КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА 4 АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ БОЛДУ

Чемпионат өтө кызуу өтүп, балбандардын өнөрүн кө­рүүнү самап келген спорт ышкыбоздорунун купулуна толду десек жаңылышпайбыз. Натыйжада, грек-рим күрөшү­нөн байгелүү орундардын саны боюнча Иран биринчи, Кыргызстан экинчи (4 алтын, 4 коло медаль), ал эми Корея 3-орунга татыктуу болушту. Мындай көрсөт­күч биздей кичинекей мамлекет үчүн албетте, чоң жетишкендик, чоң табылга, бирок... Мисалга алсак, спортту өнүк­түрүүгө Иран жылына 50 миллион доллар каражат бөлсө, Казакстан 20 миллион долларга жакын жумшайт экен. Ал эми Кыргызстандын бөлгөн 100 миллионго чукул сому жашоого жакшы шарт түзгөнгө жетишпесе да, балбандарыбыз ага карабастан ар кандай эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарга илинип, желегибизди бийик желбиретип келишет. Албетте, кичинекей Кыргызстанды башка кубаттуу өлкөлөр менен салыштыруу туура эмес. Бирок, чоң мелдештерде кайсы бир балбандын жеңишке жетишүүсүнө спорттук даярдыктын өзү аздык кылаарын спорт адистери өтө мыкты билишет жана түшүнүшөт. Мелдештин кайда өткөнү, дем-күч берүүчү күйөрмандардын колдоосу керек экендиги көпчүлүккө белгилүү чыгаар.
“Күч атасын тааныбайт” дегендей, мелдеш дагы өлкөнүн алдуу, алсызын тааныбайт экен. Буга борбор калаабызда алгачкы жолу өткөн чоңдор арасындагы Азиянын 20-чемпионаты ачык-айкын мисал болуп берди десек аша чапкандык болбос. Себеби, дал ушул мелдеште кайсы балбандын жылдызы жанганын таймаш көрсөтүп, убакыт таразалап койду.
Эркин күрөш боюнча 60 килограмм жана 94 килограмм салмакта Орусиядан келип, Кыргызстандын намысы үчүн күч сынашкан Базар Базаргуруев жана Алексей Крупняков 1-орунга жетишип, чемпион аталышты. Эске салсак, эркин күрөш боюнча 60 килограмм салмактагы балбандар менен буга чейин таймашка чыгып, мекенибиздин намысын коргогон жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан коргоп келген. Бирок, айрым түшүнбөстүк, таарынычтардан улам ал былтыр АКШга кетип калган.
Кыздар арасындагы мелдеште Кыргызстандан 82 килограмм салмакта күрөшкөн жалгыз Яна Панова гана коло байгеге татыды. Эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда машыгып, байгелүү орундарга илинип жүргөн спорттун чебери Жылдыз Эшимова мамлекетибиздеги спорт жетекчилери тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай койгонунан Казакстанга кетип калган эле. Эми минтип, аталган чемпионатка Жылдыз Казакстандын атынан катышып, өзүнүн ыкчамдуулугу менен көпчүлүктүн эсинде кала тургандай таймаш өткөрдү десек болот. Жыйынтыгында, Жылдыз атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетишип, өз салмагында Азия чемпиону аталып, Казакстандын желегин желбиретти. Биз болсок, колдо бар алтынды барктай албай, башкаларга тарттырып жиберген спорт жетекчилерибизге ичибизден “алкыш” айтып, “аттиң!” деп тилибизди тиштеп тим болдук.
Грек-рим күрөшүнөн 66 килограмм салмакта күч сынашкан эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Канат Бегалиев менен 74 килограмм салмакта таймашкан Данияр Көбөновдун атаандаштары менен финалдагы беттешүүсү көрүүчүлөрдүн көңүлүн көккө көтөрдү. Себеби, башка кармаштарды көрүп, көптөн бери үндөбөй отургандар тура калышып, өздөрү күрөшүп жаткандай бакырык-ышкырыгы менен эки балбандын аттарын атап, аларга дем-күч берип жатышты. 2005-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев финалда 2004-жылдагы Афины Олимпиадасынын чемпиону Түштүк Кореянын балбаны менен айыгышкан таймаш өткөрдү. Чечүүчү таймаш оңойго турбаса да, экөөнүн беттешүүсүндө жеңиш таразасы Канат тарапка бир аз оой түштү. Себеби, Канат Бегалиев ар кандай айла-амалдарды таап, атаандашын утуп, Азия чемпионатындагы №1-спортсмен аталды. Бегалиев өзүнүн таймашы менен кыргыздын эр-азаматтары да Олимпиада оюндарында чемпион болууга кудурети жетээрлигин далилдеди. Ал эми эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Данияр Көбөнов алтын медалга болгон таймашты Казакстандын өкүлү менен өткө­рүп, ишенимдүү түрдө анын далысын жер жыттатты. Кошой балбандын жолун улаган Канат менен Данияр Кыргызстандын желегин желбиретип, гимнин ойнотуп жатканда Спорт Ордосуна жык толгон алардын мекендештеринин бүткөн бою чымырап, көздө­рүн­дө кубанычтын жашы уялап тургансыды.
Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибрагимов Азия чемпионатында өз салмактарында 3-орунду камсыз кылышып, коло медалды моюндарына тагынышты. Биз болсок, балбандарыбыздын келечеги кең болуп, кыргыз элин аалам­га даңазалап, алардын атак-даңкын чыгарып, кызыл туусун көтөрүп жүрө беришине тилектешпиз.

Даярдаган Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан