ДҮЙНӨДӨГҮ ТАҢ КАЛЫЧТУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР

НАРИСТЕНИН ҮСТҮНӨН СЕКИРҮҮ (ИСПАНИЯ)

Испаниянын Кастильо де Мурсия шаарчасында май жана июнь айларында Эль Колачо фестивалы болот. Фестивалда жергиликтүү тургундар наристенин үстүнөн секирип өтүү ырымын жасашат. Алар наристенин үстүнөн секирүү ымыркайдын жан дүйнөсүн тазалап, бөөдө кырсыктан, оорудан сактайт деп ишенишет. Майрам учурунда эркектер кызыл жана сары түс аралашкан кийим кийип, желмогуздардын бет кабын тагынып, колуна таяк алып шаар тургундарын коркутушат. Андан соң тизилип жаткырылган ымыркайлардын үстүнөн секиришет.

КЕЛИНДИ КИРДЕТҮҮ (ШОТЛАНДИЯ)

Шотландиялыктардын жаңы келген келинди кирдетүү деген таң калтырган ырым-жырымы бар. Турмушка чыга турган кызды үйлөнүү тоюнан мурун жагымсыз жыттанган түрдүү нерселер менен ургулашат. Бул эскирген соустар, сироп, баткак, жадакалса чириген жумуртка болушу мүмкүн. Эң негизгиси жыты жагымсыз болуш керек. Андан соң ун же буудай өңдүү дан азыктарынын таарындысын үстүнө чачып, келинди шаар аралатып жүрүшөт. Мындай жол менен келинди жин-шайтандардан арылтып, алдыдагы татаал турмушка даярдашат.

КОКОСТУ БАШЫ МЕНЕН ЖАРУУ (ИНДИЯ)

Индиянын Тамил Наду штатында жыл сайын кокосту баш менен жаруу ырымы жасалат. Миңдеген жарандар башы менен кокосту жарышып, бул ийгилик, бакыт алып келет деп ишенишет. Кокосту башына уруп, андан жаракат алгандар көп.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jibakana
2020-09-14 09:16:15
Случайно балдардын устунон секирем деп баланын устуно куласа не болот? делать нечего да ушуларга жапайчылык...
+6
oshondoiraak
2020-09-14 12:37:39
Кокос жаман екен башын жарилип
+4
Baatirbek81
2020-09-14 19:06:54
oshondoiraak,чыдабай кетим жарылып
-1
Nursul
2020-09-14 20:24:02
Кудайыма шүгүр деймин ушундай айбанчылык Кыргызстанымда жок. Жок десе анан эртең булардын ырымдарын кылып кирбегиле.
+6
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан