Кенже Дүйшеева: «МЕН ЭМИ ПРОДЮСЕР БОЛОМ»

Келин болуп казактардын астанасын аттаган Кенже Дүйшееванын жеке турмушунда да, чыгармачылыгында да олуттуу жаңылыктар көп. Жеке турмушунда дегеним, бөтөн элдин, бөтөн жердин салтына, ички турмушуна көнүп, көп кызыкты көрүп жатпайбы. Ал эми чыгармачылыкта “Кыз-Бурак” тобунан бөлүнүп, жеке ырчылыкка бет алып, жаш таланттарга продюсер болуу менен иш баштады.

ЖАШООСУНА КИРГЕН ӨЗГӨРҮҮЛӨР

  • Жаңы келин болуп барганында 1 айга чейин мекенин сагынып буулугуп, ыйлагысы келген. Көздөрүнүн жашылданып калганын байкаган жолдошу шаар айлантып алаксытчу.
  • Кайындарынын “жоолук салынбай эле кой” дегенине карабай, отко киргизген жерге ак жоолук салынып, көйнөк кийип барат.
  • Көпчүлүк кайненесине “уулуңузга караганда, келиниңиз сизге окшош экен” дешет. Эки жаштын Алматыда эки үйү бар. Бири кабаттуу үйлөрдөгү квартира, экинчиси жер там. Кышкысын жылуураак деп азыр квартирада жашап жатышат.
  • Прокурор жолдошу ашпозчулук кесипке да ээ. Кээде Кенже айым жеп көрбөгөн салаттын түрлөрүн жасап берет.
  • Ырчы жолдошунун жанында оор басырыктуу, токтоо, акырын сүйлөп, акырын күлгөн айым.
  • “Кыз-Бурак” тобунун үй-бүлө күткөн курамы чогулуп, шерине жей башташты. Эми Алматыга барышат.
  • Казакча ырдайын деп жаттаганы менен тили бурулуп, дароо кыргызча которуп алат. Анда кайнатасы “келиним патриот, тилин бербейт” деп тамашалап калат.
  • Үйүндө көбүнчө кыргызча сүйлөйт.
  • Ырчы “балдарымдын бою Талгатты, ою мени тартса” деп кыялданат.

– Көпчүлүк кыздар турмушка чыккандан кийин сахнаны таштап, үй кожойкеси болушат. Сиз беш ай болгондо эле жеке ырчы катары кадам таштадыңыз. Үй-бүлө рулун дароо эле колго алгансыз го…
– Үй-бүлөнүн рулу менде эмес. Мен башкарам деп талашмак түгүл, ойлобойм дагы. Жездеңерге кеңешпей туруп, кымындай бир ишке башымды тыкпайм. Ал киши менин чыгармачылыгымды өтө сыйлайт. Бир жыл мурун “Кыз-Бурак” тобу концерт бергенбиз, анда үйлөнө элек болчубуз. Ошондо менин ырдаганымды көрүп, “сен ырчылыкты таштабашың керек” деген, ошол сөзүнө турду. Анын үстүнө ушул эле жайында кайын журтум менен Ысык-Көлгө эс алганы бардык. Менин машинамды Талгат айдап алган. Улам МАИ кызматкерлери токтотуп, Талгатты суракка алышат десең. Анан отура бермек белем, машинадан түшүп жандарына барам. Мени көргөн байкелер “ой, кандайсың? Сенин машинаң беле, келдиңби? Бул күйөө балабы?” деп учурашып жатышты. Карабайсыңбы, багыма мени тааныган, чыгармачылыгымды сыйлаган байкелердин туш келгенин. “Ырчы болсоң өзүңө” деген керсейген немелер туш келсе, Талгатка кошуп мени калчылдатышмак да. Ошондон кийин жолдошум “Көңүлүң калгыча иштеп, ырдай бер” деп мага уруксат берди.
– Көлгө барганыңызда кайната­ңыз­дын алдында купальникчен жүр­дү­ңүзбү?
– Жок, жүрө алган жокмун. Салтты жакшы эле кармайм го. Алар көлгө түшүп келишет, анан биз барабыз же башка жакка барып чумкуп келем. Бирок аябай жакшы эс алдым. Мурун топ менен барганда моюнумда чоң жоопкерчилик болчу. Кечки концертке даярданабыз же кыздардын бирөө ооруп калса, “бат айыкса экен” деп күйпөлөктөйм. “Машинага эч ким тийген жокпу?” деп көчөгө чуркайм, кыскасы бир Кенже бир нечеге чачырачу. Бул жолу болсо санаам тынч, ойлонгон маселем жок, жолдошум жанымда дегендей. Ушул жашка келгени биринчи жолу жыргап, телегейим тегиз эс алдым.
– “Кыз-Бурак” тобу менен эмес, жеке ырчы катары иш башта­дыңыз. Гүлшайыр эже таа­ры­нып калбайт бекен?
– 16 жыл бою “Кыз-Бурак” менен жүрдүм. “Кыз-Бурак” – менин балапан кезимен бери такшалган, ушул күнгө чейинки тагдырым. Топтон ажырап калуу мен үчүн чоң коркунуч эле. Бирок турмушка чыккандан кийин керемет дүйнөнүн жылуу уясы ачылгансыды. Гүлшайыр эже “биринчи орунда үй-бүлөң турсун” дейт. Ошондуктан эже менен бетме-бет отуруп “эми жеке ырчы катары чыгам” деп сүйлөшкөн жокмун. Гүлшайыр эже менин устатым, ал кишини терең урматтайм. Мага таарынбайт деп ойлойм. Анткени топтун тарыхында узак мөөнөттө иштеген мен болдум. Топтогу кыздарга 25 жашка чейин турмушка чыгууга уруксат берилет. Мен 40 жашка чукулдап калгыча эмгектендим. Эгер “Кыз-Буракка” жардамым керек болсо, эч качан жок дебейм.
– Алматыдагы жашооңуз кандай? Көнүп кал­дыңызбы?
– Бир ай ичинде эле көнүп кеттим. Кудай жалгап, жакшы кайненеге туш болдум. Кээде уктагым келип кыйшая калсам, акырын эшиктерди жаап чыгып кетет. Күнү-түнү иш деп жүргөн мага мындай мамиле күтүүсүз болду. Тамак даярдаган сайын “Кенже, мен ары-бери карагыча эле даярдап саласың, кыймылың тез” деп мактай берет.
– Жездебиз өзү Алматыда калып, сизди бир жумага дейре Бишкекке коё берет. Ишеничине аябай кирип алыптырсыз да же сүйүүгө мас болуп турабы?
– Бул суроонун түйүнү эмнеде экенин бүгүнкү күнгө чейин так билбейм. Ал “сен эч качан калп сүйлөбөйт экенсиң” деп айткан эле. Мүнөзүмдөн, сүйлөгөн сөзүмдөн улам ишеним артты го деп ойлойм. Бишкекке чыгармачылыгым боюнча келем да. Келген сайын телефон чалып “каяктасың?” десе “Гүлнараныкындамын” деп Гүлнара менен сүйлөштүрүп коём. Бул жакка жөнөөрүмдө чек арага алып келип таштап коёт да, баратканымда чек арадан тосуп алат. Талгат “мен сени өмүр бою издеп келгем” деп айта берет. Бир жолу “мобул сүрөттү карасаң” деп жатпайбы. Карасам, сүрөттө менин 18 жаштагы курагым, чочуп кеттим. Көрсө, кайненем жаш кезинде куду мага окшош болуптур. Кыязы, апасына окшогон кызды издеген окшойт.
– Чыгармачылыктын жаңы тепкичине кандай жаңылык менен баш бактыңыз?
– “Кечинде келемин сага”, “Бактымды таптым” деген ырларды жаздырып бүттүм. Бирок азырынча радиолорго бербей, эл дароо клиби менен кабыл алсын деп жатам. Жаңы ырларымдын көбүнүн сөзү өзүмө таандык. Мурун деле анча-мынча чиймелей койчумун, бирок катуу киришүүгө убакыт жок болчу. Андан сырткары “эже, мага продюсер болуп бербейсизби?” дегендер көп. Эми ошол жаштарды колдоого алып, продюсер катары иш алып барам, буюрса.
– Эне болуу жакынкы пландарыңыздын бириби?
– Балалуу болуу – жашоодогу башкы максатым. Качан балалуу болорум сыр боюнча калып турсун. Мен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгом. Андан кийин топто тарбияландым. Кыскасы, үйдө чуру-чуу түшүп жүргөндү жакшы көрөм. Ошондуктан көп балалуу болгум келет.
– Эмнегедир, кайсы партияга ырдап жатканы­ңыз­ды айтпай жатасыз да...
– Менде азыр саясий кызыкчылыктан коммерциялык кызыкчылык жогору. Учурда партиялардын бирине ырдап жатам. Бирок атын атабай эле коёюн. Азырынча саясаттын эшигин каккылагым келбегени менен, канча бир убакыттан кийин саясатчы катары таанылгым келет.
– Кайсы элдин саясатына аралашайын деген оюңуз бар?
– Албетте, Кыргызстандын.

Сүйүн Кулматова
star
@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Lunatena
2010-09-25 11:40:42
Кенже эже бактылуу болун!
+1
Aiko
2010-09-25 12:07:04
О-о-о, Кенже эже жакшы ырдайт, уну мага аябай жагат. Ушул эжедей ырчыларыбыз кобойсо жакшы болот эле.
0
kaku
2010-09-25 14:14:52
Кенже эженин чыгармалары жагат. Турмуш кургандан кийин жашарып кеткендей го сулуу болуп! Бактылуу болунуз!
0
milli
2010-09-25 18:01:03
Kenje ejenin unu originalduu, chygarmachylyk iygilik, uy-bulooluk bakyt kaalaym. Bar bolunuz!!!
0
oxy
2010-09-26 16:27:21
Баарынан да бактылуу болун!!!Чыгармачылыгынызга ийгилик,КЫРГЫЗСТАНДЫ эч качан унутпаныз!
0
takim
2010-09-27 00:30:04
Кенже эже баары бир номер бир!!!!
0
nurmira
2010-09-27 07:57:29
iygilik sizge, baktyluu bolunuz!!!
0
Debi
2010-09-27 12:01:21
Кут болсун!
0
aminali
2010-09-27 16:22:43
Kyiosynyn janinda kuur4ak ele bolup kalat eken, kim aitat bul ejeni 40jawta turmuw kurdu dep,azamatsiz eje uwul kalibinizdan jazbaniz.
0
cosmopolit
2010-09-28 22:22:30
удачи во всем!!!
0
musaapyr
2010-11-30 02:47:20
Бакыт каалайбыз!!!
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан