Жылдыздар турмушунан
Машинанын рулун бир бураган адамда дагы башкасын айдап көрүүгө кызыгуу жаралбай койбойт. Бир топ убакыт мурун атактууларыбыз кандай машина айдаганы тууралуу жаздык эле. Андан бери айдаган машиналары кандай өзгөрүүгө дуушар болгонуна бир көз жүгүртүп көрсөк.
Динара Акулова: «МАШИНАМ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ»
Таблицадан байкалып тургандай, эстрадабыздын чолпон жылдызы Динара Акулованын машинасы эң “крутой” болуп табылды. Андыктан ырчыбыздын рулдагы жашоосуна кызыктык.
– Динара эже, бул канчанчы машинаңыз?
– Жетинчи машинам. Туулган күнүмө өзүмө-өзүм белек кылып сатып алгам.
– Күнүнө канча май коротосуз?
– Жумушум абдан көп болуп, дайыма айдап жүрсөм, күнүнө 35-40 литрдей кетет.
– Эркектер “рулдагы айым граната кармаган маймылдай эле коркунучтуу” деп айтышат. Буга эмне дейсиз?
– Мен бул айтылган сөзгө каршымын. Башкалар эмес, өзүм үчүн жооп берсем, балдарымды бутуна тургузуу үчүн босогону аттаганда аялдын милдетин, ал эми сыртка чыгып эркектин милдетин аткарам. Ошондуктан машина мен үчүн – бир үй-бүлөнүн жумушун бүтүрүү үчүн эң керектүү нерсе.
– “Көпкөн айымдар Жип айдап жүрөт” деген сөзгөчү?
– Ушул сөздү мен да көп угам. Алыс жолго чыкканда тоо-таш, аң-дөң болот. Жип ошондой жолдорго абдан ыңгайлуу.
– Эң узун жол тартууңуз?
– Машина айдагандан бери эң узак жүргөнүм – Ташкентке барганым. Баса, бир жолу Меrcеdеs 235 үлгүсүндөгү машинам менен Ташкенттен келатып рулда уктап кетип, аз жерден чоң теректи сүзүп кала жаздагам. Ошондон бери аябай сакмын.
– Бузулган жерин оңдой аласызбы?
– Оңдой албайм.
– Машинаңызды сураган адамга бересизби?
– Ушул жагынан абдан катуумун. Эч кимге айдатпайм. Машинамды үй-бүлөмдүн мүчөсү катары кабыл алам. Кадимкидей отуруп алып сүйлөшөм. Бир жолу тааныш байкенин аккумулятору отуруп калып, меникин салып от алдырган. Кыйылып жатып араң берген болчумун. Кайра өзүмдүн машинам от албай калса болобу. Оңдоочу жайдан да себебин түшүнбөй коюшту. Анан отуруп алып кадимкидей кечирим сурасам от алып кетип, өзүм да таң калдым. Ушундан улам ар бир айдоочуга машинаңа кандай мамиле кылсаң, ал да ошого жараша кызмат кылат деп айтат элем.
– Дайыма жолуңуз шыдыр болуп, дөөтүңүз көп иштерге жарасын!
ТАКСИ КЫЗМАТЫН КОЛДОНГОНДОР
Төмөндөгү инсандарыбыз: Акбар Сүйүнбаев, Жаным Айзат, Аида Кулуева, Күмөндөр Абылов, Элина Абай кызы, Гүлжигит Сатибеков, Чолпонай, Роза Шакирова, Юлия Руцкая, Ынак Осмоналиев, Нурзада Жолдошова, Даниель, Гүлжигит Калыков, “Импульс” тобунун кыздары такси кызматын колдонушат.
МАШИНА АЛАМ ДЕП ТУРГАНДАР
Омар, буюрса, шайлоо бүтөрү менен Merсedes үлгүсүндөгү машинаны мээлеп жатканын айтып, керек болсо болжолдуу баасын 12 миң доллардын тегереги деп да бычып коюптур.
Ырыскелди Осмонкулов азырынча сыр болгону менен, кымбат машиналардын тизмесин карап жатыптыр.
Ал эми Темир Назаров Ош окуяларынын алдында машинасын сатып жиберген. Эми Mercedes, Toyota же BMW үлгүлөрүнөн алам деп ниет кылып турган кези.
Ырчы айымдардын ичинен эң эле тез-тез машина алмаштырган кызыбыз Айгүл Чалова да учурда жаңы машиналуу болууну самап жаткандардын катарында. Айта кетсек, бул кызыбыз жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрдөн.
Алина Жетигенова эжебизге байланышсак, «мына, жаңы эле машинабызды сатып жатабыз» деген жообун айтып, «буюрса, Жип үлгүсүндөгү машиналардын эң «жашын» алам» деп жооп узатты.
АЯБАЙ «СКРОМНЫЙ» АЙДООЧУЛАР
Аябай «скромный» айдоочулардын алдыңкы катарына спортчу Азамат Байматов илинди. Айдаганы BMW үлгүсүндөгү машина экен. «Ал эми баасын, жылын айтпай эле коёюнчу. Мен «скромный» эле баламын» дейт.
1996-жылкы BMW үлгүсүндөгү машина айдаган бул катарга Чыңгыз Мырзаев да кирди. Тилинен бал тамган жигитибиз материалдык байлыгын айтуудан тартынат экен.
Назира Айтбекова балканактай эркек бала төрөп бергендиги үчүн күйөөсүнөн 1998-жылкы Nissan Cefiro үлгүсүндөгү машинасын белекке алган. «Алган аттын тишин ачып карабайт»дегендей, баасын сураган эмес.
«ШЕДЕВР» МАШИНА ЭЭЛЕРИ
КG Эльмурат «бир эмес, эки «шедевр» машинам бар» дейт. Бири ЗИЛ, экинчиси Жигули экен. Бирок экөөнү тең айылга барганда эле айдайт.
Арсен «анча-мынча Жиптерди артка калтырган, айдоо учурунда өтө популярдуу трактор тебем. Көз тийип кетпесин деп «только» айылдан айдайм» дейт.
«ОДНОЛЮБ» ЖАНА ТЕЗ АЛМАШТЫРГАНЫ
Өзү айткандай, «машинага «однолюбмун» деген куудул жигит Камчы Сарыбаев Mazda үлгүсүндөгү машинасын 5 жылдан бери айдап жүргөнүн айта кетти.
Ал эми машинаны шамалдай тез алмаштырган айдоочу Бакыт Байсариев болуп чыкты. Анын бир айда эки машина алмаштырып жиберген учурлары да болуптур.
ЖӨӨ КҮЛҮК
Бир жолу машина айдайм деп Ислам Сатаров аңга тоголонуп түшкөндөн кийин, фобиясы – айдоочулук. Ошондон кийин эки бутуна гана ишенет. «Машина алсам да айдоочусу менен алам» дейт.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg