу мүмкүн. Гастроскопия жасатып, андан тышкары хеликобактер пилори бактериясы бар же жогун аныктатууга анализ тапшыруу кажет. Жыйынтыкка жараша диагноз коюлуп, анан дарылоо жүргүзүлөт.

"ТАМАГЫМА БИР НЕРСЕ ТУРУП КАЛГАНДАЙ БОЛОТ"

– Бир топ айдан бери тамакты жөндөп ичип-жей албай калдым. Тамактын кекиртегимден өтүшү кыйын болгонсуп жатат. Кекиртегиме да тоголок бир нерсе туруп калгандай боло берет. Бул эмнеден улам болот? Оорунун белгисиби?

Мухтар, 57 жашта, Талас шаары

– Сиз тезинен кызыл өңгөчтү текшертүүңүз керек. Адегенде рентген аркылуу текшертип көрүү зарыл, эгер патология жок болсо, анда гастроскопия жасатуу сунушталат. Тамактын өтпөй калышы кооптуу көрүнүш, рак да болуп калышы ыктымал. Ошондуктан тезинен врачка барыңыз.

"ИЧКЕ ИЧЕГИМ ООРУЙТ, ИЧИМ КӨБӨТ"

– Менин ичке ичегим сезгенген, ошондуктан ооруйт. Ичим көөп кыйнайт. Кандай дарыларды ичсем айыгам?

Ирина, 29 жашта, Кара-Суу району

– Ич көпсө дүүлүккөн жоон ичегинин синдрому болушу мүмкүн. Сиз текшерилип, диагнозуңузду кайра тактатууңуз зарыл. Башкача айтканда, заңдын анализин тапшырып, ичегилерди рентгенден өткөрүү кажет.

Эгер мурун антибиотикти көп алган болсоңуз, дисбактериоз оорусу болуп калышы да ыктымал. Диагнозго карата дарылануу сунушталат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur85
2020-09-14 13:53:28
Менин да өтүмдө таш бар болчу. Боюмдагы бала 18 жума болгонго чейин эле төрт беш жолу приступ берди. Аябай көп кыйнала бергендиктен операция кылдырганга туура келди.операция ийгиликтүү өттү. Өзүм да ичимдеги бала да жакшы көтөрдүк. Азыр баары жакшы кудайга шүгүр. Уже 34 жумалык болуп калдык.
+3
Nursul
2020-09-18 19:35:10
Кантип суроо берсек болот админ сураныч жооп берип койсоңуз
+1
Гүлжан Асанкожоева
2020-09-21 09:48:15
Nursul, Окурман, сизде ар кайсы тармактагы адиске болгон суроолор барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган же жооп таба албай жаткан суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Суроолорду densooluk@super.kg электрондук дарегине кат аркылуу жибериңиз.
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан