ВЕНЕРАНЫН АТМОСФЕРАСЫНДА ТИРҮҮ ОРГАНИЗМ БАРБЫ?

Илимпоздор Жерден тышкаркы жашоону изилдөөлөрдө Венеранын атмосферасынан кээ бир тирүү организмдер чыгарган газ – фосфин затын табышты. Бул тууралуу британиялык Кардифф университетинин профессору Жейн Гривздин жетекчилиги астында өткөрүлгөн маалымат жыйында айтылды. Окумуштуулардын айтымында, бул коңшу планетада жашоо бар экендигинин айкын далили болбосо дагы, гипотеза чын болушу мүмкүн.

"Венера биздин планетага караганда Күнгө дээрлик бир жарым эсе жакын, анын бетинде кандайдыр бир жандык жашашы үчүн өтө ысык. Бирок бир кездерде ал планетада климат кыйла жумшак болуп, анын бетин океандар каптап, кийин катуу ысыктан океандар бууланып кетиши мүмкүн. Ошондон улам Венерада микроорганизмдер пайда болуп, алар азыркыга чейин жашап жаткан болушу мүмкүн",- деп божомолдошот окумуштуулар.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан