ЖАҢЫ ТЕРАПИЯ РАК КЛЕТКАЛАРЫН 4 СААТТЫН ИЧИНДЕ ӨЛТҮРӨТ

Макс Планк атындагы Полимер изилдөө институтунун окумуштуулары адамдын таза клеткаларына да, залалдуу клеткаларга да атайын калып (насадка) аркылуу кире турган молекулярдык "lego кирпич" ойлоп табышты. Ал зыяндуу клеткалардын өзүн-өзү жок кылуу процессин жүргүзүү үчүн алардын түзүлүшүн бузууга багытталган. Шишиктин айланасында жана клеткалардын өзүндө рактын зат алмашуу процессинин жогорулашынан улам көптөгөн жогорку реактивдүү кычкылдануу молекулалары бар. Дал ушул өзгөчөлүктөр аркылуу илимпоздор рак клеткаларына кол салышууда. Алгачкы жыйынтыктарда орто эсеп менен 4 саатта рак клеткаларынын ар кандай өсүндүлөрү жок кылынды.

Окумуштуулар келечекте бул терапия клеткаларды иргебей өлтүрө берген химиотерапиянын натыйжалуу альтернативасы болуп калышы мүмкүн дешет.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан