«BTS’тин» ҮМҮТҮ БОЛГОН J-HOPE

Толук аты-жөнү: Чон Хо Сок

Псевдоними: J-Hope

Туулган жылы: 1994-жыл, 18-февраль

Туулган жери: Түштүк Корея, Кванжу шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, эжеси бар

Бою: 177 сантиметр

Жылдыз белгиси: Суу куяр

«BTS» тобунда рэпер, ырчы, бийчи

ПРЕЗИДЕНТ ЫРААЗЫ БОЛГОН «BTS»

Август айынын аяк ченинде «BTS» тобунун «Dynamite» аттуу жаңы ыры чыкканынан кабарыңыз бардыр. Кыска убакыт аралыгында көптөгөн өлкөлөрдүн музыкалык чарттарын багындырган ыр дүйнөлүк абройго ээ «Billboard Hot 100» музыкалык чартында биринчи орунду багындырды. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Твиттердеги баракчасына: «BTS» биринчи жолу «Billboard Hot 100» чартында биринчиликке жетип, k-pop тарыхында жаңы бөлүмдү ачышты. Буга чейин k-pop музыканттарынын бири да бул ийгиликке жете элек болчу. Топ буга чейин «Billboard 200» чартында 4 ирет биринчиликти алган. Эми минтип эки чартта тең алдыңкы болушту. Сонун сезим. Бул k-pop менен сыймыктана турганга дагы бир себеп. «Dynamite» коронавирус менен күрөшүп жаткан бүт дүйнө элине үмүт тартуулаган ыр экен. Мен силерди чын жүрөктөн куттуктайм, «BTS»,- деп ыраазычылык билдирүүсүн жазды. Корей элинин маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан топтун ийгилигине өлкө башчысы да, күйөрмандар да ыраазы. Ал эми азыр сөздү дал ушул популярдуу топтун таланттуу мүчөсү Чон Хо Сок тууралуу улантмакчыбыз.

БИЙЧИ КАТАРЫ ТААНЫЛГАН

Чон Хо Сок Түштүк Кореядагы чоңдугу боюнча 6-орунда турган Кванжу шаарында төрөлгөн. Өзүнөн 5 жаш улуу эжеси Давон менен атаандашып өскөн Хо Сок дайыма утулуп калар эле. Бирок ал эжесине караганда жакшы бийлечү. Бий өнөрүн атасы колдобогону менен, апасы баласында шык бар экенин айтып дем берип турган. Кийин ырчы болгондо апасына арнап «Mama» ырын жазган. Апасынын деми менен бийлегенди уланткан жигит «Neuron» бий тобунун курамында көптөгөн сынактарда жеңишке жетишет. 2008-жылы улуттук бий сынагына катышып, анда да биринчиликти багындырган. Ошентип ырчы болгонго чейин эле Хо Соктун ысымы таланттуу бийчи катары элге тарай баштайт. Бирок бул жетишсиз эле. Аны эми ырдоо, рэп айтуу кызыктыра баштаган...

«КҮН БАЛА»

«Big Hit Entertainment» агенттигине барган Хо Сок сынактан өтпөй калган. Экинчи жолку аракетинде гана компания менен келишим түзгөн жигит ошол кездеги сезимдери менен бөлүшкөнү бар: «Стажёрлукка кабыл алынгандан кийин компания мени окууга жөнөттү. Ал жактан RM менен Шуганы көрүп, «сонун адамдар экен» деп ойлодум. Жатаканага барганда стажёрлордун жашоосу мен элестеткендей жеңил эмес экенин көрдүм. Бардыгын башынан баштоого туура келди».

2013-жылы Хо Сок «ВТS’тин» курамында «No More Dream» ыры менен дебют жасашкан. Ырчы катары J-Hope («Нope» – англис тилинен которгондо «үмүт» дегенди билдирет) псевдонимин тандаган Хо Сокту күйөрмандары «топтун үмүтү», шайыр мүнөзүнөн улам «күн бала» деп аташат.

ЖЕКЕ ЫРЧЫЛЫК...

«ВТS’тин» мемберлери жеке ырчылык менен да алектенери маалым. J-Hope жеке ырчы катары талантын 2018-жылдан баштап көпчүлүктүн назарына коюп келе жатат. Анын «Hope World», «Daydream», «Airplane», «Hangsang» ырлары дүйнөлүк бир катар музыкалык чарттарда алдыңкы орундарды багынтып, ырчы PSY’дан кийинки жогорку жыйынтыкка жеткен түштүк кореялык ырчы катары атагын чыгарды. 2019-жылы J-Hope америкалык ырчы, бийчи, актриса Бекки Жи менен «Chicken Noodle Soup» (америкалык ырчылар Webstar жана Young B’нин 2006-жылы чыккан ырынын ремейки) ырын дуэт аткарып чыгышты. Күтүлгөндөй эле, ыр көпчүлүккө жакты. Ал эми Чон Хо Сок бийчи, ырчы, рэпер болуу максатына жетти.

J-HOPE ТУУРАЛУУ...

  • Келечекте өзүнүн k-pop тобун түзгүсү келет.
  • Адамдар менен бат тил табышат. Ошон үчүн да топтогу балдар бир жакка барганда «сүйлөш» деп Хо Сокту алдыга салышат.
  • Китеп көп окуган, камкор, тамакты жакшы жасаган, анан чачы узун кыздар жагарын айтат.
  • Мектепте теннисти жакшы ойночу. Мектептер аралык сынакка катышып, коло медаль уткан.
  • Перфекционист. Андыктан Хо Соктун бөлмөсү дайыма жыйнактуу, таза турат. Ыр да, бий да идеалдуу болушу керек деп көп эмгектенет. «Boy in Luv» ырына клип тартуу учурунда чарчагандан эс-учун жоготкон.
  • Продюсерлер Хо Сокту топтун негизги курамына кошпойбуз деп чыгышканда топтун лидери RM анын «BTS’ке» керек экенин айтып, алып калган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан