“АТА” ТАСМАСЫНЫН ЖЫЛДЫЗЫ АЙИКЕ

“Ата” тасмасын көрдүңүз беле? Андагы кичинекей кыздын ролундагы актриса эсиңиздеби? Тасмада образын ишенимдүү ачып берген Айике Туратбек кызы менен маектештик.


“ЫЙЛА” ДЕШКЕНДЕ АПАМДЫ ЭСТЕП ЫЙЛАДЫМ”

– Айике, кандайсың? Өзүңдү тааныштыра кетсең?

– Саламатсыздарбы? Менин атым Айике. Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясында 3-класста окуйм. Англис, орус, кыргыз тилдерин, математиканы жакшы көрөм. 1 жаш 8 айымда “Ак-Шоола” балдар хоруна барып баштагам. Ал жактан бийлегенди, ырдаганды үйрөндүм. Гүлмира Эсенгулова (ред.: хордун жетекчиси) көп ырларды үйрөткөн.

– Сени “Ата” тасмасынан кийин таанып калдык. Кантип тартылып калдың?

– Кастингге алып барганда өтүп кеткем. Толтура балдар бар экен. Ошолордун арасынан мени жана бир кызды тандап калышкан. Биринчи тартылган кином “Бир тууганчик” болгон. Ага 2 жашымда байкем экөөбүз тартылганбыз.

– Кастингден кантип өтүп кеттиң?

– Өздөрү “күл, ыйла” деп айтып беришкен. Алардын айтканын аткарсам, мени тандап алышкан.

– Тасмада ыйлаган жериң бар го. Аны кантип аткардың?

“Ыйла” дешкенде апамды сагынып, эстеп ыйладым. Кинону тартып жатканда айылда жүргөнбүз. Кээде эле үйгө барчумун.

– Ролуңду аткарганга ким жардам берди?

– Бакыт Осмонканов, Азамат байкем (ред.: Уланов) кантип аткарышты айтып берип жатышты.

– Азыр сени көчөдөн таанып калышабы?

– Ооба. “Сен “Ата” деген киного тартылдың беле? Сүрөткө түшүп алалычы” дешет.

– Популярдуу болгон жактыбы?

– Мага аябай жагат.

– Жакында “Такебай-2” тасмасына да тартылган экенсиң...

– Ооба, карантинде тартылдым. Ал кинодо биз биринчи кедей болуп, анан бай болуп кетет экенбиз. Бет ачары ушул күздө болгону жатат.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Актриса, ырчы, доктур болгум келет. Анткени мага киного тартылган, ырдаган, элди дарылаган жагат.

– Кайсы актриса, актёрлорду жактырасың?

– Актрисалардан Альбина Имашова, актёрлордон атам болуп аткарган (ред.: Болот Тентимишов) байке жагат.

– Тасмага тартылганың үчүн гонорар алдыңбы?

– Алдым. Бирок канча экенин билбейм. Апам ал акчага мага телефон алып берген. Апамдан ““Ата” киносуна тартылып акча алганда мага телефон алып бересиңер, ээ?” деп сураганда “ооба” деген эле.

– Телефонду караган кичинекей балдарга зыян да?

– Мен телефонду сабактарды онлайн окуш үчүн колдоном. Бирок мага онлайн сабак жаккан жок. Мектепке барып окуган жакшы экен. Сабактарды жакшы түшүнбөй калат экенсиң. Мектепти, классташтарымды, эжемди сагынып кеттим.

– Курбуларың барбы?

– 5 курбум бар. Алар “Азаматсың! Кантип тартылдың эле? Кантип ыйладың?” деп күндө сурай беришет. “Мен да тартылгым келип жатат, дагы киного тартыларда айтчы, ошондо мен дагы тартылайын” дешет.

– Эмнелерди кыялданасың?

– Ата-энеме үй, машина сатып берип сүйүнткүм келет.

– Үй-бүлөң тууралуу да айтып берчи...

– Атамдын “Дордой” базарында чакан бизнеси бар. Апам бизди карап үйдө. Биз 3 бир тууганбыз. Байкем Эрбол, ортончусу мен, анан кичинекей бөбөгүм Элхан бар.

– Айике, азаматсың! Келечегиң кең болсун! Тилектериңе жет!

Айике Туратбек кызынын апасы Жазгүл Кулмендиева кызы тууралуу буларды айтып берди:

“ЭЛ КӨЗҮНДӨ БОЛГОНДУ ЖАКТЫРАТ”

– Бакыт Осмонканов кастинг өткөргөндө Айикени алып баргам. Толтура кыздар келишкен. Аягында эки кызды алып калышты. “Башкы каарман ушул 2 кыздын бирөөсүн тандасын” деп Болот байкеге байкатып көрүштү. Көп роль берип сынашты. Жыйынтыгында “ролго Айике туура келет экен” деп тандап алышты.

Айикени 1 жаш 8 ай кезинде “Ак-Шоола” балдар хоруна алып бардым. Тили эрте чыккандыктан ыр айтып берсе таң калышып, алып калышкан. Ал жактан 5 жыл билим алып, музыкалык билимин түптөдү. Хордун солисти да болду. "Үнү жакшы" деп макташат. Күчтүү тембрди кармай алат. Азыр Шубин атындагы музыкалык мектепте комуз ойногонду үйрөнүп жатат. “Вокалдан сабак алсаңар келечегине жакшы” деп көптөр айтышат. Джаз жанрында ыр жаздырып бергенбиз. Ошондуктан атасы “вокалга алып бар, жөндөмүн өстүр” деп турат. Айикенин киного тартылганы атасы үчүн чоң кубаныч болду. Чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси да “айылда мактанып, сыймыктанып жатабыз” деп жүрүшөт.

“КЫЗЫМДЫН АКТЁРДУК ЧЕБЕРЧИЛИГИНЕ БАА БЕРДИМ”

– Айикенин мүнөзү башкарма. Баарын башкарып алгысы келет. Айтканынан кайтпаган өжөр кыз. Шоу чөйрөнү жакшы көрөт. “Врач болом” деп да калат. Бирок эл көзүндө болгонду, камера алдында иштегенди жактырат. “Мени чоңойгондо баары таанышат” дейт. Тасмага тартылгандан бери “апа, көчөдө баратсам мени таанышты. Сүрөткө түшүштү” деп келет.

Тасманы көргөндөн кийин кызымдын актёрдук чеберчилигине баа бердим. Бакыт Осмонканов “кечинде келип, ыйлаган жерине катышып бересиңерби?” деп чалган. Барсак ал жерин тартып бүтүп коюшуптур. Тартуучу топ “Айике бизди таң калтырды. Ыйла десек ыйлап, токто десек токтоп жатты” дешти. Кызымда жакшы эле талант бар турбайбы деп кинону көргөндө азыр да таң калам.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ka2sr1
2020-09-14 15:42:41
Жаркыраган, жылдыздуу сонун кыз экен.
+2
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан