(Башы өткөн сандарда)
Искендер араң ойгонду. Кара терге түшүп калыптыр. Уулдары тууралуу аялына айтып жатканы түшүнө кире берет. Болгондо да түрдүү сценарийлер менен кирет. Жанында мемиреп уктап жаткан аялынын жүзүн карап суктанды. Өзүнүн уйкусу качканы качан. Көкүрөгүн курттай жеген ойлору менен алышып таң атырды. Ошол таңды эмнегедир балконунда отуруп алып суктанып тосту.
Ошо күнү Искендердин туулган күнү болчу. Аны дагы өзү унутуп калыптыр. Эгерде Аяна келбегенде такыр эле эстемек эмес. Кабинетине кирип келген Аянаны ал таң кала тиктеп калды. Эч качан айтпай келчү эмес. Балдар бир нерсе болдубу десе жүзү жарык. Бир нерсеге кубанып тургандай.
– Салам!
– Салам, сен келчү эмес элең. Тынч элеби?
– Тынч эле, сюрприз жасайын дедим. Анткени дүйнөдөгү бир сонун атанын бүгүн туулган күнү!
– Ой, чоң рахмат. Мен унутуп калган турбаймынбы. Бүгүн туулган күнүм беле?
– Унуттуңбу?- деди Аяна аяныч менен. Искендердин саамайындагы агарган чачын ичи тызылдап карап турду. Көзүнүн алдында да бырыштар пайда болуптур. Мурун жашоого тоюп, кумарланып, жыргап күлүп карачу эле, көздөрүнүн да нуру өчүп бараткан экен.
– Унуттум.
– Сага белек тандай албай, көпкө ойлондум.
– Койчу, сен мага эчак эле дүйнөнүн эң жакшы белектерин бергенсиң. Андан башка сенден эмне сурайм? Өз каныңдан жаралган эки уулум бар. Мен дагы эмне тилейм сенден? Эң баалуу белекти бергенсиң.
– Антпе, сенин дагы бир уулуң бар.
– Аяна, кел отурчу.
Искендер олуттуу болгондо чекелери тырыша түшөт. Отуруп бир топко ойлонуп калды да, сөзүн улады.
– Мен сага бир чоң сырым менен бөлүшөм. Сен сыр сактай аларыңды да билем. Билбейм, эмнегедир көптөн бери бул чындыкты сенин билишиңди каалап жүрөм.
– Коркутпачы деги.
– Айтурган экөөбүздүн балабыз жок.
– Эмне-е!?
– Эрболду мен төрөтканадан алмаштыртып койгом. Айтурган ай-күнүнө жетпей төрөдү. Оор көтөргөн. Бала төрөлгөндө жүрөгү араң эле согуп жаткан. Эки сааттын ичинде чарчап калды. Айтурган ошол операцияда эне болуу укугунан ажырады. Врачтар жатынын алып салууга аргасыз болушту. Болбосо аны сактап калуу мүмкүн эмес болчу. Мен Айтурганды жакшы билгендиктен бул ага оор болорун билдим. Ошол учурда жаш кыз баласынан баш тартып арыз жазып жаткан экен, аны менен биздин өлгөн баланы алмаштыртып койдум. Муну бир гана мен жана операция жасаган жакын досум Урмат билет. Айтурган өзү да бул тууралуу кабары жок. Мен өмүр бою бул окуяны жашырганга мажбур болуп жашадым. Ага балдар тууралуу айта албай жатканымдын себеби да ушул.
– Муну эмне үчүн мага айтып жатасың?
– Сенин билишиңди кааладым. Эгерде сен балдарды сактап калбасаң, анда мен өмүр бою туяксыз өтмөкмүн. Башында көз ирмебей туруп балдарды алмаштыруу чечимин кабыл алганда мен үчүн оңой болот деп ойлогом. Бирок эркек үчүн артында туяк калбаганы оңой иш эмес экен. Ичимден сызып жүргөнүмдө капыстан мага бир белек келди. Менин эгиз уулдарым бар экен. Мага куюп койгондой окшош. Алгачкы күндөрү бакыттан жинди болуп кете жаздадым. Аларды карап көзүм тойчу эмес, ушунчалык бактылуу болчумун. Көрсө, чоң бакыт экен. Өзүңө окшош наристени, өзүңдүн каныңдан жаралган балаңды чоңойткон бакыт тура.
– Искендер, бул сыр кайсы бир күнү калкып чыгат деп ойлогон жоксуңбу?
– Эгер бул чындык билинсе, Айтурган муну көтөрө албайт. Эрболду ушунчалык жакшы көрөт. Өх, мен азыр ушул абалдамын. Кайсы сырымды кайсы жериме катып жашаарымды билбей жүргөн кезим.
– Кечир, мен сага таарынып жүргөм. Эгерде сенин кандай абалда жүргөнүңдү билсем... Мен сен үчүн эмне кыла алам?
– Эч нерсе. Болгону жанымда бол.
– Мен ар дайым жаныңдамын. Баса, сага белек алып келгем. Өз колум менен токудум.
Аяна сумкасынан күрөң шарфты сууруп чыкты. Көзү күлүңдөп бакытка балкып турганын көрүү ушунчалык жагымдуу эле. Негизи эле кубанган жүзүн көрүү өтө сейрек боло турган.
– Рахмат, алтыным,- деди Искендер анын чекесинен сүйүп. Ушул учурда эч ким ойлобогон нерсе болуп кетти. Искендердин ысык демин сезгенде Аянанын колдору өзү эле моюнуна асыла түштү. Эки жылдан бери экөө мынча жакын болгон эмес эле. Бири-бирине деми уруп, энтиге токтоп калышты. Кыздын капкара көздөрүнө туруштук берүү кыйын эле. Эңилип жүзүнөн, эрдинен сүйдү. Бар дүйнөнү унуттурган кумар дүрт эте түштү. Ушул учурда эшик шарт ачылды. Айтурган көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Искендер бою узун бейтааныш кызды алкымынан аймалап, жакасындагы топчуларды жанталаша чечип жаткан эле. Чочуган экөө да дел болуп туруп калышты. Канча убакыт өткөнүн үчөө тең билбеди. Тиктешип эле туруп калышты. Алгач Аяна эсине келип, чуркап чыгып кетти.
– Сен... Сен кантип?- деди аялдын эриндери титиреп.
– Айтурган, бул сен ойлогондой эмес.
– Акмак!
Жийиркене жерге түкүргөн аял сыртка жөнөдү. Аркасынан Искендер чуркады. Машинеси эми жүрө берерде жанына отура калды. Рулда Айтурган болчу. Ыйлап жатты.
– Жогол дедим!
– Сен машинени токтот, бир жерге отуруп сүйлөшөлү. Сени бул абалда коё бербейм.
– Мени жалгыз кой деп жатам!
– Жок, жибербейм. Мени укмайынча жибербейм. Сен баарын туура эмес түшүнүп алдың.
– Бети жок, мен өз көзүм менен көрдүм.
– Мен сага айтайын деп такыр айталбай жүргөм. Айтурган дейм.
– Айталбай жүргөн имиш. Сен, сен мени...
– Ой, укчу, Кудай жалгагыр.
– Мага эч нерсенин кереги жок!
Аялдын көздөрү тоңуп калгандай эле. Кудум кечээ түшүнө киргендей тоңуп калыптыр. Абалы коркунучтуу эле. Ошол учурда гана Искендер машине учуп баратканын сезди.
– Айтурган, ылдамдыкты азайт. Азыр экөөбүз тең өлөбүз. Четке айда машинени. Мен баарын түшүндүрөм.
Аялдын акылына “азыр экөөбүз тең өлөбүз” деген ой келди. Чын эле экөө тең өлүп калганы жакшы. Күйөөсү башка бирөөгө кеткенче өлүп калганы түзүк. Өзү үчүн Искендерсиз жашоонун кереги жок. Бир мүнөткө ушундай ой келе калды. Жаалданган аял ылдамдыкты ого бетер күчөтө берди.
– Айтурган дейм, сен жиндисиңби?
Искендер рулду талаша кетти. Ошол кезде капталдан чыга калган чоң жүк ташуучу машинени экөө тең кеч көрүштү. Кыйкырганга жетишпей калышты. Даң-ң! Кулактар тунуп, машине ала салып кетти. Искендер машиненин коопсуздук курун тагынбаганы үчүн терезеден сыртка учуп кетти. Өлүм алдында жатканда көз алдына булуттар калкыды. Оюна балдары келди. “Адам, Алан” деди эрдин кыбырата. Көзүнөн бир тамчы жаш кулап баратты.
ххх
Кобураган төрт киши машинени айланчыктап жүрүштү.
– Эркек үзүлүп кетиптир.
– Аял тирүү экен.
– “Тез жардамга” кабар берели.
Бул куткаруучулардын сүйлөшкөндөрү эле.
ххх
Тирүүлүк эмне? Адамдын руху өлүп калгандан кийин илинип турган жандын кимге пайдасы бар? Айтурган ооруканада жатканда тирүү калганын билгенде ушуну ойлоду. Азыр жөн эле өлүп калгысы келди. Эптеп эле бул жашоонун ыпластыгына чыдап жашагыча өлүп калса. Бирок ага Кудайдын башка бир планы бар болчу. Өлүп кайра тирилип, өзүн кайра баштан жаратуу үчүн ага мүмкүнчүлүк берилгенин али түшүнө элек эле. Сөөк өчтү душман дегени ага үмүт берерин, жашоо бүттү деген учурда башка бир өң менен кайра башталарын билген эмес...
(Уландысы кийинки санда)