Башка смарт-бет каптардан айырмаланып “Weetbe” бет кабы уникалдуу түзүлүштөргө ээ. Ал тунук, үч чыпкалуу жана фильтрдин алдыңкы бетине илинген уникалдуу желдеткичи бар, таза абаны 8 саатка чейин кармап турат.
Тунук корпуска ээ функционалдык бет кап гипоаллергендүү дизайнга ээ. Алдыңкы жана капталындагы чыпкалар 98 пайыз таза абада дем алууга жардам берет. Вирустан 100 пайыз коргойт. Аталган бет капты жамгырда да тагынса болот.
Аккумулятордун жардамы менен вентилятор 8 саат толук кубатталуу жүрөт жана үн чыгарбай иштейт.
Жибек Мурсакматова