Кытай АКШдан артта калбастан космостук жарыштарга активдүү катышууда. Ушул жумада көп жолу колдонулуучу жаңы кеме учурулду. Сыноонун тартиби боюнча ал мейкиндикте бир нече убакыт кармалат жана аны артка кайтарууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ушул сыяктуу кемени Америка көп жылдан бери сынактан өткөрүп келет. “X-37B” аталышындагы Boeing менен кызматташууга даярдалган кеме азыркы учурда Жерге жакын орбитада жайгашкан.
Жибек Мурсакматова