Акоша Асанбаев, программист: "МАКСАТЫМ – КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНДӨ ТЕХНОЛОГИЯ ЖААТЫН ӨНҮКТҮРҮҮ"

22 жаштагы программист Акоша Асанбаев Кыргыз өлкөсүндө технология жаатын өнүктүрүүнү көздөйт. Ал ушул жылы КМШ өлкөлөрү арасында "Мыкты студент" наамына татыды. Анын "көп акча табуу үчүн чет элге кетпестен, студенттерге өзгөчө мугалим болсом" деген тилеги бар.

АЛГАЧКЫ АРАКЕТТЕР

– Мен Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Ачык-Алма айылында төрөлүп-өстүм. 9-классымда үй-бүлөбүз менен Кыргыз жерине көчүп келдик. Ата-энем азыр Чүйдүн Беловодское айылында жашайт. Мен Сокулук айылындагы Керимбүбү Шопокова атындагы лицейде 11-классты бүтүрдүм. Жалпы мамлекеттик тестирлөөдөн жакшы упай алып, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшыргам. Ал жакта 4 жыл жаңы маалымат технологиясы боюнча билим алдым. 2-курсумда технология тармагында иш жүргүзгөн кореялык фонддун өкүлдөрү менен таанышып калдым. Алгач алар "кызмат көрсөтүүчү роботтор" долбоорумду жактырышып, каражат бөлүп беришти. Каражаттын тартыштыгынан үч кызмат бир роботко орнотулду. Ал сатуучу, маалымат берүүчү жана официанттык милдетти аткара алат. Адам аны башка жакта отуруп эле телефондун жардамы менен башкарат.

"1000 ДОЛЛАР АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫМ"

– Кыргыз-корей IT-борборун ачып, студенттерди жаңы IT технология багытында окутушубуз керек болчу. Бул багытта кореялык фонд жогорку окуу жайлар арасында сынак жарыялап, студенттерди үч ай технология жаатында окутушту. Жыйынтыгында долбоор бермекпиз. Мен "Акылдуу кеңсе" долбоорун тапшырдым. 3 университеттин долбоору жактырылып, ишке ашыруу үчүн фонд ар бирибизге 100 доллардан берген. Акылдуу кеңсени каражат жетишинче жасагам. Толук түрдө бүтпөсө дагы менин ишим мыкты деп табылды. Сынакка АКШ, Корея жана Кыргызстандын мыкты профессорлору катышкан. Кийин университеттин жетекчилиги колдоп, кеңсе толук түрдө жасалды. Ал жакка керектүү микросхема, компьютерлер, бардык жабдыктарды сатып алдык. Фонд тарабынан мага ыраазычылык кат жана 1000 доллар акчалай сыйлык тапшырылды.

"АКЫЛДУУ КЕҢСЕ" ТУУРАЛУУ

– "Акылдуу кеңсе" телефон, ноутбук менен аралыктан интернет, Wi-Fi, bluetooth аркылуу башкарылып, автоматтык түрдө ишке кирүүчү жабдыктар кызмат аткарат. Коопсуздук каралган, бир канча системди камтыйт. Кеңсенин каалгасына акылдуу кулпу орнотулган. Ал ноутбук, телефон, карточка, бир канча жолдор менен ачылат. Муну бир киши башкарат же белгилүү адамдарга сыр сөздөр берилет. Электр энергиясы өчүк маалда эшик жөн гана ачкыч менен ачылат. Эшик ачылганда автоматтык түрдө жарыктар күйөт. Кондиционер, проектор да дароо иштегидей кылып жөндөп койсо болот. Компьютерлерди ар кайсы эле киши ачып колдоно албайт, бир гана жетекчинин (мугалимдин) карточкасы эшикке коюлганда ишке кирет. Кеңседе коопсуздук системи дагы каралган. Чоочун бирөө кирүүгө аракет кылса же өрттүн белгилери башталса үндөр иштеп, телефонго билдирүү келет. Өрт учурунда эшик-терезелер өзү ачылат. Булар Python, С++, Скрипт сыяктуу көптөгөн программалардын негизинде жасалды.

“КӨП КАРАЖАТ ТАБУУНУ КӨЗДӨП ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТПЕЙМ”

– Кичинекей кезимден эле технология жаатына кызыгам. Тажикстанда жашап жүргөндө кыймылдай турган ар кандай оюнчуктарды жасачумун.

Көп каражат табууну көздөп чет өлкөлөп кетпейм. Тажрыйба топтоп, университетте кадимки эмес, өзгөчө мугалим болуу планым бар. Буюрса, болом. Эмнеге дегенде Кыргызстан технология жаатында абдан артта калган. Мен жасагандар качантан бери эле чет мамлекеттерде кадимкидей колдонулат. Бизде бирин-серин жасата башташты. Кореялык адистер мага ишеним артып жатышат. Эки-үч жылдын ичинде 20-30 студентти жаңы технология жаатында жакшы даярдап чыксам, аз да болсо коңшу мамлекеттерге теңелебиз. Максатым – Кыргыз өлкөсүндө технология жаатын өнүктүрүү.

Өлкөдө билим системи эски. Мисалы, компьютердин бетиндеги курсордун кантип пайда болгонун эле 2 лекция жазасың. Эч максатсыз окуу. Эгер кошумча өзүң изденбесең, эч нерсе үйрөнбөй эле бүтүп кетесиң. 1-курста 40 студент болсо, 2-курста жарымы келбейт, 4-курста 10 чакты эле студент калат. Студенттерди кызыктыра турган эч нерсе жок. Тескерисинче, артка тартат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-09-15 15:28:26
Өркүнүң өссүн.Бир нерсе кылчы чындап эле.
+2
Rakyl12
2020-09-17 13:42:00
Азаматсын сендей балдар кобойо берсин!
+1
balzak
2020-09-28 14:28:40
Азамат, баракелде, өркүнүң оссүн, албан-албан ийгиликтерди багынтыр!!!!
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан