“ЖАШОО СҮРТҮМДӨРҮ” СЕРИАЛЫНДАГЫ МУГАЛИМДЕР

"Тармалым менин", "муруту жок мышыктай болуп", “микроб”... Мындай күлкүлүү котормону ушул сериалдан угасыз. “Жашоо сүртүмдөрү“ 10 жыл мурун тартылса да, азыркыга чейин кыргыз эли сүйүп көргөн сериал. Анын бир себеби – түрк тилинен кыргыз тилине мыкты которулганы болсо, экинчи себеби – сериалдын режиссёру жашоону жеңил, күлкүлүү кылып көрсөтүп бере алганында болсо керек. Бул жолу сериалда башкы ролдорду ойногон мугалимдер тууралуу сөз кылалы.



КЫЗУУ КАНДУУ МЕТИН АГАЙ ЖАШООСУНДА ДЕЛЕ ОШОНДОЙ

“Жашоо сүртүмдөрү” сериалында айымдар менен мамиле кура албай, улам бирин Кенан агайга тарттырып жиберип эле басып жүргөн Метин агай бар эмеспи. Бул ролду ойногон Ахмед Курал 1982-жылы 10-ноябрда Түркиянын Күтахя шаарында төрөлгөн. Атасы полициянын башчысы болсо, апасы үй кожойкеси эле. Анын чыгармачылыкка келишинин себеби – эжеси болгон. Консерваторияда окуган эжесине таасирленип, ал дагы актёр болууну чечип Селчук университетине тапшырган. Башында театрда иштеп жүрүп 2007-жылы сериалдагы эпизоддук ролго тартылган. Ахмед Курал комедиялык жанрда ойногон ролдору менен Түркияда атагы чыккан.

Кийинки жылдары ал актёрлук атагы эмес, жеке жашоосундагы чырлары менен элге таанымал болуп келет. Табиятынан кызуу кандуу актёр Наз Чекем аттуу кыз менен мамиле куруп, бир чырда ачуусу келип анын манжасын сындырып салган. Наз Чекем маектеринде: “Ахмед мыкты адам, бирок ичимдик ичкенде өзүн башкара албай калат”,- деп комментарий берген. Андан кийин Сыла аттуу ырчы кыз менен 2017-жылдан тарта мамиле куруп баштаган. Бирок Сыла да 1 жылдан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Арызында Ахмед 45 мүнөт аны тынбай сабаганын айткан. Иши сотко өткөн Ахмед бир топ акча берип кутулуп чыккан. Андан да кызыгы – бул сот процесси болуп жаткан учурда жактоочусу Гизем Челик аттуу айым менен болгон мамилелери сүйүүгө жеткен. Жактоочусу Ахмедди куткарып гана тим болбостон, анын колуктусу болууга сөз берген. Мына ушундай чырлуу иштерден башы чыкпаган 37 жаштагы актёрдун учурда башы бош.

ЭЛЬФ ЭЖЕЙ ДАГЫ ДЕЛЕ БОЙДОК

Сериалда Метин агай менен Кенан агайдын жүрөгүнө чок салган Эльф эжей сизге да жакса керек? Эльф эжейдин ролун аткарган Рожда Демирер 1980-жылдын 12-августунда Анкара шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы рак оорусу менен ооругандыктан, эрте жашында атасынан ажыраган. Ошондуктан балалыгы апасы жана эжеси менен өткөн. Рожда кичинесинен эле таланттуу кыз болгон. 8 жашында телеканалда балдар үчүн берүүлөрдүн алып баруучусу эле. Кооз үндүү актриса мультфильмдерге үн коштоп, кичинекей кезинде алгачкы маянасын тапкан. Театр актрисасы жарнамаларга тартылып жүргөндө “Периштелер коргосун” сериалына тартылуу сунушу түшкөн. Аталган сериалда башкы каармандын ролун жаратып “Эң мыкты аялдын ролу” наамын жеңип алган.

Учурда Рожда Демирер бизнес тармагына ооп, актриса эжеси Рукен менен шоколад дүкөнүн иштетүүдө. Жеке жашоосун коомчулукка чыгарганды жактырбайт. 40 жашка чыккан актрисанын жарандык никеде жашап жүргөнү гана белгилүү.

КЕНАН АГАЙ ЖАШООСУНДА ҮЛГҮЛҮҮ ЭМЕС

Окуучуларын эч качан ара жолдо калтырбаган “супермен” Кенан агайдын ролун атактуу ырчы Ниязи Эмре Алтуг аткарган. Эсиңизде болсо, 2004-жылдары Бишкектин ар бир кафесинде “Bu kadar mI?” деген ырды угууга болор эле. Мына ошол ырды ырдаган Эмре кыргыз журтчулугуна ырчы катары да тааныш. Актёр 1970-жылы 14-апрелде Стамбул шаарында туулган. Атасы тиш доктур, апасы үй кожойкеси. Кичинекейинен эле чыгармачыл адам болору билинген Эмре актёрлук жана ырчылык кесипти аркалоо үчүн Стамбул университетине тапшырган. Чыгармачылыгынын башында театрда иштеп, атактуу түрк ырчыларынын ырларынын экинчи үнүн коштоп ырдап жүргөн. 1999-жылы өзүнүн альбому чыгып, ырчылык карьерасы башталат. 2004-жылдарга чейин ырчылык менен алектенип таанымал болгон. Элге таанылгандан кийин жарнамаларга тартылып, кийин тасмаларга, сериалдарга тартылууга сунуш түшө баштайт. Эмре ырчылык менен актёрлукту эки канат катары сыпаттап, бири жок болсо, жалгыз канат менен бийик уча албасын өз маектеринде айтып келет. Ошондой эле Эмре ырчылык боюнча дүйнөлүк аренага чыгып, анлис тилиндеги альбомун жаздырган. 2008-жылы модель Чагле Чикель менен баш кошкон. Бул никеден алардын Узай, Кузей деген эки эркек баласы бар. Тилекке каршы, 2015-жылы түгөйлөр ажырашуу чечимин кабыл алышкан.

“Мен эч качан үлгүлүү адам болгон эмесмин, болбойм дагы. Жубайым мени үлгүлүү көргүсү келди. 3 жыл жарандык никеде, 7 жыл расмий никеде жашадык. 10 жылда биздин дүйнөгө болгон көз карашыбыз өзгөрдү. Экөөбүздүн тең жашоодон каалаган нерселерибиз ар башка боло баштады. Ошондуктан биз ажыраштык. Мен чарчадым. Мындан ары үйлөнөм деп ойлобойм, анткени өзүмдү аябай чарчаңкы сезип жүрөм. Үй-бүлөлүк жашоо мени чарчатып койду” деген ал ажырашып кеткени боюнча журналисттер сураганда. Учурда Эмре сүйгөн кесиптери менен алек.

“ЖАШОО СҮРТҮМДӨРҮ” ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

• Биринчи сезондо Айшегүлдүн ролун аткарган актриса Хубан Өзтопрак 2014-жылы жол кырсыгынан каза тапкан.

• “Жашоо сүртүмдөрү” сериалынын экинчи бөлүмү элдин суранычы менен тартылган.

• Сериалда Йеткиндин үнүн ырчы Алмаз Шаадаев коштогон.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jemile
2020-09-21 09:58:02
Бул сериалдын 2-сезонун кайсы сериясынан баштап көрсө болот? Сынак денениби ошондо?
Сынактын жыйынтыгын кармап жанагы 5 өө бүтөтко, ошондон кийинкилерин кайдан көрсө болот?
+1
admin_media
2020-09-21 11:54:00
jemile,тилекке каршы кино аягына чыкпай калган, сиз айтып жатканга чейин эле
0
Begish54
2020-09-21 15:36:54
Хубан 2-сезонунда эмнеге тартылган эмес, берки кызга караганда соонун ролду аткарчы эле, Сейфини эркелеткени деп ойлой берчү элем, көрсө байкуш кыз каза болуп калган турбайбы. эххх, Аллахым мээримине алсын, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
+1
Afrodita1993
2020-09-23 12:10:26
Дагы башкаларчы? Айнур, Рыфат, Жанер, Зейнеп күтсөк болобу?
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан