ЧЫЧЫРКАНАК ТЕРИМ – КӨЗДҮН МАЙЫН АЛГАН МАЙДА ИШ

Ысык-Көл облусунун Түп аймагына болгон сапарым бул жолу чычырканак терүү мезгилине туш келди. Убакыттан пайдаланып теримге чыккан айрым тургундар менен баарлашууга үлгүрдүм. Облус тургундары жай мезгили аяктап калган учурда чычырканак сатып акча табышат. 1 адамга 2 килограммдан ашык терүүгө тыюу салынат. Жергиликтүү жашоочулар бул мөмө-жемишке акыркы жылдары суроо-талап көп болуп, мындан улам аны терип, саткандар да көбөйгөнүн айтышат. Бул макалада Ой-Тал айылынын тургундары бул кичи бизнестин күнгөй-тескейи, кирешеси, түйшүгү тууралуу кеп курушат.

“ЧЫЧЫРКАНАК ТЕРИМИ 1,5 АЙГА ГАНА СОЗУЛАТ”

Айыл жергесинде туруктуу иш жок болгондуктан, айрым тургундар чычырканак чогултуп сатып, пайда табышат. Бул жаатта дасыккан айыл тургундары жемишти чогултуу жолдорун айтып беришти. Каармандарым аты-жөндөрүнүн жашыруун калышын суранышты.

– Чычырканактын сезону август айынан башталып, сентябрдын орто ченине дейре уланат. Чычырканакты токойдон машинелерге салып жүктөп келебиз. Жемишти ар ким ар кандай алат, мисалы, бирөө бакты түбү менен кыйып, мөмөсү бар шагын секатор менен кесип алып, калганын таштап салышы мүмкүн. Бул туура эмес. Чычырканактар бийик өскөндүктөн, аны башынан атайын жасалган узун жыгачыбыз менен тартып, мөмөлүү шагын кесип алабыз да, баштыктарга салабыз. Токойдо чычырканак көп, бирок көзгө көрүнгөнүн эле ала бербейбиз. Эгер мөмө бутакка өтө жакын болуп, жыш өссө, аны кесүү маалында тоскоолдук жаратып, эзилип кетет.

Токойго үч күндө бир келип, 20 килограмм чычырканак жүктөп кетем. Аны үйгө барганда алдына жөнөкөй кездеме салып, көлөкө жерге жаябыз. Үйгө алып келгенден кийин беш күнгө чейин шагынан кеспей сактоого болот. Андан кийин кичинекей кайчы же тигүүчүлөрдүн кайчысы менен мөмөсүн бирден кесип алабыз. Топ-тобу менен кырккандар дагы жок эмес. Үйдө атайын тешиктери бар табактарыбыз бар, ошого салабыз. Мунун жакшы жери – ыпыр-сыпырлардан тазаланат. Мен эртеден кечке жалгыз отуруп 5 килограмм чычырканак кесем. Эгер үй-бүлө мүчөлөрү жардам берсе, андан көп өлчөмдө кесебиз. Кыркылган чычырканактын алдына жөнөкөй кездеме салып, жука жайып, муздак жерде үч күнгө чейин сактоого болот. Айрым адамдар жаңылып целлофанга төгүп коюшу мүмкүн. Бул туура эмес, целлофан эзип жиберет. Ал эми калган бутагын отун кылабыз.

Чычырканактын 1 килограммын 120 сомдон өткөрөм. Бир сатканда эле 2500 сом табабыз. Бул акча майда-чүйдөлөрүбүзгө жарайт. Үйдөгү сиңдим экөөбүз бир айда 100 килограммдан ашык чычырканак кестик. Башкаларга жеңил көрүнүшү мүмкүн, бирок иш жүзүндө көздүн майын алган өтө майда иш. Чычырканак кесем дегендерге чыдамкайлык керек.

“15 ЖЫЛДАН БЕРИ ЧЫЧЫРКАНАК КЕСЕМ”

Кезектеги каарманым бул жаатта 15 жылдык тажрыйбасы бар экенин айтат:

– Ашыкча акчанын зыяны жок эмеспи, он беш жылдан бери бул жаатта иштеп жүрүп тажрыйбалуу болуп калдым десем болот. Токойду, камышты аралап, саздарды кечип жүрүп, кай жерде кандай чычырканактар бар экенин билип калдым. Кыйынчылыктар жок эмес, бул өсүмдүк коргоого алынгандыктан, алууга же кыюуга тыюу салынат. Токойдо жүргөндө кадимкидей эле экологдордон качабыз.

Жылдан жылга чычырканакка болгон талап өсүп жатат, аны менен катар кескендер да көбөйдү. Эки-үч жыл мурун 1 килограммын 60 сомдон сатсак, эми 120 сомго чейин көтөрүлдү. Жайкы эс алуу учурунда жол боюнда сатып тургандар килограммын 160-180 сомго чейин сатышат. Мурун базарга алпарып сатчубуз, азыр кардарлар үйгө чейин келип алып кетишет. Негизинен Казакстандан келген эс алуучулар көп алышат.

Көп жылдан бери бул жаатта иштеп, чычырканак кесүүнүн түрдүү жолдорун издедим. Чычырканактарды кышкысын тоң боюнча алып келип, үйдөн кесип көрдүм. Бирок ал мөмө кыямга гана жарайт экен. Андан сырткары эски кир жууган машиненин сыккычына бутактары менен салып, ширесин сыгып алгандарга күбө болдум. Чычырканакты кышында кыям, компот кылып сактоого жана сатууга болот. Жолун билгендер майын алып сатышат.

“ЧЫЧЫРКАНАКТАРДЫ КАЗАКСТАНГА ЖӨНӨТӨМ”

К.А. аттуу тургун айыл тургундары чогулткан чычырканактарды сатып алып, Казакстанга жөнөтөрүн айтат. Ал чычырканакты алып өткөрүүгө уруксат кагазы бар экенин белгиледи.

– Мен чычырканактарды элден кымбат баада алып, Казакстанга жөнөтөм. Сезон маалында жумасына эки жолу 1 жарым тоннадан жөнөткөн учурларым болду. Негизинен облус боюнча 12-13 айылдан жыйнайм. Чычырканакты көбүнчө акчага муктаж болгондор кесишет. Анткени көздүн майын алган өтө майда иш. Мен иштин канчалык татаалдыгын билип, жон терим менен сезип, карапайым элден базар баасынан жогору алам. Анткени элдин эмгегин баалайм.

Чычырканак коргоого алынган өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Бул чычырканак тергендерге тоскоолдук жаратат. Эгер экологдор кармашса, айып пул салып, ызы-чуу кылышат. Мен башында чет өлкөгө чыгарып жатканда тоскоолдуктар болгон, бирок азыр кыйынчылыксыз эле чет өлкөгө экспорттойм. Анткени атайын эрежелерге ылайык документ жасатып алгам. Менин оюмча, чектөө киргизгени бир жагынан туура эмес. Анткени бул дагы кадимки эле бак сыяктуу. Бутаган сайын кийинки жылы жакшы түшүм берет. Эгер эч ким мөмөнү жыйнап албаса, ал жылдан жылга майдаланып кетет. Ошондуктан чычырканакты туура жол менен кесип туруш керек. Он беш жылдан бери иштеп жүргөндөр туура кескенди билишет. Антпесе пайдалуу мөмө жөн эле талаада калып жатат. Биринчиден, чычырканактын ден соолукка пайдасы чоң, экинчиден, жакыр үй-бүлөлөргө жардам болот. Кыргызстан боюнча чычырканак Ысык-Көлдө, андан сырткары Суусамырда көп өсөт. Бирок суусамырлыктар кесишпейт, анткени мал чарбачылыгы менен жан багышат. Ошондуктан мамлекет чычырканакты кесүүгө уруксат бериш керек. Кээде сатуучулар “экологго кармалып калдык” деп чырылдашат, мен экологдор менен сүйлөшүп, аларды коё берип коюуну суранам. Эл жыргаганынан кесип жаткан жок, чычырканакты көйгөйү көптөр кесишет.

“ЧЫЧЫРКАНАК КОРГООГО АЛЫНГАН”

Чычырканак сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн катарына кирип, мамлекет тарабынан коргоого алынган. Аны кыйган адам канча көлөмдө айып пул төлөйт, бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Бакыт Мусабаев айтып берди:

– Ысык-Көлдүн жээгинде өскөн чычырканактар сорту боюнча "моюлдай чычырканак" деп аталат. Бул өсүмдүк сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн катарына кирип, мамлекет тарабынан коргоого алынган. Ар бир жаранга 2 килограмм өлчөмүндө чычырканак алууга уруксат берилет. Эгер андан ашып кетсе, өкмөттүн 2013-жылдын 3-майында кабыл алынган №224 токтомунун негизинде айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү – 381 сом 48 тыйын. Ушул суммадан тартып кыйылган бутактын узундугуна жана мөмөнүн өлчөмүнө жараша көбөйө берет. Ал эми бул мөмөнү чет өлкөгө экспорттоо үчүн тиешелүү мекемелерден уруксат кагазын алыш керек.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dikowka93
2020-09-14 21:53:27
Экологдор башка нерсени коргоп алгылачы,!! биз жакта чычырканак токой бар эчкимдин ищи жок, кыйып атабы, орттоп атабы, терип атабы, эчким эчнерсе дей албайт,,кээ бирлер Гана дарылыкка теришет..
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан