АЙЫМДАР, ТОНЕР МЕНЕН ТОНИКТИ АЛМАШТЫРБАГЫЛА!

Косметологдордун айтымында, аларга эң көп берилген суроолордун катарында “тонер менен тониктин кандай айырмасы бар?” деген суроо.

Тоник – бет терисин тазалоо процессинин аяк жагында туруп, кошумча тазалоочу каражат катары саналат. Мисалы, күнү бою сыртта макияж менен жүрсөңүз, кечинде келгенде бетти молочко, мицелярдуу суу же гидрофилдүү май менен сүртүп, макияжды, чаңды тазалайсыз. Андан соң көбүртүүчү каражат менен жуунуу зарыл. Сиздер билгендей, суунун курамында оор металлдар, жок эле дегенде хлор бар. Дал ошол макияждын калдыктарын жана суудагы зыяндуу заттарды тоник менен сүртүп кетирүү маанилүү. Тоникти белгилүү бир өлчөмдө кебез дискке сиңирип алып моюн бөлүгүнө чейин сүртүп чыгуу керек.

Тониктин курамында көбүнчө спирт жана бетти майланышуудан арылтуучу компоненттер бар.

Тонер. Мындан соң тонерди колдоносуз. Тонер каражаты бетти кийинки кам көрүү этабына даярдап, терини нымдаштырып, Ph-балансты жөнгө салат. Анын курамында бет терисин азыктандыруучу, пайдалуу каражаттар бар. Тонерден кийин маска, сыворотка, бет май сыяктуу азыктандыруучу каражаттар колдонулганда, алардын эффективдүүлүгү жогору болот.

Тонер сатып алардан мурун анын тибин аныктап алуу маанилүү. Мисалы, тонердин нымдандыруучу, бырышка каршы, теринин серпилгичтигин камсыздоочу жана башка көптөгөн түрлөрү бар.

Тоник негизинен суу сыяктуу эле суюк болот. Аны сөзсүз кебез дисктин жардамы менен колдонуу керек. Ал эми тонер бир аз коюу же гель сыяктуу болгондуктан, аны алаканга куюп алып же пипетканын жардамы менен пайдаланасыз.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан