БҮГҮНКҮ ТАЛАПКЕРЛЕР КЕЧЭЭ КИМДЕР ЭЛЕ?

Партиялар парады

БШКга тапшырылган “депутат болом” дегендердин тизмесинен “экс-президент” дегенди гана жолуктурбайсың, калган дээрлик бардык мамлекеттик кызмат өкүлдөрү бар. Биз айрымдарына токтолуп, “кайсы “бапкенин” үзүрүн көрүшкөн эле?” деген суроого жооп издедик.

“АТА МЕКЕН”

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ

Акаев тушунда:

  • Туңгуч президент башкарган 15 жылдын ичинде Өмүрбек Чиркешович «Ата Мекен» партиясы менен бирге бийликке келишкис оппозицияда келген. Эл өкүлү катары ЖКда төраганын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, бирок карапайым калктын таламын талашып, өзү айтмакчы, көчөнү тандап, отставкага кеткен.
  • 2000-жылы президенттик шайлоого катышып, анын расмий жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген.

Бакиев тушунда:

  • Март төңкөрүшүнөн кийин Өмүрбек Текебаев ЖКнын төрагасы болуп, бирок 2006-жылы февралда Курманбек Бакиевдин натуура иштерин элге ашкере кылып, «ит болду, уяты болсо, асынып алсын» деген атактуу фразасынан улам, жаңы саясий салтты баштап, отставкага кеткен.
  • 2007-жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек мырза жетектеген партия, расмий маалыматтар боюнча, утулган. Бирок ал шайлоодо анык жеңүүчү «Ата Мекен» экени жалпы журтка дайын, азыркыга дейре ал шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып, “Ата Мекен” “наглым образом” парламентке киргизилбей калгандыгы аңыз болуп айтылып келет.

СУЛТАН РАЕВ

Акаев тушунда:

  • Билим берүү министринин маданият тармагы боюнча орун басарлыгына чейин жеткен. Кыргыз адабиятында кризис болуп турганда бир гана ушул кишинин спектаклдери коюлуп, КМШ гана эмес, дүйнөлүк аренага чейин таанылган драматург (Англия ханышасынын мааракесине КМШ чөлкөмүнөн жалгыз ушул киши чакырылган).

Бакиев тушунда:

  • Маданият министрлигин аркалап турду. Бирок саясий билдирүүлөр менен чыгып же кандайдыр элге каршы саясатка катышканын көргөн жокпуз. Өжөрбү же беттегенин бербейби, бир сүрөтчүнүн айынан кол жууп жатканда да, кызматына тырмышкан эмес.

ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ

Акаев тушунда:

  • Вице-премьер-министрлик кызматта бир жыл иштеген. Андан сырткары 2000-2006-жылдар аралыгында маркум Медет Садыркулов негиздеген “Менин өлкөм” партиясынын лидери болгон.

Бакиев тушунда:

  • Экинчи революцияга чейин Жоомарт мырза Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ага кеңешчиси болуп иштеген.


КСДП

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ

Акаев тушунда:

  • Туңгуч президент башкарган мезгилде ишкердик менен алектенген Алмазбек Атамбаев 1995-жылы жана 2000-жылы ЖКнын депутаты болуп шайланган. Бирок экинчи жолкусунда сот аны мандатынан ажыратат. Акаевге ачык оппозицияда болгон.
  • 2000-жылы президенттик шайлоого катышып, анын жыйынтыгы боюнча Акаев менен Текебаевден кийинки үчүнчү орунду ээлеген.

Бакиев тушунда:

  • 2005-жылы сентябрда Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп, сегиз айдан кийин Бакиевди саясий реформаны токтоткону үчүн күнөөлөп, кызматтан кеткен. Ал кайрадан оппозициядагы санаалаштарына кошулган.
  • 2007-жылы март айында кайрадан бийликке келип, өкмөт башчы болуп дайындалат. Эки ай өтпөй, “Ак үйдө ууланды” деген маалыматтар таркаган. Ушул эле жылдын ноябрь айында Бакиев Атамбаевдин отставкага кетип жатканын жарыялап, кетирер алдында Данакер ордени менен сыйлаган.

ИСМАИЛ ИСАКОВ

Акаев тушунда:

  • 2000-жылга чейин Коргоо министрлигинде түрдүү кызматтарды ээлеп, министрдин биринчи орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.
  • ЖКнын депутаты.

Бакиев тушунда:

  • Март окуясынан кийин Коргоо министри болсо, 2008-жылдын майынан баштап Коопсуздук кеңешинин катчылыгын аркалаган.
  • 2010-жылы январда “кызматынан кыянаттык менен пайдаланды” делип, 8 жылга камалган. Андан сырткары, генерал-лейтенант деген чининен да ажыратылган. Бирок 7-апрелден кийин түрмөдөн бошотулуп, толугу менен акталып, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп кирген.
  • КСДПнын тизмесинин дээрлик 70 пайызы партиянын мурунку мүчөлөрүнөн турат. Алсак, ун, суу жана макарон чыгаруучу «Акун» ЖЧКсынын кожоюну Чыныбай Турсунбеков бар. Ал бир эле учурда Кыргызстандагы ишкерлердин биримдигинин президенти. Ошондой эле мурдагы «ак жолчу» Аскар Салымбековдун бир тууганы жана «Дордой» профсоюз ассоциациясынын төрагасы Мамытбай Салымбеков да жүрөт. ЖКнын акыркы чакырылышында КСДПнын курамында отурган экс-депутаттар Асилбек Жээнбеков, Дамира Ниязалиева, Галина Скрипкина да тизменин алдыңкы катарында.


“АР-НАМЫС”

ФЕЛИКС КУЛОВ

Акаев тушунда:

  • 1990-1999-жылдар ичинде Феликс Кулов Ички иштер министри, КРнын вице-президенти, Чүй облусунун губернатору, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, Бишкек шаарынын мэри болуп турган.
  • 2001-жылы ал “Улуттук коопсуздуктун министри болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп күнөөлөнүп, 7 жылга темир тор артына камалып, биринчи революциянын шарапаты менен акталган.

Бакиев тушунда:

  • Түрмөдөн чыгары менен парламент аны өлкөнүн Күч структураларынын координатору кылып дайындаган.
  • 2005-жылы күзүндө Курманбек Бакиев менен шайлоонун алдында тандем түзгөн.
  • 2005-2007-жылдар аралыгында өкмөт башчы.
  • Өкмөт башчылык кызматынан кол жуугандан кийин оппозицияга кеткен. Бирок көп өтпөй, Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлор дирекциясынын башчысы болуп дайындалган.

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ

Акаев тушунда:

  • ЖКнын эки чакырылышынын депутаты.
  • 2002-жылы Акыйкатчы болуп дайындалган.

Бакиев тушунда:

  • Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ

Акаев тушунда:

  • 1995-жылы 1-вице-премьер-министрдин жардамчысы, кийин салык инспекциясында иштеген.
  • 2000-жылы ЖКнын депутаты болуп шайланган.

Бакиев тушунда:

  • Бакиев башкарган беш жыл ичинде Каржы министрлигинде иштеп, кийин Экономикалык өнүктүрүү министри, 1-вице-премьер-министр болуп жүрүп, апрель окуясынан кийин ал кызматынан кол жууду. 7-апрель окуясынан бир күн мурун Таластагы митингди токтотом деп, өзү элдин барымтасында калып кеткен. Түрдүү ушактарга карабастан, Таластан аман-эсен чыгып кеткен.


“АТА ЖУРТ”

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ

Акаев тушунда:

  • 2002-2003-жылдарда өкмөт башчынын аппарат жетекчисинин жардамчысы, 2003-2005-жылдары Бишкекте Ленин райадминистрация жетекчисинин орун басары болгон.

Бакиев тушунда:

  • Анын депутаттыгы Баш мыйзамга добуш берүү учурунда “позор” деп кыйкырганы менен эсте калган. ЖКнын бир жыйынында «мен Курманбек Салиевичти түздөн-түз колдойм» дегени да элдин эcинде. 2007-2009-жылдарда Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганында Ак үйдөгү жыйында экс-премьер-министр Данияр Үсөновго каяша айтып, өкмөт курамынан чыгып кете берген.

МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ

Акаев тушунда:

  • 1991-1994-жылдарда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын началниги болгон. Андан сырткары Жогорку Советтин депутаты да болуп шайланган. ИИМде чоң кызматтарды ээлеп отуруп, 2002-2005-жылдар аралыгында башкы прокурор болуп иштеген.

Бакиев тушунда:

  • 2006-2007-жылдарда президенттик администрациянын жетекчиси.

АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ

Акаев тушунда:

  • 2001-2002-жылдарда Каржы министринин орун басары болсо, 2002-2005-жылдар ичинде Социалдык фондунун төрагасы болгон.

Бакиев тушунда:

  • 2005-2007-жылдары ЖКнын депутаты, ортодо жумушсуз, кийин кайра Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган.
    “Ата Журт” партиясы эки хандын учурунда чоң кызматты ээлегендерге бай. Акаевдин мезгилинде Эсептөө палатасынын төрагасы, Бажы инспекциясынын директору болуп турган Азамат Кангелдиев бар. “Ата Журт” Бишкекке Нариман Түлеевди алып келет” деп таң калтырып жаткан Бишкектин экс-мэри, мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун аялы, экс-депутат Динара Исаева алдыңкы саптарда. Бакиевдин учурунда каржы тармагын чапчыган министр Марат Султанов, транспорт жана коммуникация жагын тейлеген, 7-апрелден кийин ага карата кылмыш иши козголгон дагы бир мурунку министр Нурлан Сулайманов жүрөт.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
kyrgyzstan
2010-09-27 11:48:47
Нурадил, козунду чооон ачсан Кыргызстанды Акаев менен Бакиевдин кланы, а азыр Атамбаев, Текебаев, Бекназаров баштаган жаны Убактылуу Окмотту кландары тоноп жатканын коросунор. Согушту шылтоолоп 5 айда 25миллиард сом дефицит б.а. ошончо акча пландан сырткары иштелип кеткен.
0
kyrgyzstan
2010-09-27 11:49:00
Согушту шылтоолоп 5 айда 25миллиард сом дефицит б.а. ошончо акча пландан сырткары иштелип кеткен. 5 айда 0,6 миллиард доллар акчанын кайда кеткенин айтып берсен мен сенин жомогундун аягын айтып берем.
0
kyrgyzstan
2010-09-27 13:54:15
Суперчилердин "ыры" кайра башталды, Омукесин ай-кунго тенеп мактап чан жугузбай ардактап, Бутун Кыргызстан же Ата-Журт болсо каралап, да еще Текебаевге каршы кара пиар деп коюшат...
0
aijanasan
2010-09-27 14:22:28
Омурбек Бабановду эмне кыласын.Жок болсо жок.Сураба.
0
moi lev
2010-09-27 16:20:53
"Ата Журт" Нариман Түлеевди Бишкекке кайтарып келет!" деген жарнак-жазууну көрүп жаным кашайды. Бишкек эмне буга окшогон журт бузарды саргая күтүп жатты беле?
0
moi lev
2010-09-27 16:22:27
"Журт бузар" десем айрым "ата журтчулар" чычалашы мүмкүн. Бирок эстеп көргүлөчү май айында Бишкекте болгон окуяларды, Бахтияр Алиев тууралуу апыртмаларды. Ошонун баарын кылгандар Түлеевдин тобу эмеспи.
0
moi lev
2010-09-27 16:24:43
Темир жолдон болушунча жеп, Бакиевге алтын жамбы бердим деп мактанган, Максими менен Жанышы бул жакта калган "куйрук" кылсак деп планаган адамдан мен жакшылык күтпөйм.
0
moi lev
2010-09-27 16:27:08
Максим кыргыз элин малга тенеп, "5 миллион малым бар" деп мактанганын баары эле билип бүттү. Нариман Түлеев ошондой душасын дааавным давно еврейлерге сатып бүткөн Максимге окшогондорго кызмат кылат. Андыктан азыркы беш-он сомуна алданбайлы, туугандар!
0
imperator
2010-09-27 23:37:16
Кыргызстандын бутун болушун Кудайдан тилеп,шайлап койолу туугандар.
0
Gulizka
2010-09-28 01:35:27
bayagi ele eski plastinka kayara jangidan irdap bawtadibi? Elibiz kimge iweniwin bilbeyt, jawtar jook, a birok biroosun wayloo kerek, bolboso bizdin ordubuzga ozdoru ozun waylap aliwat jirgap!
0
zzz
2010-09-28 15:37:28
Адахандын так... (ал ким экен жана КЫРГЫЗСТАНга эмне жакшылык жасады???) .... анын эмне кереги бар. Баарын жаза турган болсо гезит бетине батпайт... Эч кимиси бийликке татыктуу эмес!!!
0
cosmopolit
2010-09-28 23:21:47
баягы эле жогоруда айтылгандай карт борулор айрымдарынын колунан эч нерсе келбейт, кыргыздарда жаштар да саясатка келиш керек деген тушунук качан болот....
0
kyrgyzstan
2010-09-29 13:16:48
Ар-Намыстын лидери "киргиз" Ф.Кулов тууралуу эмне жазылган жок. Diesel.kg де жалан орустар отурабы эмне, Кыргызтанга орус президент келуусуно каршы эмеспиз деп добуш бериптир копчулук. Кулов ушунча жыл саясат деп журуп кыргызча уйронгону убакыт таппай калыптырбы, суйлогонун у
0
kyrgyzstan
2010-09-29 13:17:29
суйлогонун уксан тили толук чыга элек баладан бетер. Энтендеп Россияга, анан Казахстанга барып президенттеринен "добро" алуу учун кулдук уруп кайтты.Президент болсо барбы, ушул эки олконун марионеткасы болот да калат!
0
kyrgyzstan
2010-09-29 13:20:07
Калган париянын жетекчилерин да айтаар элем Россияга, Казахстанга барып кулдук уруп кайткандарга. Илгери Коконго хан болчулар кыргыздардын астынан отчу эле, азыр кыргызга ажо болгусу келген адам орус менен казактан уруксат сурап калганбы.Алар эмес эл колдосун эн башкысы
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан