ТОЮМДУУ ТАМАКТАР

Аба ырайы салкындаган сайын адамдын организми калориялуу, тоюмдуу, витаминдүү ысык тамак-аштарды талап кыла баштайт. Эгер ашказандын каалоосун орундатам десеңиз, анда бул рецепттер сиз үчүн.

ЧАХОХБИЛИ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти 800 грамм

Пияз 3 баш

Помидор – 3 даана

Кинза 1 тутам

Укроп 1 тутам

Сарымсак 3 тишче

Өсүмдүк майы 5 аш кашык

Каймак май 2 аш кашык

Тоголок кара мурч 5-7 даана

Хмели-сунели 1 чай кашык

Калемпир, мурч, туз татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Казанга өсүмдүк майын куюп, тоок этин өтө чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, эки тарабын кызартып кууруйбуз. Эттин үстүнө майда тууралган помидорду, тоголок кара мурчту салып аралаштырып, казандын капкагын жаап 10 мүнөт жай отто демдеп коёбуз. Татымына жараша туз салабыз.

2. Пиязды аарчып, жарым тегерек формада жука туурайбыз. Андан соң көмөч казанга каймак майды салып, пиязды жумшарганча кууруп алабыз.

3. Эми казанга куурулган пияз, туз, мурч, хмели-сунели, калемпирди салып аралаштырып, капкагын жаап, дагы 5 мүнөт демдейбиз.

4. Аягында майда тууралган кинзаны, укропту жана сарымсакты салып аралаштырып, 5 мүнөттөй демдеп коёбуз. Тамагыбыз даяр! Чахохбилиге гарнир катары сууга бышкан күрүч жана картошка пюресин берүүгө болот.

НОКОТ ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:

Эт – 500-600 грамм

Нокот 2 стакан

Пияз 3 баш

Болгар калемпири – 2 даана

Сарымсак 2-3 тишче

Томат пастасы 1 аш кашык

Өсүмдүк майы 80 грамм

Картошка – 5 даана

Сабиз 2 даана

Укроп же кинза 1 тутам

Туз, мурч татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Нокотту 7-8 саат жылуу сууга чылап коёбуз.

2. Пияз, сабиз, картошка, болгар калемпирин жана сарымсакты тазалап, жууп алабыз. Андан соң пиязды жарым тегерек, ал эми сабизди 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек туурайбыз.

3. Казанга куюлган май ысыган кезде чакан кесимдерге бөлүнгөн этти салып 15 мүнөттөй кууруйбуз. Мындан соң пиязды салып, татымына жараша туз, мурч, томат пастасын кошуп дагы 5 мүнөт кууруп, 3 литрдей суу куябыз.

4. Эми казанга нокотту салып, жай отто нокот бышканча кайнатабыз. Бышкан соң казанга сарымсакты, чоң-чоң тууралган картошка, помидор жана болгар калемпирин салып бышырабыз. Шорпобуз даяр! Аны чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган укроп же кинзадан себелеп, дасторконго берсеңиз болот.

СТИР-ФРАЙ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 300 грамм

Баклажан – 1 даана

Пияз – 1 баш

Көк пияз 1 тутам

Күрүч кесмеси 200 грамм

Соя соусу 4-5 аш кашык

Туз, кара мурч татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды аарчып тазалап, узун, ичке туурап алабыз.

2. Күрүч кесмесин сууга бышырып алабыз.

3. Тоок этин ичке-ичке туурайбыз.

4. Күчтүү отко алгач этти 3-4 мүнөт кууруп, пиязды, андан соң баклажанды салып, 2-3 мүнөт кууруйбуз. Соя соусун куюп аралаштырабыз да, бышкан кесмени салабыз.

5. Жакшылап аралаштырып, үстүнө көк пияздан майда туурап себелеп, дасторконго беребиз.

ЭТТҮҮ ЧЕЧЕВИЦА ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Эт 500-600 грамм

Чечевица 150 грамм

Картошка – 2-3 даана

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2-3 тишче

Томат – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 50 грамм

Кинза – 7-8 тал

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти жука, майда кесимдерге бөлөбүз.

2. Жашылчалардын баарын аарчып тазалайбыз да, сабиз менен картошканы чарчы формасында туурайбыз. Ал эми пияз менен сарымсак майда тууралат.

3. Казанга өсүмдүк майын куюп, алгач этти, андан соң пиязды салып кууруйбуз. Эми томат пастасын салып, татымына жараша туз, мурч салып дагы 5 мүнөттөй кууруйбуз да, 2-2,5 литрдей суу куябыз.

4. Шорпо кайнап чыккан соң сабиз, картошка жана жуулган чечевицаны салып бышканча кайнатабыз.

5. Шорпо бышкан соң отту өчүрүп, майда тууралган кинза менен сарымсакты салып, 5 мүнөт казандын капкагын жаап коёбуз. Шорпо ичүүгө даяр!

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
alym21
2020-09-22 05:42:34
2 стакан нокот аябай кобойуп кетет,500гр эт ичинде корунбой,таппай каласын
0
Lekarstvosvoegomuja
2020-09-26 17:33:49
Хмели-сунели ал эмнеси?
0
Nagul
2020-09-27 05:51:03
Lekarstvosvoegomuja,Переправа
0
Nagul
2020-09-27 05:51:41
Lekarstvosvoegomuja,Переправа
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан