Шайлоо «шаңы»
10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү өз өкүмүн жүргүзүүдө. Аламанга аттанган партиялардын ар кимиси “Алыбай алына жараша” дегендей, эл алдындагы өз дараметтерин сынашууда.
Адилеттүүлүк үчүн айта кеткенибиз оң. Учурда жүрүп жаткан үгүт иштери мурда боло келген үгүттөрдөн асман менен жердей айырмаланууда. Мандатка белсенген бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп, басым-кысым, куугунтуктоо сыяктуу терс көрүнүштөр боло элек. Муну эркиндикти эңсеген элибиздин жеңиши, кайратынан сынбаган, эч качан сатылбаган эл уулдарынын эмгеги катары бааласак болот. Өкүнүчтүүсү, ушундай шарттан, кыргыздын айкөлдүгүнөн пайдаланган кечээги бийликтин “кой терисин жамынган” өкүлдөрү сүттөн таза болуп чыга келишти. Шайлоо алдында бири-биринин беделине шек келтирбөөгө убадасын берген адамдар шертинен жанып, жыйырма жыл демократиялык баалуулуктар үчүн талбай күрөшкөн “Ата Мекендин” лидерин каралаганга өтүштү.
Алгачкысынан баштайлы. Каргашалуу Ош окуясы учурунда “Түштүктөгү кыргыз-өзбек кагылышынын негизги себепкери – “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев” деп сөз тараткандар “Лозунг”, “МК Кыргызстан” сыяктуу басылмаларына: “Текебаев быйыл күздө боло турган Президенттик шайлоого катышуу үчүн “өзбек электоратынын добушун алам” деп “Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыров менен жең ичинен сүйлөштү” деген далили жок жоромолдорду жазышты. Божомол менен жазылган бул имиштерди турмуш чындыгы жокко чыгарганына калайык журт өзү күбө болду. Дегенибиз, Ө.Текебаев “Манаста” айтылгандай, караңгыдан жол таап, өткөөл мезгилдин президентин шайлоону сунуштады. Сунуш колдоого алынып, Роза айым президент болуп бекиди. Өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр, президенттик шайлоонун быйыл болбосун билген адам “Родина” партиясы менен соодалашышы мүмкүнбү?
Ушул жерден кошумчалай кетчү нерсе, Алайдан чыккан канышанын атын даңазалап жүргөн Жылдыз Жолдошева деген эжебиз бар. Кыргыздын кыраан кыздарынын бири. Эжекебиз түштүк коогалаңында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдардын сүрөттөрүн элге көрсөтүп, “менин иним” деп буркурап ыйлап жиберет экен да, “ушуга Текебаев күнөөлүү” деп жүргөнүнө түшүнбөгөндөр көп болчу. Көрсө, саясатка кадам шилтеген Жылдыз эжебиздин кара пиар жасоо амалы окшобойбу. Аны шайлоо өнөктүгү башталганда билип жатабыз. “Ата-Журт” партиясынын алгачкы ондугунун ичинде Жолдошева эжеке катарга тизилиптир. Ал эми Жылдыз эжени жакындан билгендер муну түшүнүү менен гана кабыл алышыптыр.
Экинчиси, Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында: “Батыровду Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү эркелетип, алар Кадыржан койгон кээ бир кадрдык маселелерди чечип берип, көптүрүп ээликтирди” деген билдирүүсүн расмий жарыялаган. Ошондо кээ бирөөлөр “Бекназаров Текебаев тууралуу сөз козгоду” дешкен. Алар жаңылышыптыр. Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсүнүн астында Текебаев Бекназаровго: “Сен кимди айттың эле, ачыгын айт?” дегенде, ал: “Мен Отунбаева менен Атамбаевди айтканмын” деп түз жооп бергенин жакында эле эшиттик.
Азимбек Бекназаров дагы бир билдирүүсүндө: “Кадыржан Батыровду Убактылуу өкмөттүн таасирдүү мүчөсү машинасына салып, кыргыз-өзбек чек арасынан ары жылуу-жумшак узатып жиберди” дегени маалым. Муну да айрым адамдар Текебаев катары чечмелегенин билебиз. Жаңжал маалында “Пинара” мейманканасында Конституциялык кеңешменин иши кызуу жүрүп жаткан. Баш мыйзам күндүзү талкууланып, түн оогонго чейин өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, түштүккө баруу турсун, ойлонууга чоло тийбеген кез болчу. Ал кезде түштүк тарапта Бекназаров менен Исаков гана болгон. Түштүктөгү аскер, прокуратура, чек ара тармактары Исмаил Исаковго баш ийип, кимди кызматтан алып, кимди кызматка коюуну өзү чечип турган кез эле. Ал эми Бекназаровдун Батыровду чек арадан узаткан чиновниги ким экени али белгисиз. Ачык айтыла элек.
Үчүнчүсү, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен жолугушканы тартылган видео тасма да бардыгы айтылып, ММКларда жазылып, жыйырма жылдан бери каралоого адат болгон «Ата Мекен» лидеринин аты мында дагы аталды. Ооба, чынында эле өзбек лидерлери, анын ичинде Кадыржан Батыров Роза Отунбаева жана анын 1-орун басары Алмазбек Атамбаевге жолугушканы факт. Бирок К.Батыров ошолор менен бир имаратта турган Текебаевдин кабинетине кирип, эски кесиптеш, жердеш катары салам айтканга жараган эмес. Анан кандайча Текебаев ага төрт ирет байланышкан болуп калат? Текебаев менен Батыров келишпестигин Жалал-Абаддагы “бакиевчилердин” тополоңунан кийин Батыровдун “Мезон ТВ” каналынан “Ата Мекенди” катыра сындап: “Президенттикке Атамбаев, премьер-министрликке Сариев жарайт” деген сөзүнөн да байкасак болот. Эскертип кетерибиз, Батыровдун Р.Отунбаева жана А.Атамбаев менен болгон жолугушуусун кылмыш же туура эмес деп айтууга болбойт. Алар өлкө жетекчилери болгондон кийин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тигил же бул топтун өкүлдөрү менен жолугушканга милдеттүү.
“Бригаданын” бир өкүлү Камчыбек Ташиев үлкөн сайттардын бирине берген маегинде: “Түштүк коогалаңына күнөөлүү делинип жаткан К.Батыров, И.Абдрасулов, Ж.Салахуддиновду Роза Отунбаева үч жолу, Алмаз Атамбаев үч жолу, Өмүрбек Текебаев төрт жолу кабыл алган” дептир. Негедир Камчы мырза шайлоо алдында каралоо ниетиндеби, Текебаевди өзгөчө белгилегенин баамдап тургандырсыздар. Ал эми Баш мыйзамды жазып, өлкөнү мыйзамдуу талаага салуу озуйпасын өзүнө алганын, өкмөттө каржылык, кадрдык маселелерге аралашпагандыгын неге эч ким капарына илгиси жок?!
Кара пиар убактылуу, бирок учурунда таасири күч. Таасиринин күчтүүлүгү ушунда. Кара пиардын эпкининен элдин башы айланып, эмне чындык, эмне жалган экенин айырмалай албай бушайман болот. Бул ыкма дүйнөлүк практикада пайдаланылары бышык. Бирок таза атаандаштыкка татый албагандар коомго тез таанылып, коомчулуктун көңүлүн бат ээлөө, башкысы, кыска убакытта көздөгөн максатына жетүү ниетинде пиардын дал ушул түрүн колдонушат. Кандай пиарды колдонот, ал ар бир саясатчынын ички деңгээлинен, моралдык дээринен...
Ибрагим Жусуев