Англиянын чыгышындагы Норфолк аймагында жайгашкан падышалык үй-бүлөнүн Сандрингем сарайы сентябрдын аягында автокинотеатрга айланат. Бул тууралуу англиялык NME журналы жазып чыкты. Айрым учурларда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана анын үй-бүлөсү убакыт өткөргөн аймакта 25-сентябрдан тарта тасмалар жана мультфильмдер коюлуп баштайт. Келген зыяратчылар сарайдын сейил багына киргизилет. Каалоочулар стол, отургуч сыяктуу керектүү жабдууларды ижарага алышса болот. Сарайда экскурсиялар уюштурулат жана аймакты айланып өтүүчү атайын маршруттар иштелип чыккан.
Жумабай Акимов