АКШда татаал транспорт каражаттары чыгарылары жашыруун эмес. Алардын бири – жаңыдан гана коомчулукка тааныштырылган eVTOL же учуучу электромобиль. Кызыгы, унааны колдонуу үчүн авиакомпаниянын уруксаты талап кылынбайт. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланууда.
Өткөн жылы АКШнын Аба күчтөрү LIFT Aircraft стартабы тарабынан түзүлгөн "Hexa" аталышындагы eVTOL унаасы менен тааныштырган. Бул – учкучу жок бир нече аппараттардын башын бириктирип жасалгандай, 18 даана роторлуу авиациялык транспорттук каражат. Анын кабинасына бир гана киши батат.
Кызыгы, иштеп чыгаруучу "Hexa" унаасын аскерлерге гана сатпайт. Компаниянын пикири боюнча, учкучтан лицензия талап кылынбайт. Унаа энергияны үнөмдөө режиминде өчүрүлгөн 6 ротору менен жерге коно алат.
Жибек Мурсакматова