– Мен эжемди чындап эле жек көрөм. Негизинен, үй-бүлөдө кичүүсүн жакшы көрүшөт. Айрыкча үйдүн кичүүсү эркек бала болсо, аны баары баса калышат эмеспи. Бирок биздин үй-бүлөдө андай эмес. Эжем менден бир жаш эле улуу. Экөөбүз бири-бирибизге жакын болуп, чогуу ойношубуз керек болчу. Бирок андай болгон жок. Кичинекей кезимден бери баары Анаранын оюндай болду. Буга бир гана “ал кыз да” деген жооп бар эле. Ошондуктан биздин бөлмө куурчактарга толгон. Менин оюнчуктарыма шкафтан бир текче бөлүп беришкен. Кийимге келгенде да ушундай эле көрүнүш. Анарага түрдүү көйнөктөрдү, кооз чокойлорду, шумдук нерселерди сатып беришет. Ал эми меники үч футболка, бир шым жана өңү өчкөн свитер. Буга көңүл деле бурчу эмесмин. Эмне болбосун мени күнөөлөп жатып калышчу. Ваза сынса Тимур күнөөлүү, телевизордун пульту жоголсо кайра эле Тимур күнөөлүү. Мушташа кетсек ата-энем Анарага болушуп “кыздарга кол көтөрбөш керек” деп чыга келишет. Бирок ал биринчи тийишип жатсачы? Анара бул абалдан пайдаланып, мени жүдөтчү.
Экөөбүз мектеп босогосун бирге аттадык, болгондо да бир класска. Сыягы, мен эжемди тентек балдардан коргошум керек. Биздин ортодогу бир жаш айырманы кайда кетиришкенин билбейм. Албетте, класста биз бири-бирибизди тааныбагандай түр көрсөттүк. Экөөбүз эки башка чөйрө таптык. Эч ким шекшип калбасын деп, эки башка жолдор менен бастык. Албетте, алгачкы эле ата-энелер чогулушунда баары белгилүү болду. Ал жүрүм-турумум, кебетем менен уят кылып жатканымды айтты. Мен кичине тентек, Анара жалаң “5ке” окуйт. Анара класстагы башкы ушакчы жана мугалимдердин сүйүктүүсү болгону менин кыжырымды келтирчү.
Жогорку класс болгондо экөөбүздүн жолдорубуз биротоло ажырамак болду. Үйдүн сулуу, акылдуу кызы алтын медаль алып, шаарга окууга даярданып жатты. Мени болсо класс жетекчимдин айтымында, өспүрүмдөрдүн колониясы күтүп турган. Кудай сактасын!
Азыр 19 жаштамын. Ата-энемден бөлөк туруп, өзүмдү-өзүм камсыздайм. Механиктин окуусун аяктадым. Мугалимдер бул жаатта талантым бар экендигин байкап, сынактын негизинде ишке орноштум. Мен азыр өлкөдөгү эң беделдүү унаа салонунда машина оңдоп иштейм.
Батирде турам, алган маянам жетиштүү. Чет өлкөлөргө саякаттоо үчүн акча чогултуп жатам. Балким, ал жакта жашап да калышым мүмкүн деп англис тилин үйрөндүм.
Менин жашоомду тозокко айланткан баягы эле Анара. Тагыраак айтканда, ал жана ата-энем. Анара шаарга окууга тапшырып, бирок окуй алган жок. Акыры биздин райондогу окуу жайга тапшырды. Азыр ата-энесинин моюнунда отурат. Окуйт, бирок иштей турган ниети жок. Ак боз ат минген ханзаадасын күтүп отурат. Ата-энем аны камсыздоо үчүн менден акча сурайт. “Ал кыз да, кооз кийимдерине, косметикага жана кыздар менен эки жакка баскан-турганына акча керек” дешет. Мен эшектей иштеп тапкан акчамды эмне үчүн Анарага беришим керек? Ата-энемди багууга каршы эмесмин, буга мүмкүнчүлүгүм да жетет. Бирок чоңойгон, эл менен тил табыша албаган, жоопкерчиликсиз “ханбийкени” багууга каршымын. Мен андан кемсинтүүдөн башка жакшылык көргөн жокмун. Барган сайын эжемдин кемчиликтери артып барат. Чынын айтсам, Анараны жана ал өңдөнгөн ойсокелерди жек көрөм.
Тимур