АКШ “РОБОТ ИТТЕРДИ” СЫНООГО АЛУУДА

“Ghost Robotics” компаниясы тарабынан “Vision 60” роботтору иштелип чыкты. Белгилүү кыймылдагы роботтор төрт буттууларды элестетет. Жалпылап алганда, аларды үй шартында багылуучу жаныбар катары элестетүү кыйын. Алар чалгынчы жана байкоочу катары өздөрүн жакшы көрсөтө алышат.

Мындай “робот иттер” атаандаштарынын жабдууларына салыштырмалуу татаал. Ошондой эле алар талаа шартында туруктуу. Алар бышык, узакка жашашат жана акча каражатын аз талап кылат. "Робот иттер" аймакты кайтарууга, коркунуч жаралса базага кабар берүүгө жөндөмдүү.

Белгилей кетсек, “Vision 60” роботтору “Boston Dynamics” сыяктуу белгилүү төрт буттуу машиналардан кичине болгону менен, өзүнүн модулдук түзүлүштөрүнө ээ.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан