АКШда IT тармагында эмгектенген Дөөлөт Керимбеков: «ДҮЙНӨДӨ ЖОГОРКУ МАЯНАНЫ IT-АДИСТЕРИ АЛЫШАТ»

Чет өлкөдө IT тармагында ийгилик жараткан кыргыздар көп. Дөөлөт Керимбеков Американын билим берүү тармагындагы ири компаниялардын биринде 5 жылдан бери эмгектенип келет. Чикаго шаарында түрдүү долбоорлор менен иштеген «PeakSoft» аттуу компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири.

– Дөөлөт, саламатсызбы! Сизди мыкты программист катары тааныйбыз. Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...

– Саламатсызбы? Мен 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылында туулгам. 2-класска чейин айылдык мектепте окуп, кийинчерээк үй-бүлөбүз менен Каракол шаарына көчүп келгенбиз. 7-класстан тарта К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде окуп, ошол жактан 11-классты бүтүргөм. Азыркы учурда АКШнын Чикаго шаарында турабыз, үй-бүлөлүүмүн, 1 жарым жаштагы уулубуз бар. Келинчегим деле мен сыяктуу программист.

– Америкага кантип барып калгансыз? Кандай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүз?

– Караколдо лицейде окуп жүргөн кезимде эле англис тилинен олимпиадага катышчумун. «TOEFL», «SAT» деген тесттерге даярданып, ушул тесттер аркылуу окууга өтүп, Америкага студент болуп келгем. Алгач колледжде окуп, кийин Небраска штатындагы "Bellevue" университетине которулдум. Университетте окуп жүргөн кезде кээ бир жылдары Кыргызстанга барып, кээде Америкада практика өтөп жүрдүм. Бакалаврды аяктаар алдында жумуштарда иштей берүүгө умтулуп, билим берүү тармагында 7 штаттагы мектептер менен иш алып барган «Concept Schools» деген компанияны тандап, ал жакта программист болуп иштеп калдым. Магистратураны "Roosevelt" университетинде компьютер технологиясы багыты боюнча аяктадым. Окуу акысынын бир канча бөлүгүн иштеген компаниям төлөп берди. Албетте, Америкага келгенде кыйынчылыктарды баары эле башынан өткөргөн болушу керек. Досум экөөбүз башка кыргыздар жок шаарга келгенбиз. Анда биз 17 жаштагы студентпиз. Бизге жол көрсөткөн адамдар болбогондуктан өзүбүз изденип, аракет кылып көп кыйынчылыкты жеңдик десем болот.

– Жумушуңуз жана Чикагодогу өзүңүздөр ачкан «PeakSoft» компаниясы тууралуу сөз кылсак...

– Мен «Concept Schools» компаниясында 5 жыл программист болуп эмгектендим. Азыркы учурда өндүрүш менеджеримин. Американын чартердик мектептерине (белгилүү бир кесиптерге багытталган программа менен окуткан мектептер) кызмат көрсөтөбүз. Биз үч жаатта иш алып барабыз. Каржылык, академиялык жана мектеп окуучуларына ылайыкталган тиркемелерди даярдайбыз. Үй тапшырмаларын аткара турган, окуучулардын сабакка болгон катыштыгын көзөмөлдөөчү жана мугалимдерге керектүү материалдарды киргизүүчү, эң негизгиси билим сапатын жогорулатуу үчүн зарыл болгон тиркемелерди жасап беребиз.

«PeakSoft» компаниясын 2018-жылы үч киши түптөгөнбүз. Аталган компанияда биз Кыргызстан жана Америка үчүн атайын долбоорлорду тейлейбиз. Кыргызстан үчүн бир топ эле долбоорлорду жасадык. Ал эми биздин команда Бишкек шаарында. Алар тиркемелерди иштеп чыгышат. Учурда Кыргызстандын билим берүү тармагы үчүн атайын долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

Биздин өнөктөштөрүбүз бар, алардын бири – Эсен Ниязов. Алар менен кеңешип, идеяларды бөлүшүп, Кыргызстанга пайдабыз тийсин деген максатта Америкадагы кыргыздар үчүн «Muras Сlub» аттуу IT клубун ачтык. Максатыбыз – IT тармагын мекенибизге жеткирүү, мекендештерибиздин башын бириктирүү жана бирге өсүү. Клубдун алкагында Чикагодо 2 жолу IT форумун өткөрдүк. Форумга 250-300дөй киши катышты, ал тургай атайын башка штаттардан келип катышкандар болду. Ар кайсы жааттагы спикерлер сөз сүйлөштү. Өтө мыкты деңгээлде өттү десем болот.

– Чет жакта иштеп жүргөн кесипкөй программист катары IT`нин орду жана маанилүүлүгү жөнүндө айтыңызчы?

– Азыркы күндө IT тармагынын орду чоң. Анткени дүйнөдө аябай тез өсүп жаткан тармак. Дүйнөдө IT жумушчулары жетишпей жатат. Мисалы, Америка боюнча жыл сайын 500 миң жумуш орундары ачылат. Бул талапты АКШнын университеттери толук камсыздай албайт. IT`нин кызык жери – бирден-бир кирешелүү, айлык маянасы жогорулугу. Бир канча убакыт өткөн соң бул тармакты билбөө сиздин бир кемчилигиңиз болуп калышы ыктымал. Мындайча айтканда, IT – бизнес үчүн чоң үнөмдөө, продукциянын көлөмүн жогорулатуу.

– Жогоруда маянасы жакшы деп айтып кеттиңиз. Сыр болбосо канча айлык аласыз?

– Азыр дүйнө жүзү боюнча жогору маянаны IT-адистери алышат. Америкада IT тармагында жылына орточо 90-100 миң доллар акча тапсаң болот. Мындан медициналык камсыздандыруу, социалдык төлөмдөр, салык болуп көп эле акча мамлекетке төлөнөт. Айлык маяна адистин тажрыйбасына жана кесипкөйлүгүнө жараша болот. Чоң компанияларда иштеп дасыккан IT кызматкерлери жылына 300 миң доллардан тартып миллион долларга чейин табышат.

– Кыргызстанда IT тармагында билим алып жаткандарга кандай кеңеш бересиз? Баары сөзсүз чет өлкөдө окушу керекпи же Кыргызстанда деле мүмкүнчүлүктөр барбы?

– IT’ни үйрөнүш үчүн сөзсүз чет жакта окуш керек дегенден алысмын. Кыргызстанда деле мыкты адистер көп. IT’ге кызыккан ар бир адам дүйнөнүн төрт бурчунан туруп деле үйрөнө алат. Интернет аркылуу видеосабактарды көрүү сыяктуу толгон-токой жолдору бар. Кыргызстанда IT’ни окуп-үйрөнүп мыкты адис болсо болот. Эң негизгиси адам өзүнө ишенип, алдына максат коё билүүсү маанилүү.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар? Кыргызстанга качан кайтып келесиз?

– Алдыга пландарыбыз – биринчи кезекте командабызды кеңейтүү. Кыргызстан үчүн жумуш орундарын түзүү. Дүйнөдө аралыктан иштөө практикасы аябай өнүгүп жаткан учуру. Биз Кыргызстандан биринчи жумушчуларыбызды Америкадагы компанияларга киргизе баштадык жана ушул жаатта чоңоюуну көздөп жатабыз. Дагы бир чоң максаттарыбыздын бири – Кыргызстан, дүйнө үчүн керектүү платформаларды жасап, Орто Азияда эң ири IT компаниялардын катарын толуктоо.

Бул жактагы иштерди да жөнгө салып коюп, уулубуз 1-класска киргенге чейин Кыргызстанга барабыз деген ниетибиз бар.

– Жакшы. Соңку сурообуз болсун. Өз ишин мыкты билип, Американы багындырган Дөөлөттүн балалык чагы кандай болгон? Келечекте IT-адиси болом деген кыялдар болду беле?

– Бала чагымда көп балдардай эле учкуч болом дечүмүн. Лицейде окуп жүргөндө олуттуу ойлоно баштадым. Ата-энем бизнес тармагында жүргөндүктөн, мен деле ушул жаатта ишмердик кылам дечүмүн. Ошондуктан Америкага эл аралык бизнес факультетине тапшыргам. 1 семестр окуган соң которулдум. Ошентип ушул тармакка ооп кеттим.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайм.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jaka78
2020-09-23 00:29:20
молодеееец
0
Jaka78
2020-09-23 00:29:39
молодеееец
0
suban78
2020-09-23 11:28:23
Азаматтар, мына азыркы замандын баатырлары. Россиядагы "патриоттор" эмес, мына ушул балдар баатырлар.
+3
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан