ТИЛИҢЕ ТИБИРТКЕ ЧЫККЫР ЖЕ ТУУРА ЭМЕС КОТОРМО ЖАНА КАТАЛАР ТУУРАЛУУ

Мезгил үнү

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. “Кыргыз тили көчө тили болуп калды” деп кейип, тил безеп бүттүк. Эне тилибиз мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 21 жыл толуптур. Ушул жылдар ичинде калыпка түшүп, аброю өсчү тил, тескерисинче, кантип кор болуп жатканына өзүңүз күбө болуңуз, кадырлуу окурман. Эмесе, өткөндөрдү улай...

БААТЫРЛАРЫҢ, КЫРААНДАРЫҢ КОР БОЛДУБУ УШИНТИП?
Айрымдардын коомдук унаанын айдоочуларына “Исановадан токтотуп коёсузбу?!”, “Турусбековадан бурулуп токтоп кой!” деген сөздөрүн угуп, “Исанов, Турусбеков” деп айтыштан уялабы деп таңыркайбыз. Таң калбаңыз, аларга Турусбеков, Исанов деген ысымдар тааныш болгону менен, чын-чынына келгенде ким экенин биле беришпейт. Бул жөнүндө сөз башка деңизчи, бирок "Б.Баатыра көчөсү" деген жазууну көргөндө түтпөй кетет экен киши. Кыргыздын кыраандарын унутпайлы деп алардын ысымдарын көчөлөргө ыйгарганыбыз дурус, анан минтип Байтик аты өчүп, Б.Баатыра деп жазылып турганына эмне дейбиз? Же булар Байтик – аты, Баатыр – фамилиясы деп түшүнүшөбү?

ЖАРНАМА АГЕНТИГИ
Бул жарнак борбордун жүрөгү болгон Бишкек мэриясынын капталындагы имаратта илинип турат. Жарнактын жогору жагында “Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзу” деген жазуу бар. Мына, мамлекеттик деңгээлдеги союздардын “агенттик” деген сөздү “агентик” деп “туура” жазганы! Борбор шаарыбыздын чок ортосунда ушундай көңүл айныткан ката жазылган көрнөк-жарнактар турса, анда шаардан бир аз алыс жайгашкан айылдын аты Төмөнкү-Аларча деп жазылганына кейибей эле койгон оң.

ОЗГОЧОО БУТ КИЙИМ ОНДОУЧУ ЖАЙ
7-апрелде өрттөлүп, кебетеси келишип турган Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эле ушундай бир бут кийим оңдоочу жай бар дейсиз. Аталышын окуп алып жакаңызды кармабай эле коюңуз: озгоочо бут кийим ондоучу жай. Орусчасы “Ремонт обуви” деп туура эле жазылып турат. Баягы эле кор болгон кыргыз тилибиз. Жака-белинде эле жайгашкан Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, деги эле "элим, тилим" деген патриоттор ал жерден көзүн жумуп өтүшөбү?

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫНДАЙБЫЗБЫ ЖЕ ТӨГҮНДӨЙБҮЗБҮ?
Биздин жогоруда жазылган сүйлөмүбүзгө түшүнбөй калсаңыз, көңүл буруңуз. Киев көчөсүндө заңгыраган имарат турат. “Эмне деп аталат?” деп суроо салуудан мурун сыртындагы жазууну окуп көрөлү. Э, биз бекеринен эле банктардын, азык-түлүк, көчөлөрдүн аттары ката жазылды деп какшай берген турбайбызбы. Мына, президенттин иш башкармасында кыргыз тилинин грамматикасы роль ойнобосо, анда айтар сөз барбы? “Денсоолукту чындоо бирикмеси” деп турбайбы. Ден соолук, чыңдоо деген кыпкыргыз сөздөрү ката жазылса, эртеңки муун ден соолукту чындайбыз деп сүйлөп калса эмне болот?

Терминдер, котормолор тууралуу сөз козголсо эле "бул маселени чечүүгө убакыт керек" деп кутулууга көнгөн Мамлекеттик тил комиссиясы качан ойгонот болду экен?

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
lira
2010-09-26 01:36:46
Oz tilibizde tuura jaza albasak,bashka tildi emne kylabyz...Ai-ai-ai!!!
0
TolonturCN
2010-09-26 20:16:58
Эне тил тууралуу айтып эле келе жатабыз, какшанып деле жатабыз эч эле алдыга жылыш жоктой, көзгө көрүнүктүү көрнөк - жарнактарда ушунда туура эмес жазылса калган өкүмөт же башка жумуштардагы басылмаларда кандай катаалар элди каймыктырып ж
0
TolonturCN
2010-09-26 20:19:39
жатты экен?
0
jaku
2010-09-27 02:05:11
хм кызык!Сиз жазган макалаларды ошол имараттын кожоюндары окуп катасын ондогон бекен???Мен азыр Бишкектен алыстамын,жакында барам жана силер катасын таап,гезитке чыгарган мекемелерге барып,катасын ондодубу же жокпу коргум келип жатат!!!!
0
chika
2010-09-27 15:33:17
Ээх...Буларды карап турсан жон эле ыйлагын келет.Бишкек боюнча мындай жерлер ондоп саналат.Оз тилибизде озубуз жаза албасак ким туура жазат?Эгер ушундай темп менен кетсек кыргыз тили,кыргыз эли жок болбойт деп ким кепил бере?Азыр ушул турушубузда жок болуу коркунучундагы
0
ilgez
2010-09-27 17:30:29
кыргызча кезметчи деген соз барбы??? Октябр РВКга барсанар ал жеоде козго коруно турган эле жердедагы бир ката илинип турат
0
ogustin
2010-09-27 17:47:01
but kiim ondoo jayi makul any bir sabatsyz biroo jazdyrsa kerek dep koz jumsak bolot, birok bul jerde atagy chykkan elden jarnama agenttigi anan ele kochonun atyny myntip kata jazyp jursok en ele uyattuusu prezidinttin ish bashkarmasy bolgon den sooluk borborunu kata jazgandary, bizdin kyrgyz elinin oto jalkoo, kylgan ishine maani berbegen, ozumchul ekendigibizdi bildirip turat.
0
sani
2010-09-29 22:36:51
xa xa xa , dagy kyrgyzbyz! tuura jazdandy bilbeibiz!
0
AkylNazar
2010-09-30 10:46:18
туура жазыпсын карындаш!Эне тилибизди озубуз сыйлабасак башкалар кайдан сыйласын.тилибизди сыйлай албаган бизди да сыйлабайт.
0
melo
2011-06-15 06:29:36
Баракелде кыргыздар:) Копол айтканда каждому правителью по лампочки кто там чего как пишет... Им важнее кто где какие "Цифры" рисует... Чтоб иметь долю...
0
Omurbek-Ulvi
2012-03-29 19:46:36
Улуу ойчул Конфуцийден: "Эгерде сиз бир өлкөдө башкаруучу болсоңуз,биринчи кезекте кайсыл иштен баштамаксыз?" - деп сурап калышат.
"Албетте биринчи кезекте тилди оңдоп-түзөтүүдөн баштаар элем," - деп жооп берет ал.
Угуучуулар: "Эмнеге тилден?" - деп сурашат.
Конфуций: "Эгерде тил так эмес болсо,сөздөр ойду туура бере албайт. Ой туура түшүндүрүлбөсө, жасала турган иштер т
0
Omurbek-Ulvi
2012-03-29 19:55:29
унаада баратып ойго баттым,
соз табалбай озумчо кыйналып аттым.
оруссияда журомбу,-деп элендеп,
айланамды улам-улам карап жаттым.

баары эле кыргыз ондуу корунот,
суйломдору жалан орусча тогулот.
арасында кызуулары бакылдап,
бири-бирине орусчалап согунот.

тегиз элге орусча суйлоп шашыла,
айдоочусу кыргыз жигит татына.
токто, токтотуп коюнуз,-деп,
аран зорго ун чыгардым батына.
0
Jesu2010
2013-09-16 01:21:57
Тил демекчи... Бул маанилуу маселе. Конфуций туура ой жугуртуптур. Кыргыз тилибиздин онукпой жатышына эмне себеп, ошол кеткен каталар учун ким куноолуу? Мамлекет башкаруучуларыбы, жазган адам озубу же?..
Айтуу кыйын. Бирок чынында бул өтө осол көрүнүш.
0
Azamatnur
2013-09-16 10:37:50
Азыр буларды карап корyш керек экен 3 жыл отyптyр каталар ондолгондур
0
kubzero
2014-12-18 13:17:35
Kyrgyzda kobuncho kyzdar tim ele Kyrgyz tilin jek korgonsup oruscha ele suilowot. Anan dagy Kyrgyzcha suiloso "kolhoz" degende o4osun
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан